Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 19.02.2019

Кыргызстанда эмдөө көрсөткүчү нормага жетти

Azattyk.org 

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөөнүн көрсөткүчү кыйла жакшырып, нормага келди. Бул тууралуу бүгүн 19-февралда “Азаттык” радиосуна Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди: - 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында 95 пайызга, Чүй облусунда 97, башка региондордо 95,4 же 95,6 деген көрсөткүчтөргө жеткирип алдык. Бул жакшы жетишкендик. Бир жаштан алты жашка чейинки балдарыбызды камтып алдык. Адистин белгилешинче, эмдөөнүн камтымы 95 пайыздан өйдө болушу керек. Читать дальше...

Америкалыктар Трамптын чечимине каршы нааразычылык акциясын уюштурушту

Ca-irnews.com (kg) 

Американын ар кайсыл шаарларынын жашоочулары президент Дональд Трамптын Мексиканын чек арасына дубал куруу үчүн өзгөчө абал жарыялаганын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу деп билишерин айтышып, ага каршы нааразычылык акциясына чыгышты.

Адвокат: Асылбек Жээнбековду ЖЭБ боюнча сотко чакыртам

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ЖЭБдин модернизациясына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында сотко сурак берүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду чакыруу тууралуу өтүнүчүн келтирерин "Азаттыкка" кабарлады. - Келишимди ратификациялаган, мыйзамды кабыл алган парламент. Ратификация туура эмес болгон дешсе, анда депутаттарды суракка алыш керек. Асылбек Жээнбековду суракка алуу керек. Мен кандай болбосун, аларды сотко чакырам. Депутаттарды жоопко... Читать дальше...

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына карата китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды

Azattyk.org 

Улуттук китепканада «…Бүт өмүрүн эл-жери үчүн арнаган…» деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсү 19-февралда ачылды. Анда Кыргызстандагы алгачкы саясий ишмерлердин бири Абдыкадыр Орозбековдун өмүрү жана ишмердиги тууралуу китептер, гезит-журналдарга жарыяланган макалалар, сүрөттөр коюлган.  Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Маргалаң уездинин (азыркы Кадамжай району) Охна кыштагында туулган. 1916-жылы Ферганадагы көтөрүлүшкө катышкан. 1918-жылы Кызыл Армиянын катарына кирип, Коммунисттик партияга мүчө болгон. Читать дальше...



Кыргызстандын Катардагы элчиси кызматынан бошоду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. Анда президент Сооронбай Жээнбеков Ниязалиевди башка ишке кетүүсүнө байланыштуу элчилик кызматынан бошоткону айтылат.  Нуран Ниязалиев 44 жашта. Ал Катар мамлекетинде элчи болуп 2015-жылдан бери эмгектенген. (KR)

Ош-Ташкент-Ош авиакаттамын ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Azattyk.org 

Ош-Ташкент-Ош багытында авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгү карала баштады. Бул маселе Ташкент шаарында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун Өзбекстандын Учуулардын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Толиб Улжаев менен жолугушуусунда талкууланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, аба каттамдары боюнча азыркы абал жана келечек тууралуу кеңири сөз болду. Өзбекстандык туристтердин Ысык-Көл жээгинде эс алуусун уюштуруу жигердүү жүрүп жатканы белгиленди. Читать дальше...

УКМК: Бишкекте ишкерден 10 миң доллар талап кылган чет өлкөлүк кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте “опузалап акча талап кылган” деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Мекеменин маалыматында окуя 15-февралда болгону, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 3 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан учурда колго түшүрүлгөнү айтылат. “Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып  опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган” деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы. Читать дальше...

Тынчсызданган тоо-кен казуучулар президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Эл аралык ишкерлер кеңеши, тоо-кен казуучу ишканалар жана Тоо-кен казуу өнөр жай ассоциациясы тынчсыздануу билдирип, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар Коопсуздук кеңешинин 30-январда кабыл алынган чечиминде инвесторлорго жагымдуу болгон факторлор бар экенин, бирок бардык салыктарды көтөрүү, лицензияларды кайра тыкыр текшерип чыгуу сунушу тынчсыздануу жаратарын айтышты. Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков маалымат жыйында сүйлөп жатып 26 беттен турган кеңири анализин жазып чыкканын айтты... Читать дальше...

Таңкы Азаттык (3-чыгарылыш)

Azattyk.org 

"Азаттык үналгысынын" бул берүүсү Бишкек убакыты боюнча саат 09:30дан 10:30га чейин обого чыгарылат.

Быйыл картөшкө жылдагыдан аз айдалат

Azattyk.org 

Жалпы өлкө боюнча 2019-жылы 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди. Анын айтымында, министр коңшу Өзбекстанда сүйлөшүү жүргүзүп келди. Быйыл азыктын бул түрүн коңшу өлкөгө экспорттоо активдешет деп күтүлүп жатат. Былтыр Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1500 тонна картөшкө өндүрүлгөн. 2018-жыл 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салган. Читать дальше...

Өкмөт коррупцияга каршы бирдиктүү орган түзүүнү пландап жатат

Azattyk.org 

Өкмөт коррупцияга каршы саясатты жүргүзүүчү бирдиктүү орган түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн “Мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдарга карата коррупцияга каршы чараларын ишке ашыруу боюнча иш-пландарын бекитүү” токтомунун долбоорунда айтылат. Документ коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча институттардын ишин бекемдөө, коррупциянын себептерине системалуу түрдө көңүл бөлүү жана аны менен күрөшүүдө мамлекеттик, жергиликтүү органдарды бириктирүү максатын көздөйт. Иш-чаралардын... Читать дальше...

Айтматовго арналган сүрөттөрдүн көргөзмөсү башталды

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү башталды. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен билдиришти. Иш-чара ушул эле музейдин имаратында болот. Анда Евразия калемгерлер гильдиясынын Британия, Казакстан, Орусия жана Кыргызстандагы мүчөлөрү, сүрөтчүлөр, айкелчилер жана башка өнөр адамдары чыгармаларын тартуулайт. Көргөзмөнүн расмий ачылышы бүгүн 19-февралда 14:00дө өтөт. Ал 5-мартка чейин уланат. Читать дальше...

Новости России
Москва

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве


Орусиялык экспортерлор 6 млрд. долларды жоготту

Azattyk.org 

Орусиянын экспортерлору Батыштын экономикалык санкцияларынан улам 6 миллиард 300 миллион долларды жоготту. Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин докладына таянып жазды. Бул сандар 2018-жылдын аягына келтирилген эсеп. Докладда белгиленгендей, Европа Биримдиги (ЕБ) Орусиянын 25 товарына чектөө койгон. Андан кийин Украина 22, Индия 16, ал эми АКШ орусиялык экспортерлордун тогуз товарына чектөө койгону кабарланды. Санкция чыгымынын 1,1 миллиарды АКШга... Читать дальше...

Жөлөкпул алуунун убарасы

Azattyk.org 

Бишкектин четиндеги Келечек конушунда чыккан өрттөн үч баласы иске ууланган үй-бүлө мамлекеттен жөлөкпул албайт. Балдардын атасы чүрпөлөрүнө толгон-токой тоскоолдуктар менен жөлөкпул чегерилгенин, бирок кийин ал кайра токтоп калганын айтып арызданды.

Кырктан ашуун мектеп жана бала бакча бир күнгө жабылды

Azattyk.org 

Суунун токтотулганына байланыштуу Бишкек шаарындагы 15 мектеп, 27 бала бакчада окуу процесси 19-февралда бир күнгө убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысы Гуля Алманбетова билдирди. Анын айтымында, шаардагы №3, 14, 17, 20, 26, 37, 39, 56, 60, 63, 71, 13, 55, 72, 80 мектептер жана  №10, 44, 71, 79, 82, 94, 107, 109, 111, 112, 120, 123, 127, 133, 135, 138, 140, 142, 157, 173 бала бакчалары бир күнгө жабылат. Мындан сырткары атайын адистештирилген № 85... Читать дальше...

Жалал-Абадда кармалган өзбекстандык беш аял эки айга камалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынан зер буюмдарын уурдоого шектүү катары кармалган өзбекстандык беш аял тергөө бүткүчө камакка алынды. Бул тууралуу аймактык милиция башкармалыгы билдирди. 30-56 жаштардагы аялдар 16-февралда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы «Маданият» чек ара бекетинен өтүп бараткан жеринен кармалган. Алар «Жалал-Абад шаарындагы борбордук дүкөндөн алтын уурдаган» деп шек саналып, издөөгө алынганы аныкталган. Өзбекстандык аялдардын жанынан дүкөндөн уурдалганы кеп болгон зер буюмдар табылган. Читать дальше...

400дөй киши сот жана укук коргоо органдары боюнча президентке даттанды

Azattyk.org 

2019-жылдын январь айында президент Сооронбай Жээнбековго сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 414 даттануу келип түштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Анда айтылгандай, 359 даттануу көзөмөлгө алынып, 134ү аткарылды. Дагы 225 жарандын кайрылуусу мөөнөтүнө жараша каралып жатат. Алардын мазмуну айтылган эмес. Жылдын биринчи айында президенттин аппаратына жалпы 1284 жарандан кайрылуу келип түшкөн. Былтыр 2018-жылы жазуу жүзүндө, коомдук кабылдамалар жана “ишеним телефондору”... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Калинская

Даку наказан на два матча Евро, Калинская проиграла в финале Берлина. Главное к вечеру






Финансист рассказал, когда могут перестать покупать доллары и евро

Совладельцы инвестгруппы "Русские фонды" отправлены под домашний арест

Собянин: Город одобрил гранты для столичных компаний более чем на 1 млрд рублей

Заместители директора Росгвардии проверили боевую готовность Новосибирского института