Алматыда келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады
Казакстандын Алматы шаарында 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан боюн таштады. Төртөө тең жеринде көз жумганын шаардык полиция департаментинин маалымат кызматы билдирди. "Окуя «Жетысу» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 28 жаштагы келин алты, беш жана эки жашар балдары менен кошо секирген. Келин жана эки бала ошол жерден көз жумган. Ал эми бир бала тез жардам автоунаасында үзүлдү", - деп жазылат полициянын билдирүүсүндө. Күбөлөрдүн айтымында, келин алгач үч баласын ыргытып, анан өзү боюн таштаган. Читать дальше...