Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 22.02.2019

Башкы прокуратура Бакиевди эстеди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура 2010-жылдан соң бийликтен кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына иликтөө уланып жатканын эске салды.

Комиссия паспорт боюнча тендерге даттанган компаниянын өтүнүчүн четке какты

Azattyk.org 

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин алдындагы Даттанууларды жана нааразылыктарды кароочу комиссия паспорт боюнча тендерге даттанган германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компанияларынын арызын негизсиз деп тапты. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий порталында жарыяланды. Аталган эки компания даттанууларында кыргыз жарандарынын электрондук паспортуна бланктарды камсыздоо боюнча тендер жыйынтыгын мыйзамсыз деп табууну талап кылышкан. Тендерден жеңилген фирмалар сынак эреже бузуу менен коштолуп... Читать дальше...

Кызматтан кеткен Сагинтаев Нурсултан Назарбаевге алкыш айтты

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы менен кызматынан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаев видео кайрылуу таратты. Анда ал казак лидерине алкыш айтты. “Эгемендүү Казакстан мамлекетинин негизин түптөп, бүгүнкү бийиктиктерге жеткирген Эл башы калкынын өсүп-өркүндөшүн ар дайым эң башкы максаты катары карманып, ар бир чечимин мамлекет менен калктын мүдөөсүн ишке ашырыш үчүн кабыл алып келет. Мамлекет башкаруу оңой жумуш эмес. Жаш мамлекетти түрдүү кыйынчылыктардан аман алып өтүп... Читать дальше...

Сот эки колунан ажыраган жоокердин иши боюнча айыпталган эки кызматкерди актады

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук соту кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевдин иши боюнча айыпталган аскерлердин жазасын кыскартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. 21-февралда чыккан соттун чечимине ылайык, №30295 аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары толук акталды, курулуш маселеси боюнча сержанттын жазасы бир жыл шарттуу деп белгиленди. Былтыр 30-ноябрда... Читать дальше...

Каталонияда көз карандысыздык үчүн акцияларда ондогон киши жараат алды

Azattyk.org 

Каталонияда нааразылыкка чыккандар менен полициянын 21-февралдагы кагылышуусунан улам 40тай киши жараат алды, ондон ашык полиция кызматкери жабыр тартты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Нааразылык акциялары былтыр күздө аймакты Испаниядан көз карандысыздыгын жарыялаган каталондук мурдагы лидерлердин Мадридде өтүп жаткан сотуна байланыштуу. Барселонада бир катар жерлерде адамдар чогулуп, Каталониянын эгемендигин колдогон чакырыктарды таштаганы кабарланууда. Шаардын борбордук аянттарынын... Читать дальше...

Кыргызстанда эт көп өндүрүлө баштады

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстанда 403,3 миң тонна малдын жана тооктун эти өндүрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Азыктын бул түрү боюнча эң көп өндүрүш (92 миң тонна) Чүй облусуна туура келет. Андан кийинки орунда Ош облусу (83 миң тонна), Жалал-Абад облусу (83 миң тонна) жана Ысык-Көл, Нарын облустары (53 миң тоннадан) турат. Калган өндүрүш Баткен, Талас облустарына жана Бишкек, Ош шаарларына туура келет. 2017-жылы өлкөдө 395 миң тонна эт өндүрүлгөн. Чет жакка жылына эттин өзү канча көлөмдө сатылганы белгисиз. Читать дальше...

Депутаттын дооматынан кийин түрк лицейинин жетекчилиги иштен кетти

Azattyk.org 

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте жайгашкан түрк башталгыч мектебине байланыштуу ЖМКга жана социалдык тармактарга чыккан дооматтар тууралуу 22-февралда билдирүү таратты. “Бул маселе боюнча ыкчам түрдө иликтөө иштери башталып, окуу жайынын мүдүрү жана орун басарлары кызматынан четтетилип, алардын ордуна убактылуу жаңы жетекчилер дайындалды. Түркиядан келе турган инспекторлор зарыл болгон текшерүү иштерин алып барат. Мындан тышкары, бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдары менен тыгыз кызматташтык жүрүп жатат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Российские теннисисты подпишут декларацию о нейтралитете для участия в Уимблдоне






16 июня прошёл московский конгресс «Женщины в бизнесе»

Команды из регионов России прибыли в Якутск на VIII игры «Дети Азии»

Виджет для владельцев домашних животных стал доступен в личном кабинете на mos.ru

Посоветуйте хорошую автошколу в Москве