Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 01.03.2021

Арменияда оппозицияны колдоочулар өкмөт үйүнө кирип барышты

Azattyk.org 

Армениянын борбору Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылган адамдардын тобу 1-мартта өкмөттүн имаратына кирип барышты. Буга чейин оппозиция парламенттин алдына чатырларды тигип, мөөнөтсүз нааразычылык акцияларын баштаган. Ошол эле учурда бүгүн - 1-мартта Пашинян өз тарапкерлерине Еревандагы Республика аянтына кайрадан жүрүшкө чакырды. 1-мартта Пашинян төрагалык кылган Коопсуздук кеңеши жыйын өткөрүп, өлкөдөгү соңку окуяларды талкуулады. Ал жыйынга Куралдуу күчтөрдүн... Читать дальше...

Коронавирустан улам Европанын айрым өлкөлөрү чектөөлөрдү күчөттү

Azattyk.org 

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрү жайылып жатканына байланыштуу Европанын айрым мамлекеттери катаал чараларды киргизүүдө. Чехия жана Португалия «үчүнчү толкун» башталышы мүмкүн деген кооптонуудан улам жарандарды респиратор тагынып жүрүүгө милдеттендирди. Норвегиянын баш калаасы Ослодо 15-мартка чейин жарым-жартылай карантин чаралары жарыяланды. Словакия 3-марттан баштап жарандардын ары-бери кеңири жүрүүсүн чектеди. Ал арада Бразилияда коронавирустун жаңы мутацияланган түрүнө буга чейин... Читать дальше...

Садыр Жапаров: Парламенттик шайлоо күзүндө өтөт

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирди. Маек 1-мартта жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз-казак мамилеси, Казакстанга 2-3-мартта боло турган мамлекеттик сапар, өлкөдөгү саясий абал тууралуу суроолорго жооп берген. "Бизде 30 жылдан бери жемкорлуктун тамыры тереңге кеткен. Кыргызстан боюнча 300 адам менен алардын үй-бүлөлөрү гана абдан байып кеткен. Ошонун айынан үч ирет революция болду. Бул биринчи себеби. Читать дальше...

Аймактарда 500 бала бакча ачылат

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке бара элек балдар үчүн күнүнө үч сааттык билим бере турган 500 бала бакча ачат. Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылап бере турганын министрликтин басма сөз кызматы 1-мартта кабарлады. "Келечек үчүн билим берүү" аттуу долбоордун алкагында ар кайсы аймактарда ачыла турган бала бакчаларда санитардык талаптардын сакталышы көзөмөлдөнөт. Үч сааттык бала бакчаларда балдарга тамак берилбейт, алар түштө укташпайт. Мекеме ушул себептен бала бакчалар көп каражатты талап кылбайт деп билдирди. Читать дальше...

COVID-19: аралыкты сактоо зарылдыгын калктын 40% гана баамдайт

Azattyk.org 

ЮНИСЕФ Кыргызстан калкынын COVID-19га байланыштуу тажрыйбасына жана илдетти кабыл алуусуна арналган жаңы изилдөөнү чыгарды. “Кыргызстан калкынын COVID-19га байланыштуу тажрыйбасын жана илдетти кабыл алуусун баалоо” аттуу базалык изилдөө #САКТА Улуттук байланыш өнөктүгүнүн алкагында жүргүзүлдү. COVID-19дун жайылышын алдын алуу максатын көздөгөн бул изилдөөнү жүргүзүү демилгесин былтыр сентябрда өкмөт көтөрүп чыгып, БУУ системасынын жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөрүнүн колдоосу алдында ишке ашырылган. Читать дальше...

Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетинде

Azattyk.org 

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Орландодо консервативдик саясий аракеттер конференциясында (CPAC) сүйлөп жатып билдирди. Президенттик кызматтан кеткенден кийин эл алдына алгачкы жолу чыккан Трамп жаңы партия түзөт деген сөздөрдү төгүндөп, Республикалык партиянын лидери экенин бышыктаганга аракет кылды. “Мен силер менен бирге болуп, күрөшүүнү улантам. Жаңы партия негиздебейбиз. Биздин Республикалык партия бар жана ал мурдагыдан да бирдиктүү... Читать дальше...

2-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги эскертет: 1-мартта жаап өткөн жана 2-3-мартта күтүлүп жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, өзгөчө Бишкек-Ош жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-265 чакырымдары (Ала-Бел, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-115 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек жолунун 64-90 чакырымдары (Чоң-Ашуу) жана Казарман-Актал-Чат жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүшү ыктымал, жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Читать дальше...



Жолго байланган жашоо

Azattyk.org 

Чукул арада өзгөргөн доор 35 жыл мурда эң келечектүү, жумушчулар кайнаган, борбордук бийликтин көңүл чордонунда турган Кара-Көлдү жаштар үчүн келечеги жок, жери тар, жүргүнчүлөрдүн аз гана тыйынына тиричилигин жүргүзгөн шаарга айландырып салды. Бул тасмада биз Кара-Көл шаарынын чектелүү шарттары, өндүрүшү токтогон ишканалардан жумушсуз калгандардын кан жолдогу тиричилиги, дарыяга тор жайып европалык жаңы типтеги балык чарбасын өздөштүргөндөр тууралуу баяндап беребиз.

Финпол: "Билайн" бюджетке келтирилген 112 миллион сомдук зыянды төлөдү

Azattyk.org 

"Билайн" деген бренд  менен таанымал "Скай Мобайл" уюлдук байланыш компаниясы бюджетке келтирген 112 миллиондон ашык сом зыянды төлөп берди. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы 1-мартта кабарлады. 2019-жылы ноябрь айында "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомуна карата салыктарды төлөбөй коюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Финполиция компания бюджетке 112 миллион сом чыгым келтиргенин аныктаган. 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы 200 МГц жыштык «Скай Мобайл» компаниясына сатылып... Читать дальше...

Шаардык сот Кубанычбек Жумалиевди камакта калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карады. Аны үй камагына чыгаруу тууралуу арызды канааттандырган жок, камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев “Азаттык” радиосуна билдирди. Маалыматты шаардык соттон да ырасташты. Жумашев соттун чечими негизсиз экенин жана депутатты жактоо боюнча аракеттер улана турганын кошумчалады. Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Жумалиевди 4-февралда кармаган. Читать дальше...

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого 29 партия катталды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуу үчүн жалпы 31 саясий партиядан арыз түшүп, анын 29у каттоодон өттү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Анын айтымында эки партия ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тууралуу маалымат бербегенине байланыштуу катталган жок: "Ата Журт" партиясы ыйгарым өкүлдөрү тууралуу маалыматты берген жок. "Легалайз" партиясы да эч кандай документтерин алып келбеди". Каттоодон өткөн 29 партиянын тизмеси: "Кыргызстандын жашылдар" партиясы... Читать дальше...

УКМК: Оштун губернатору негиздеген партиянын шайлоого аттанганы тынчсыздандырат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети 1-мартта маалымат таратып, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катыша турган күчтөрдү мыйзамды сактоого чакырды. Мекеменин билдирүүсүндө өкмөттүн Ош облусундагы азыркы өкүлү Жарасул Абдураимов негиздеген "Ишеним" партиясынын шайлоого катышуу ниети тынчсыздануу жаратып жатканы айтылган. Административдик ресурстун колдонулушу, адилетсиз шайлоо 2020-жылдын октябрындагы окуяларга себеп болгону белгиленген. Атайын кызмат саясий күчтөрдүн мыйзам бузган учурлары аныкталса аларга чара көрүлө турганын эскертти. Читать дальше...

Үй-бүлөлүк зомбулук Бишкек жана Чүй облустарында көп катталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында катталган. Териштирүүлөрдө запкы көргөн 632 адамга убактылуу коргоо ордери берилген. Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган. Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук... Читать дальше...

Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтү жарыяланды

Azattyk.org 

Эл аралык космос станциясынын (МКС) борт инженери Сергей Кудь-Сверчков Ысык-Көлдүн сүрөтүн "Твиттердеги" баракчасына жайгаштырды. Сүрөт 21-февралда космостон тартылган жана андан уюлгуган көл бороонун көрүүгө болот.  "Ысык-Көл - күмүш карлуу тоолордун курчоосундагы кымбат баалуу таш сыяктуу. Космостогу экипаж көлдү ушундай көрөбүз", - деп жазды Сергей Кудь-Сверчков. Анын теги казакстандык  жана Орусиядан космоско учкан 124-космонавт болуп саналат. Ал Эл аралык космос станциясына 2020-жылдын 14-октябрында барган. Читать дальше...

Матраимов иши: мамлекетке берилген батирлердин чоо-жайы

Azattyk.org 

Көп жылдап коррупциялык схемаларга шектелип келген Райымбек Матраимов акыры казынага кайтара турган мүлкүн арыдан бери Бишкектен сатып ала коюп, аларды мамлекетке өткөзгөн. Эбегейсиз дүнүйө топтоп Райым-Миллион деген атка конгон Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары былтыр октябрда коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алып, казынага 2 миллиард сом (24 миллион доллар) төгүп берүүгө макулдук берген. Экс-бажычынын тергөө менен кызматташып, акча төлөп, абактан чыгып, катаал жазадан кутулуп кеткени коомчулуктун кыжырын келтирген. Читать дальше...

Жакшылык Матанов, ишкер: Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын билими тайкы

Azattyk.org 

«"Азаттыкта" айтылган» рубрикасында ишкер Жакшылык Матановдун жергиликтүү кеңештер жана аларга шайланган депутаттар тууралуу билдирүүсүн сунуштайбыз. Жакшылык Матанов, ишкер: Жергиликтүү кеңеште депутат болуп отургандардын басымдуу бөлүгү - 70-80% - жергиликтүү көчө бандиттери. Эркек балдарды айтып атам, акыркы учурда көрүп жүрөм, өздөрүнчө топ-топ болгон, спорт менен машыккан балдардан түзүлгөн уюмдар, спорт мектептердин башында турган атамандары жергиликтүү кеңешке депутат болуп алышкан экен. Читать дальше...

Казакстандан күйүүчү майдын экспорту токтоп турат

Azattyk.org 

Январь айынан бери Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май экспорттолбой турат.  Бул тууралуу Кыргызстан мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Канат Эшатов 1-марттагы басма сөз жыйында билдирди.  Анын айтымында, 2020-жылы Казакстанда мунай өндүрүүдө профицит (ашыкча өндүрүү) катталып, Кыргызстанга арзан баада күйүүчү май алып келүү тууралуу макулдашылган. Бирок коңшу өлкө өз заводдорунда оңдоо иштери жүрүп жатканын жүйө келтирип экспортту токтотуп койгон:  "Былтыр жай мезгилинен бери... Читать дальше...

Кумтөр: жаңы комиссия, эски көйгөйлөр

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтөө боюнча мамлекеттик жаңы комиссия түзүлүп жатат.  Бүгүн “Кумтөрдү” улутташтыруу, кыргыз тараптын “Центерра Голд” ишканасындагы акцияларын сатуу демилгелери актуалдуубу? Бул үчүн жаңы комиссия түзүүнүн зарылдыгы бар беле? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул жана башка суроолорго жооп издеди. Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары, коомдук ишмерлер Кубанычбек Исабеков, Бектур Асанов, Кыргызстандын Тоо кенчилер бирикмесинин... Читать дальше...

Түркия Айга кол сермейт

Azattyk.org 

Түркия Айга учуруу долбоору үчүн колдонула турган гибрид ракета жасады, деди Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк. Ал 28-февралда Стамбул шаарында “Delta V” компаниясынын ишканасында жыйналыш өткөрүлдү. Түркиянын Өнөр жай жана технология министрлигинин маалыматына караганда, 28-февралда (жекшембиде) Айга аралыктан башкарылчу айжүргүнү жеткирүүдө колдонула турган улуттук жана оригиналдуу гибриддик ракета жасалып жаткан “Delta V” компаниясынын Стамбулдагы ишканасында жыйналыш өткөрүлдү. Читать дальше...

Иран Батыш менен бейрасмий жолугушуу сунушун четке какты

Azattyk.org 

Иран 28-февралда АКШ жана Европанын ири мамлекеттери менен 2015-жылы түзүлгөн өзөктүк келишимди жандандыруу жолдорун талкуулоо үчүн расмий эмес жолугушуу өткөрүү сунушун четке кагып, алгач расмий Вашингтон өзүнүн бардык бир тараптуу чектөөлөрүн алып салышы керек деп талап кылды. Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Сайид Хатибзаде: "Америка Кошмо Штаттарынын жана Европанын үч дөөлөтүнүн акыркы иш-аракеттерин жана билдирүүлөрүн эске алганда, Иран азыркы учур – бул өлкөлөр менен ЕБнын тышкы саясат... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко — Коллинз: белоруска выиграла первый сет в полуфинале Рима






Аренда юридического адреса в Москве. Стоимость недорого

Четвероклассника из Слонима наградили нагрудным знаком «Горячее сердце» в Музее Победы в Москве

Обнаружение вертолета президента Ирана Раиси опровергли

Мисс СССР и Москвы: что стало с победительницами первых конкурсов красоты