Израиль Мьянма өкмөтүнө курал-жарак сатууну дагы деле улантууда
Израилдин “Haaretz” басылмасы Тель-Авив Мьянма өкмөтүнүн рохинжа-мусулмандарына каршы геноцид жүргүзүп жаткандыгына жана эл аралык коомчулуктун бул өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун сынга алганына карабай дагы деле бул өлкөгө курал-жарак сатып, жылуу мамилелерди сактоону улантып жатканын маалымдады.