Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 05.11.2021

Балбандар Акматалиев жана Мырзаназар уулу Дүйнө чемпионатынын (U-23) финалына чыгышты

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбандар Бекболот Мырзаназар уулу жана Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында финалга чыгышты. Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта күч сынашкан Мырзаназар уулу жарым финалда белорусиялык Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңип финалга жолдомо алды. Жарым финалга чейин Мырзаназар уулу эки атаандашын таза жеңип алган эле. Алгач Гвинея-Бисау өкүлү Диамантина Иуна Фафени 10:0, чейрек... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: кирип-чыгуу тартиби өзгөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети май айынан бери бир тараптуу жабык турган кыргыз-тажик чек арасындагы кирип-чыгуу тартибин өзгөрттү. Ага ылайык, студенттер, мугалимдер, этникалык кыргыздар, дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрүнө жеңилдик каралган. Чек ара кызматы Министрлер кабинетинин буйругу менен кыргыз-тажик чек арасындагы “Кулунду-автожол”, “Кайрагач-автожол”, “Кызыл-Бел-автожол”, “Бордөбө-автожол” жана “Карамык-автожол” бекеттеринде товар жана адамдардын өтүүсүнө чектөө коюлганын эске салып... Читать дальше...

Доорго из салган Досалиева

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун журналисти, окумуштуу, педагог, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиеванын «Эфирде мезгил тарыхы» аттуу китеби жарык көрдү. Бул китепти маркум көзүү тирүү кезинде даярдап, бирок жарыкка чыгарууга жетишкен эмес. Ошондой эле автордун "Энелер жөнүндө баллада" китеби да маркумду эскерүүлөр менен толукталып, кайра басылып чыкты. Бул эки китептин бет ачаар иш-чарасына белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлер, журналисттик чөйрө жана жакындары катышты.

Москва полициясы мигранттарды текшерип, бир нечесин кармап кетти

Azattyk.org 

Орусия полициясы Москванын түштүгүндө мигранттардын документтерин текшерип, бир нечесин кармап кетти. Мунун алдында шаардын алыскы Новые Ватутинки кичи районунда белгисиз адамдар баласы менен бараткан кишиге кол салышкан. Чатакка эмне себеп болгону белгисиз. Айрым булактар кол салгандар кавказдыктар болчу деп жазышты. Бирок "Кавказ.Реалии" сайты видеодон улуттарын аныктоо мүмкүн эмес экенин белгилейт. "Ридовка" сайтынын маалыматына ылайык, ал райондо жергиликтүү тургундар менен кол салгандар мушташка чогулуп жаткан. Читать дальше...

Тажик жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкө аркылуу кире албайт

Azattyk.org 

Бишкекте Европа Биримдиги менен Борбор Азия мамлекеттеринин экономикалык форуму өттү. УКМК Тажикстандын жарандары Кыргызстанга үчүнчү өлкөлөр аркылуу кире албай турганын билдирди. Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясы уланып жатканына тогуз айдын жүзү болду.

Стартап: жаңы муундун бизнеси

Azattyk.org 

Стартап - жашоону жеңилдеткен уникалдуу идеялар, инновациялык өнүмдөр, IT чечимдер. Анын артыкчылыктары эмнеде? Кыргызстанда кандай ийгиликтүү стартаптар бар? Биздин өлкөдө топ жарган компаниялар качан пайда болот? Бизнес тренингдерде да айтылбаган маалыматтарды "Азаттык плюстун" кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.

Азери парламенти Армения менен согуштун бир жылдыгын утурлай мунапыс мыйзамын жактырды

Azattyk.org 

Азербайжан парламентинин депутаттары Армения менен Тоолуу Карабак үчүн 44 күндүк согуштун бир жылдыгын утурлай мунапыс тууралуу мыйзамды жактырды. Милли Мажлистин төрага орун басары Али Хусейнли документте 16 миң кишиге мунапыс берүү, алардын 3 миңден көбүн абактардан бошотуу каралганын билдирди. Дагы 3 миң айыпкердин жаза мөөнөтү кыскартылмакчы. Анын айтымында, амнистия демилгесин президент Илхам Алиев көтөргөн. Былтыр 10-ноябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ок атышууну токтотууну максат кылган келишимге кол койгон. Читать дальше...



Берлинде орус дипломаты белгисиз жагдайда каза тапты

Azattyk.org 

Берлинде Орусиянын элчилигинин экинчи катчысы белгисиз жагдайда каза тапты. Бул тууралуу германиялык Spiegel гезити 5-ноябрда жазды. Кабарда полиция 19-октябрда эртең менен дипломатиялык миссия жайгашкан имараттын жанында 35 жаштагы эркек кишинин сөөгүн тапканы айтылат. Болжол менен ал үстүнкү кабаттан кулаган. Элчиликтин өкүлү гезит кабарчысынын суроолоруна жооп берип, “кайгылуу кырсык болгонун" айтып, бирок "этикалык жүйөдөн улам" ага түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Каза болгон киши дипломат болгондуктан... Читать дальше...

"Центерра" Кумтөрдөгү алтын өндүрүшүнөн шек санады

Azattyk.org 

Канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кумтөр кени Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу кыскарып кеткенин билдирип чыкты. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөп жатат. Бирок ошентсе да алар 4-5 айда канча алтын өндүрүлгөнүн коомчулукка жарыялай элек. Мурдараак президент жана атайын кызматтын төрагасы гана ал жөнүндө учкай айткандай болгон. "Центерранын" айыптоосу, кыргыз бийлигинин жообу "Центерра Голддун" жаңы билдирүүсү “Азаттыктын” электрондук... Читать дальше...

Бишкектеги үч милиция кызматкерине чара көрүү сунушталды

Azattyk.org 

Акыйкатчынын кеңсеси Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки жыл мурун жоголгон кызды издөөгө албаганын билдирди. 5-ноябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалыматында, 2019-жылы 19 жаштагы кыз жоголгондо аны издөөгө милиция көңүл бурбаганы жазылган. Кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылып, күч органдарына жазылган арыздын жыйынтыгы болбой жатканын айтышкан. Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратурасынан аныктагандай, жоголгон адамдын жакындарынын... Читать дальше...

БШК шайлоого аттанган саясий партиялар менен меморандумга кол койду

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы менен парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, кол коюуга Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова, шайлоону өткөрүү, даярдоо боюнча республикалык штабдын төрагасы, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, каттоодон өткөн 21 саясий партиянын лидерлери же өкүлдөрү, эл аралык жана коомдук байкоочулар, өкмөттүк эмес уюмдардын... Читать дальше...

"Европа Биримдиги - Борбор Азия" форуму 2022-жылы Казакстанда өтөт

Azattyk.org 

"Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму кийинки жылы Казакстанда өтөт. Бул тууралуу форумдан кийинки маалымат жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, форумду жыл сайын өткөрүүнү Кыргызстан сунуштаган. Сунуш колдоо таап, кийинки форум Казакстанда өтмөй болду. Жапаров Бишкектеги форумда айтылган сунуштар анализденерин кошумчалады. Бишкекте 5-ноябрда "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Читать дальше...

ДССУ: Европа менен Борбор Азия кайрадан пандемиянын очогунда калды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ ) акыркы төрт жумада Европада COVID-19 илдетине кабылгандар 55 процентке көбөйгөнүн билдирди. Уюмдун чукул абалдар боюнча программаларынын директору Майк Райан 4-ноябрдагы пресс-конференцияда белгилегендей, вакцина менен жакшы камсыздалганына карабай континенттин айрым өлкөлөрүндө эмдөө солгун жүрүп жатат. Райан азыркы кырдаалды дүйнө үчүн «эскертүү» деп сыпаттады. Чыгыш Европада дезинформациянын тарашы, ишенбөөчүлүк маанайдан улам вакцина алгандар аз болуп, инфекция жайылууда. Читать дальше...

Москва ЮКОСтун мурдагы акционерлерине 50 млрд. доллар төлөшү керек деген чечим жокко чыкты

Azattyk.org 

Нидерланддын Жогорку соту Орусия ЮКОС компаниясынын мурдагы акционерлерине 50 миллиард доллар кенемте төлөшү керек деген 2014-жылкы чечимди жокко чыгарды. Иш кайра кароого сотко жөнөтүлдү. Орусиянын бир кездеги ири мунай компаниясынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский салыктан качуу жана каражатты кымырып алуу иши боюнча айыпталгандан кийин 2006-жылы банкротко учураган. Активдердин көбү мамлекеттик "Роснефть" компаниясына өткөн. Ошондо мурдагы акционерлер каражаттарын кайтарып алуу максатында Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрылышкан. Читать дальше...

Кыргыз-казак өкмөт башчылары өткөрүү бекеттерин ачууну талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында өтүп жаткан "Европа Биримдиги жана Борбор Азия" биринчи экономикалык форумунун алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырма берилди. Читать дальше...

ABBA 40 жылдан кийин жаңы альбом менен кайтып келди

Azattyk.org 

Даңазалуу ABBA дээрлик 40 жылдан кийин кайра биригип, 5 -ноябрда Voyage («Саякат») деген альбомун тартуулады. Швециялык топтун акыркы ыр жыйнагы туура 40 жыл мурун, 1981-жылдын ноябрында жарык көргөн. Жаңы альбомго 10 чыгарма кирет. Агнета Фельтског, Бьорн Ульвеус, Бенни Андерссон жана Анни-Фрид Лингстад 1982-жылы The Visitors деген альбому чыккандан кийин бир жыл өтүп өтпөй ыдырап кеткен. Топ кайра биригиши мүмкүн деген имиштер көп жылдан бери айтылып келип, акыр-аягында ырчылар өткөн сентябрда бир нече жаңы ыр жаздырып... Читать дальше...

Токаев: Пенжим айылында улуттар аралык жаңжал болгон эмес

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Пенжим айылындагы мектептеги балдардын мушташына комментарий берди. Президент 4-ноябрдагы жыйындардын биринде "ал мектеп окуучулардын кадыресе мушташы" болгонун айтып, "эч кандай улуттар аралык жаңжал болбогонун, бирок чагымчылдардын жана өлкөнү жаманатты кылууну көздөгөн адамдардын тобу окуяны дал ушундай өңүттө чагылдырышты" деп белгиледи. 27-октябрда Алматы облусундагы казактар менен уйгурлар жашаган Пенжим айылында мектеп окуучуларынын калайман мушташы болгон. Читать дальше...

Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. Ага Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто жана фонддун башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Сийярто эки өлкөнү соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турарын айтты. "Фонд инвестицияларды тартуу жана долбоорлорду ишке ашыра турган натыйжалуу аянтча болуп берет. Читать дальше...

Новости России
Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».


Будапешт - Бишкек авиакаттамы ачылары айтылды

Azattyk.org 

Будапешт - Бишкек авиакаттамы ачыларын бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билдирди. Ал Борбор Азия чөлкөмү менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Европа өлкөлөрү активдүүлүк көрсөтүшү керектигин билдирди. Министр бул үчүн беш нерсени: саясий, экономикалык, финансылык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, бул чөлкөмдө өкүлчүлүктөрдү ачуу жана эки региондо жашаган адамдар ортосундагы байланышты чыңдоо зарылдыгын кошумчалады. Читать дальше...

Байсалов Орто Азия динамикалуу, туруктуу аймак экенин айтты

Azattyk.org 

Бишкекте "Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форуму өтүп жатат. Форум өнөктөштөр ортосундагы маанилүү маселелерди талкуулоого арналган. Форумга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, "форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгат", - деп билдирди. "Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү ... Читать дальше...

Фон дер Ляйен: Борбор Азия өлкөлөрү санариптештирүү жаатында Европанын үлгүсүн колдонсо болот

Azattyk.org 

Бишкекте өтүп жаткан “Европа Биримдиги-Борбор Азия” экономикалык форумунун ачылышында Еврокомиссиянын президенти Урсула фон Дер Ляйен онлайн байланышта сөз сүйлөдү. Ал Борбор Азия Европа үчүн, Европа Борбор Азия үчүн маанилүү экенин белгиледи. Еврокомиссиянын президенти бүгүнкү конференциянын негизги багыттары болгон жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. “Бул конференциянын алкагында жашыл калыбына келтирүү боюнча экономиканы айтышыбыз керек. Читать дальше...

Жапаров: ЕБ менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатканын айтты. Мындай пикирин 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда билдирди. "Европа биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгында жаңы барак ачылууда. Бул тарыхый окуя. Дал ушул конференциянын Бишкекте өтүп жатканына абдан терең маани беребиз. Бул кызматташтык эки чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы 2019-жылы кол коюлган кызматташтык стратегиясына ылайык келет", - деди Жапаров. Читать дальше...

Париж: Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга тийиш

Azattyk.org 

Франция Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташпай жатышына кандай жооп кайтаруу керектигин өнөктөштөр менен талкуулап жатканын билдирди. Француз Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анн-Клэр Лежандр 4-ноябрда маалымдагандай, Париж Тегерандын өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышына жакындан байкоо салып турат. "Иран чечиле элек маселелерди жөнгө салуу үчүн агенттик менен диалогду жана кызматташтыкты жандантууга тийиш", - деди Лежандр. Ирандын өзөктүк программасы... Читать дальше...

Ошто талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттер боюнча тергөө жүрүүдө

Azattyk.org 

Ош шаарында Жогорку Кенештин депутаттыгына талапкердин жолугушуусуна катышкан студенттердин окуясы Жазык кодексинин 87-берененин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат. Анын негизинде ондон ашуун студент күбө катары суралды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов "Азаттыкка" билдирди. "Жетекчилик же мугалимдер тараптан административдик ресурс колдонулдубу, жокпу... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак






В Воронежской области без электричества остались 35,5 тыс. человек

Медведь «Гуранчик» из Забайкалья едет на выставку-форум «Россия»

Путин обозначил главную цель развития России до 2030 года

Более 10 солдат пострадали при прыжках с парашютом в ходе учений НАТО