Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 22.02.2019

Венесуэла Бразилия менен чек арасын жапты 

Azattyk.org 

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөгө чет элден гуманитардык жардамдын киришине жол бербеш үчүн Бразилия менен чек арасын жапты. Буга чейин ушундай эле максатта Колумбия менен чек ара жабылган.  Жакында Мадуронун бийлигин таануудан АКШ жана башка бир нече мамлекет баш тарткан.  Негизинен Венесуэланын тургундары үчүн АКШдан жиберилген тонналаган азык-түлүк жана дары-дармектер учурда чек арага жакын жердеги Колумбиянын Кукута шаарындагы кампаларда сакталууда.   Мадуро өлкө эли "кайырчы... Читать дальше...

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш кылган

Azattyk.org 

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео көзөмөл орнотууну сунуш кылган. Бул тууралуу бүгүн "Республика - Ата-Журт" фракциясынын жыйынында айыл чарба министри Нурбек Мурашев билдирди.  Анын айтымында, казак делегациясы менен болгон февраль айындагы жолугушуу учурунда эки тарап жазгы сугат иштери тууралуу кеп курган. Анда казак тарап агызылып жаткан суунун көлөмүн түз эфирде көрүп туруу максатында Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарына видеокамера орнотууну сунуш кылган. Кыргыз тарап мындай сунушка макул болбой турганын айткан. Читать дальше...

Өкмөт башчы министрлерге эскертүү берди

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-февралда Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка кол коюп, жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевге, Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Болотбек Ибраимжановго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго эскертүү берди. Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты. Читать дальше...

Депутат Бишкек милициясы эки өспүрүмдү мыйзамсыз кармап турганын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында эки өспүрүм мыйзамсыз кармалып турганын 21-февралда билдирген. Ал бул боюнча ИИМ кызматкерлеринен түшүндүрмө талап кылган.  Анын маалыматына ылайык, 12-февралда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү 16 жана 17 жаштагы эки өспүрүмдү убактылуу кармоочу жайга камап, 48 сааттын ичинде аларды сотко алып келбей койгон.  Депутат Аида Исмаилова бул окуя боюнча тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун жоопкерчилиги... Читать дальше...

Тоо-кен тармагы тартипке муктаж

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин тоо-кен тармагы боюнча чечимдери анда иштеген ишкерлерди жана инвесторлорду тынчсыздандырууда.

Вашингтон: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат  

Azattyk.org 

Америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин Сирияда кайсы бир убакытка чейин 200 жоокерден турган "анча чоң эмес тынчтык орнотуучу топ" калат.  Бул тууралуу бейшембиде Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирип, муну "Сириядагы тынчтыкты коргоо аракети" катары түшүндүрдү.  АКШ президенти Дональд Трамптын бул чечими бейшембинин кечинде ал түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.  Мындай кадам АКШнын эл аралык коалициядагы европалык өнөктөштөрүнө... Читать дальше...

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлерин азайтуу сунушталды

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлигинде иштеген беш миң кызматкерди беш жүзгө чейин кыскартса болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан органикалык айыл чарбасынын абалын өнүктүрүү боюнча конференция учурунда Кыргызстандагы Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев билдирди. - 2017-жылы Айыл чарба министрлигине 1 млрд. 700 млн. сом бөлүнүптүр. Анда 5 миң киши иштейт. Биз коммунизмден капитализмге 1991-жылы өттүк элек, бирок министрликте коммунизм калып калгандай эле болуп көрүнөт. Ал жакта 5 миң киши эмне кылып жатканын билбейбиз. Читать дальше...

Министрдин орун басарынын пара иши боюнча тергөө уланууда

Azattyk.org 

Пара менен кармалганы кабарланган транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. 2018-жылдын 5-декабрында министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалганы кабарланган. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул окуя үчүн мурдагы министр Жамшитбек Калиловду катуу уяткарган. Көп өтпөй министр өз арызы менен кызматтан кеткен. Читать дальше...



Чудуев: Буга чейин картөшкөдөн курт чыкканы эскертилген эмес

Azattyk.org 

Картөшкө боюнча Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Казакстанга кат жөнөтөт. Казакстан бул маселени саясатка айлантып жатат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чудуев билдирди: - Буга чейин "картөшкөдөн курт чыкты" деген бир да эскертүү болгон эмес, нота берилген эмес. Азыр картөшкө чыга турган убакта ушундай чечим чыгарууда. Казакстан бул маселени саясатка айландырып жатат.  Бүгүн Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, министрликтин карантин департаменти, ошондой эле Экспортерлор... Читать дальше...

Кыргызстандын тышкы иштер министринин Кытайдагы расмий сапары уланууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдагы расмий сапарынын алкагында бул өлкөнүн Өнүгүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Линфэн менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуунун алкагында министрлер экономика жана инвестиция жаатындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө баарлашып, Кытайдын "Бир куур - бир жол" долбоорунун алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.  21-февралда Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын коммерция министри Чжун Шань менен жолуккан. Читать дальше...

Ирина Карамушкина: Атамбаевди колдогондор кысымга кабылууда

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында Алмазбек Атамбаевди колдогондор азчылыкты түзөт. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары Асел Кодуранова "Азаттыктын" кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. - Бүгүн Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясында экс-президент Атамбаевди колдогондор азчылыкты түзүп калды. Бизди колдогондор көп, бирок кайсыл бир жагдайлардан улам алар аны ачык билдире албай жатат.  Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Атамбаевди колдогондорго карата кысым көргөзүлүп... Читать дальше...

Иран Бангладеш элине көңүл айтты

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бангладештеги көп сандаган адамдардын курмандыгына алып келген өрткө байланыштуу бул өлкөнүн өкмөтүнө жана элине көӊүл айтты.

Атамбаев: КСДПны бир күнү өткөрүп берем (видео)

Azattyk.org 

Бүгүн, 22-февралда КСДПнын лидери, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев партияны бир күнү башка бирөөгө өткөрүп берерин айтты.  - Атамбаев дайыма эле партияны башкарбайт. Мамлекетти башкаргандай эле бир күнү партияны да өткөрүп берем. Бирок партияны ким башкарса да мен ишенем, партия өзүнүн духун, жүрөгүн сактап калат, - деди Алмазбек Атамбаев.  Атамбаев басма сөз жыйындын ачылышына гана катышып, жакынкы эки-үч ай ичинде партияда бир катар өзгөрүүлөр болорун айтты. Бишкекте Кыргызстан... Читать дальше...

Новости России
Москва

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве


Баткен: прокурордун өлүмү боюнча ишти президент жеке көзөмөлүнө алат

Azattyk.org 

Баткендеги прокурордун өлүмү боюнча ишти президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алмай болду. Мындай маалыматты Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү катары кармалып турган Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова 22-феварлда “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Мелис Калыковдун жакындары Сооронбай Жээнбековго 20-февраль күнү кайрылган. Бул күнү президент Кадамжай районунун жашоочулары менен жолугууга барган.  Кайрылууда бул иш боюнча акыйкат тергөө жүрбөй, шектүүнү кармоо... Читать дальше...

Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы кызматы (АКС) Бишкек шаарынын жана Жогорку соттун судьяларына кылмыш иши козголгонун кабарлады. Алардын чет элдик инвесторлордун жерин жана кыймылсыз мүлк объектилерин рейдерлик жол менен басып алууга тиешеси бар айрым кылмыштуу топтордун кызыкчылыктарына карата сот адилеттигине жатпаган чечим чыгарганы аныкталган. 2019-жылдын 8-февралында Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун иштеп жаткан үч сотуна карата жана Жогорку соттун... Читать дальше...

Жалал-Абадда көмүскө иштеген кумарканалар аныкталды

Azattyk.org 

Сузак районунун борборунда жана Жалал-Абад шаарында “Оюн клубу” деген атты жамынып алып, Интернет аркылуу кумар оюндары ойнотулган жай аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Ички иштер кызматкерлери кумар оюндарын уюштурган көмүскө жайларга тинтүү жүргүзүп, Сузактан тогуз компьютер, Жалал-Абад шаарынан 11 компьютер далил буюм катары алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси менен ("Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү... Читать дальше...

Өкмөт 25 ишкананын 2 млрд. сомдон ашык карызын кечүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү “1992-жылдан 2000-жылга чейин берилген мамлекеттик зайымдык каражаттар боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтында жарыяланды. Долбоордун маалыматтык негизинде жазылгандай, мыйзам кабыл алынса 25 ишкананын аталган жылдарда алган 2 млрд. 204 миллион сом карызы кечилет. Анын ичинен негизги сумма 1 млрд. 324 миллион сомду, пайыздар 676 миллион 647 миң сомду түзөт. Калган 203 миңден ашык сумма айыппул экени белгиленген. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова вышла в полуфинал турнира WTA в Бирмингеме






Гимнастка Виолетта Никифорова — об играх «Дети Азии», воспитанницах и ответственности

Челябинским пенсионерам предложили выплачивать по 10 тысяч на музеи и театры

Томский студент стал победителем отборочного этапа чемпионата "Абилимпикс"

Ефимов: В ВАО 95 тыс. горожан получат новые квартиры по программе реновации