Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 04.11.2021

Тумчуккан Жер шары, Кыргызстандын убадасы

Azattyk.org 

Глазгодо өтүп жаткан БУУнун климат саммити Жер шарын сактап калууга багытталган “акыркы аракет” катары сыпатталууда. Ага катышкан президент Садыр Жапаров эл аралык коомчулуктун алдыда Кыргызстандын милдеттенмелерин жарыялады. Глазгого чогулган лидерлер тарых нугун бура алабы?

Кыргыз бийлиги "Талибан" тууралуу көз карашын жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстан Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтүн (өлкөдө тыюу салынган) расмий тааныбай турганын, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирди. Бишкекте 4-ноябрда өткөн жана Ооганстандагы кырдаал талкууланган жыйында кыргыз бийлиги талибдер түзгөн өкмөт боюнча позициясын дагы бир жолу айтты. Жыйынга Борбор Азиянын жана башка өлкөлөрдүн эксперттери катышты. Кыргызстандын позициясы Бишкектеги талкууда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыргызстан... Читать дальше...

Кытай Кыргызстанга 1200 тоннадан ашык азык-түлүктү жардам катары берди

Azattyk.org 

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 150 тонна буудай уну, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майын берди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Жардам 5-октябрдан 25-октябрга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна өткөрүлүп берилди. Министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, Кытайдан келген жардам материалдык резервдер корунда сакталып турат. Жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Читать дальше...

Өзбекстанда үч журналист соттолду

Azattyk.org 

Өзбекстанда үч журналист жана жеке ишкер айым "жалаа жабуу", "бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" сыяктуу айыптар боюнча соттолду. Өлкөнүн Жогорку соту 3-ноябрда ырастагандай, Кашкадарыя облустук соту Effect.uz сайтынын мурдагы кабарчысы, азыр Taftish.uz басылмасында иштеп жаткан журналист Эльёрбек Тажибаевди үч жылга абакка кести. Мындан тышкары Effect.uz сайтынын кабарчылары Акбар Нуримбетовдун эркиндиги үч жылга, Хамиджон Ахмедовдуку эки жарым жылга, ошондой эле жеке ишкер Гузал Худоёрованын эркиндиги эки жылга чектелди. Читать дальше...

УКМК депутаттарды кайтаруу мыйзамына өзгөртүү сунуштап жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын журналист Өткүрбек Рахманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Мамлекеттик күзөт” жөнүндө мыйзамга өзгөртүү сунуштап жатканын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Анын жазганына караганда "Мамлекеттик күзөт” жөнүндө мыйзамды жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн өзгөртүү киргизилүүдө. Ал мыйзам долбоорунда Мамлекеттик күзөт кызматы тарабынан кайтарылуучу кызмат адамдары жана имараттар жаңы тартипте аныкталат. Ага ылайык, өмүрүнө жана... Читать дальше...

Жаңы изилдөө: Украинадагы жикчилдердин куралы Орусиядан келген

Azattyk.org 

Жаңы изилдөө Украинанын чыгышындагы жикчилдер колдонгон ок-дарылардын көбү жана курал-жарактардын дээрлик бардыгы Орусияда чыгарылганын көрсөттү. Берлиндеги "Конфликттердеги куралданууну изилдөө" уюму үч жылга созулган мындай изилдөөсүн 3-ноябрда жарыялады. Ал үчүн эксперттер куралдуу кагылыш болгон аймактардан алынган миңдеген ок-дарылардын жана 43 курал-жарактын калдыктарын изилдеп чыгышкан. Анын жыйынтыгында жикчилдер колдонгон куралдардын дээрлик баары Орусияда өндүрүлгөнү аныкталган. Арасында... Читать дальше...

Польша өз аскерлерин беларус күчтөрү коркутканын билдирди

Azattyk.org 

Польшанын чек арасына мыйзамсыз мигранттарды алып келген беларус аскерлери поляк күчтөрүн коркутуп-үркүтүүгө аракет  кылды. Бул тууралуу Польшанын Коргоо министрлиги 4-ноябрда билдирди. "Кечээ чек араны коргогон поляк аскерлерине каршы дагы бир чагым болду. Поляк аскерлери тосмонун жанында 250дөй мигрантты аныкташкан. Аларды кайтарган беларус жоокерлери биздин аскерлерге "ок атабыз" деп коркутушкан", - деп айтылат билдирүүдө. Польшанын бийлиги беларус тараптын мындай кадамын кырдаалды курчутуу... Читать дальше...



Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Журналисттик иликтөөлөр фонду жана Кыргызстандагы "Интерньюс" уюму 2021-жылдагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн берилчү Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка сынак жарыялады. Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистикасы жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо. Иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, жарандык активисттер, блогерлер... Читать дальше...

Москва: элчилик сабалган мигранттын укугун коргойт

Azattyk.org 

Кыргызстан Ооганстанда бийликте турган "Талибан" өкмөтүн расмий тааныбайт, бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл. Бул тууралуу Бишкек конференциясында айтылды. Кыргызстандын элчилиги Москвада полициянын зомбулугуна кабылган мигранттын иши боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Украина менен Орусияда коронавирустун бир күндүк көрсөткүчү эң жогорку чекке жетти. Киевде жаңы чектөөлөргө каршы акция өттү.

Сабалган мигрант: элчилик Орусияга нота жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргыз жаранынын полиция тарабынан сабалышына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота тапшырды. Кыргызстандык мигранттар соңку учурда полициянын кысымы күчөп, эч себепсиз айып салган учурлар көбөйгөнүн айтып жатышат. Социалдык тармакта тараган видеодон орус полициясы кыргызстандык жаранды күч менен машинеге салууга аракет кылып, аны күч кызматкеринин бирөө чаап жибергенин көрүүгө болот. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги полиция күч колдонгон жаран 21 жашта экенин... Читать дальше...

Стамбулда Түрк кеңешинин билим берүү министрлери чогулду

Azattyk.org 

3-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Түрк кеңешинин кезектеги 8-жыйынына түрк тилдүү мамлекеттердин билим берүү министрлери жана кызматкерлери катышты. Кыргызстандын делегациясын билим берүү министри Болотбек Купешов жетектеп барды. Иш-чараны Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Кеңештин долбоорлор директору Жылдыз Узакова жана Түркиянын Билим берүү министрлигинин өкүлү Буржу Эйисой Далкыран уюштурду. Жыйында Орхун алмашуу программасы, 2022-жылы өтө турган Түрк университеттер... Читать дальше...

ДССУ Европада коронавирус күчөп жатканын эскертти

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ)Европада коронавирус күч алганына тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун Европа бюросунун директеру Ханс Клюге чөлкөмдө кийинки жылдын башында дагы жарым миллион адам COVID-19дан көз жумушу мүмкүндүгүн эскертти. "Европа аймагындагы 53 өлкөдөгү вирустун жайылуу темпи олуттуу камтамачылык жаратууда. COVID-19ду жугузуп алгандардын саны кайрадан рекорддук деңгээлге жакындап баратат. Европада жана Борбор Азияда коронавирустун "Дельта" варианты үстөмдүк кылууну улантууда", - деди 4-ноябрда Ханс Клюге. Читать дальше...

COVID-19: Нарында вакцинанын биринчи дозасын калктын 70% сайдырды

Azattyk.org 

Нарын облусунда вакцинанын биринчи дозасын тургундардын 70%, ал эми экинчи дозасын 61,5% алган. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады. Байсалов эмдөөнү ийгиликтүү ишке ашырып жаткан Нарынга барып, тажрыйбасын иликтөө ниетин билдирди. Кеңешмеде Чүй облусунда вакцинанын  биринчи дозасын тургундардын 22,5%, ал эми Бишкек шаарында 28% алганы белгилүү болду. Читать дальше...

Коомдук транспорт: тариф өзгөрдү, шарттар ошол эле

Azattyk.org 

Бишкекте 2012-жылдан бери биринчи жолу коомдук транспорттун жол киреси кымбаттады. Кичи автобустардын айдоочулары жайында тарифтердин өзгөрүшүн талап кылып нааразычылык акциясына чыгышкан. Аларга жаңы баа саясаты убада кылынган.

Бишкектеги Novotel мейманканасында өрт чыкты

Azattyk.org 

4-ноябрда түштөн кийин Бишкектеги Novotel мейманканасынын сырткы дубалы өрттөнгөн. ӨКМдин кызматкерлери өрт имараттын ичине жайылбаганын билдирди. Тутанган жалын саат 16:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок.

Бишкектеги Novotel мейманканасында чыккан өрт өчүрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Бишкектеги Novotel мейманканасындагы өрт өчүрүлдү. Мейманкананын башкы менежери Родеррих Лефлер имараттын өрт коопсуздугуна байланыштуу системасы убагында иштеп, анын жайылышын алдын алууга мүмкүн болгонун "Азаттыкка" билдирди. "Сигнализация иштегенде эле биз мейманканага жайгашкан адамдарды, конокторду жана кызматкерлерди атайын белгиленген жайга алып чыктык. Өрт имараттын ичине өткөн жок, болгону сырткы фасадынын бир бөлүгү гана күйдү. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен жалын толугу менен өчүрүлдү", - деди мейманканынын менежери. Читать дальше...

Таласта өгөй кызын зордуктоого шектүү кармалды

Azattyk.org 

Таласта зордуктоого шек саналган 50 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 4-ноябрда "Азаттык" радиосуна облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милициянын маалыматына караганда, шектүү 2021-жылдын июнь айынан бери Бишкекте туугандарынын үйүндө жашырынып жүргөн. Ага Кара-Буура райондук милициясы издөө жарыялап, Бишкек шаарынан кармаган. Соттук өндүрүштүн алкагында тергөө жүргүзүлүп, шектүү сурак берүүдө. "Азаттык" июнь айында Таласта 16 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу сюжет жарыялаган. Читать дальше...

Новости России
Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».


Коронавирусту жазган түркмөн акыны беш жылга кесилди

Azattyk.org 

Акыркы жылдары Орусиянын Москва облусунда туруктуу жашаган оппозициячыл түркмөн активисти Азат Исаков дайынсыз жоголду. Бул тууралуу "Хроника Туркменистана" сайты жазып чыкты. Ал эми Түркмөнстандагы пандемия абалын ыр менен түшүндүргөн акын Мурат Авезов беш жылга эркинен ажыратылганы кабарланды. 2-ноябрда "Хроника Туркменистана" вебсайты түркмөнстандык оппозициячыл уюмдун лидери Чемен Ореге шилтеме жасап, 37 жаштагы Азат Исаков 20-октябрдан бери Москва шаарында дайынсыз экенин билдирген. Оренин айтымында... Читать дальше...

Жогорку сот Талант Мамытов боюнча БШКнын арызын экинчи ирет кайтарды

Azattyk.org 

Жогорку сот "Ынтымак" партиясынан депутаттыкка талапкер Талант Мамытовду "Ынтымак" партиясынын тизмесинен алуу жөнүндөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) арызын дагы артка кайтарды. Жогорку соттун катчылыгы 4-ноябрда билдиргендей, БШКнын арызы кассациялык арыз берүү мөөнөтүнөн кеч берилген. "Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинин" 203-беренесинин 6.7-бөлүгүнө ылайык, биринчи сот бутагынын күчүнө кирген чечими чыккан учурдан тартып, үч календарлык күндүн ичинде кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Читать дальше...

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майы 1,5 эсе кымбаттады

Azattyk.org 

Кыргызстанда бир жылда өсүмдүк майынын баасы дээрлик 1,5 эсеге кымбаттады. Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калктуу конушуна мониторинг жүргүзгөн. Ага ылайык, өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу өсүмдүк майына болгон баалар республика боюнча 45,7% жогорулаган. Күн карама майынын чекене баалары республика боюнча орточо эсеп менен өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 42,2% жогорулаган, ал эми пахта майынын баасы 48,4 % өстү. Күн карама майынын баасы Кара-Суу (184,61 сом), Ош (183,85... Читать дальше...

Орусияда COVID-19дан өлгөндөрдүн саны жаңы чекке жетти

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир сутка ичинде 1195 киши COVID-19дан көз жумду. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустун курмандыктарынын бир күндүк саны мынчалык жогору чекке жете элек болчу. Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабы 4-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө 40 217 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын ичинен 6305 адам Москванын тургундары. Буга чейин орус президенти Владимир Путин вирусту ооздуктоо үчүн 30-октябрдан 7-ноябрга чейин көпчүлүк мамлекеттик мекемелер жана бизнестер үчүн каникул жарыялаган.

БШК партиялардын шайлоо фонддору тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-ноябрда боло турган саясий жарышта ат салышып жаткан партиялардын шайлоо фонддорун каржылоо боюнча маалымат берди. 3-ноябрга карата саясий партиялардын шайлоо фондуна жалпы 120 млн. 180 миң 392 сом түштү. Анын 102 млн. 478 миң сомдон ашууну сарпталды. Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери партиялардын ичинен "Ишеним" эң көп каражат жумшаган (19 млн. 572 миң 399 сом). Андан кийинки орунда 17 млн. 627 миң 837 сом сарптаган "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы турат. "Альянс" партиясы 12 млн. Читать дальше...

Баткен: Өзбекстандын чек ара бекети жылган жок

Azattyk.org 

Баткен районунун Кыштут айылынын тургундары Өзбекстан чек ара бекетин айыл четине жылдырып жатканын айтып чыгышты. Алар  4-ноябрда өзбекстандык чек арачылар экскаватор менен жер казып, чек ара бекетин курууга аракет кылып жатканына каршылык билдиришти. Райондун акими Учкунбек Жоробаеев элдин чогулганын ырастап, бирок Өзбекстандын чек ара бекети курулбай калганын "Азаттыкка" маалымдады. "Кыштут айыл өкмөтүнүн Таян айылынын четиндеги такталган чек ара тилкесине Өзбекстандын  чек ара бекети курулмак болгон. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Двенадцать казахстанских теннисистов поднялись в рейтинге ATP






График поездов на МЦД-4, Киевском и Горьковском направлениях изменится 11 мая

Глава Воронежской области ввел режим ЧС в сельском хозяйстве из-за заморозков

Свыше 35 километров дорог отремонтируют в Можайске в 2024 году

За ЖКХ пустующих квартир теперь заплатят соседи: новые правила расчета