Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 09.02.2019

Кыргызстан 2018-жылы ИДПнын өсүшү боюнча коңшуларынан артта калды

Azattyk.org 

2018-жылкы ички дүң өнүмүнүн өсүшү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан эң акыркы орунда турат. Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү жарыялаган расмий маалыматтарына ылайык Тажикстандын ИДПсы өткөн жылы 7,3 пайызга өсүп, аны сап башына чыгарган. Түркмөнстанда 6,2 пайыз өсүш байкалса, бул көрсөткүч Өзбекстанда 5,1 пайызды түзгөн. Коңшу Казакстандын ички дүң продукциясы 2018-жылы 4,1 пайызга көтөрүлгөн, ал эми Кыргызстандагы өсүш болгону 3,5 пайызды түзгөн.  7-февралда Финансы министрлигинин бюджетти... Читать дальше...

Испанияда эки поезд кагылышты

Ca-irnews.com (kg) 

Испаниянын түндүк-чыгышындагы Каталония аймагында жүргүнчүлөрдү салган эки  поезд кагылышып, кеминде бир киши каза болуп, ондогону жаракат алды.

Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президентин шайлоо өтүп жатат. Федерациянын президенти кезексиз конференцияда шайланат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Оштогу футбол академиясынын өкүлү Азамат Алымкулов кабарлады.  Учурда президенттикке талапкер катары беш киши каралууда. Алардын арасында кыргызстандык рефери Бахадыр Кочкаров, футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, ишкер Аскар Салымбеков бар. Андан тышкары өз талапкерлигин Дастан Конокбаев, Алмаз Чокморов жана Канатбек Маматов койгон. Читать дальше...

Жоокерди урган капитан камакка алынды

Azattyk.org 

Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас облусундагы аскер бөлүгүндө ур-токмоктон улам сол көзүнөн ажыраган жоокер боюнча бир аскер кызматкери 8-февралда камакка алынды.

Жазуучулар союзунун төрагасы алмашты

Azattyk.org 

Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна жаңы төрага болуп, акын Нурлан Калыбеков шайланды. Союзду буга чейин жетектеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берди. Жыйында төрагалык орунга төрт талапкер көрсөтүлүп, алардын экөө талапкерликтен баш тартты. Экинчи талапкер, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Тынчтыкбек Нурманбетов жетиштүү добуш топтой алган жок.

Канадада мечиттеги алты кишини өлтүргөн киши 40 жылга кесилди

Azattyk.org 

2017-жылы Канаданын Квебек шаарында мечиттеги алты кишини өлтүргөн канадалык жаран 40 жылга кесилди. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги кабарлады. Сот 29 жаштагы Александр Биссоннеттке өкүмүн окуп жатып, ал "мигрант мусулмандарды жек көрөрүн" айтканын эскерди: - Сиз алты кишинин өмүрүн алар болгону сизден айырмаланып тургандыгы үчүн кыйдыңыз. Сиздин жек көрүүңүз жана расисттик мамилеңиз алардын өмүрүнө, сиздин жана жакындарыңыздын тагдырына балта чапты. Сиз кылган кылмыш эң жогорку айыптоого татыктуу, - деди сот Франсис Хот. Читать дальше...

Украинадагы шайлоодо куудул Зеленский рейтингде биринчи орунга чыкты

Azattyk.org 

Украинадагы эки абройлуу социологиялык кызмат өткөн жумада изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялап, президенттикке ат салышууда куудул Владимир Зеленский Петро Порошенкону менен Юлия Тимошенкодон озуп чыкканын жырыялады.  Президенттик шайлоого катышарын Зеленский 2018-жылы 31-декабрда билдирген. Анда ал президенттин кайрылуусунун видео түрүндө даярдаган.  Орусияда Владимир Зеленский "95-квартал" деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү.  ... Читать дальше...

Прокуратура кызматкери менен милиция кызматкеринин иши УКМКга өткөрүлдү

Azattyk.org 

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер орун алганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды. 2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты шаардык ооруканага жаткырылган. Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык укуктарынан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Калинская

"Стараюсь играть не хуже него": Калинская о своих отношениях с Синнером






«Коллегу убили на моих глазах»: что известно о 20 погибших во время терактов в Дагестане

"Авиасейлс": на июль больше всего подешевели перелеты в Ставрополь и Архангельск

Синоптики сообщили о дождливой погоде в Москве 25 июня

В Сочи вторую неделю ищут туриста, таинственного пропавшего по дороге до санатория