Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 24.11.2021

"Нур Отан": Назарбаев Токаевге бийликти толук береби?

Azattyk.org 

Эл башы, экс-президент Нурсултан Назарбаев «Нур Отан» партиясынын төрагалыгын президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрөрүн жарыялады. Айрым серепчилер Назарбаев муну менен бийликти акырындап өткөрүп берип жатканын, башка бир талдоочулар анын колунда негизги бийлик көзүрлөрү сакталып калганын айтышууда. Мындай жагдайда өлкөдө дагы деле "кош бийлик" өкүм сүрүп, Токаев менен Назарбаевдин топторунун ортосундагы таасир талашууга байланышкан кызыкчылыктар кагылышына алып келери болжолдонууда. Күтүлгөн... Читать дальше...

Казакстандык акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салды

Azattyk.org 

Алматыда 68 жаш курагында акын, диссидент Арон Едигеев дүйнө салды. Маалыматты "Азаттыктын" казак кызматына маркумдун бир тууганы Разия Нутышева башыктады. Атабек деген адабий ысымы менен белгилүү акын 23-ноябрда шаардык ооруканалардын биринде көз жумду. Ал коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу жабдыкка туташтырылган. Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган... Читать дальше...

Швецияда алгачкы жолу өкмөттү аял жетектейт

Azattyk.org 

Швецияда Социал-демократиялык партиянын төрайымы Магдалена Андерссон премьер-министр болуп тандалды. Өлкө тарыхында буга чейин өкмөттү аял киши жетектеген эмес. Андерссонду парламенттин 117 депутаты колдоп, 174ү каршы добуш берди, 57си калыс болду. Швед мыйзамына ылайык, 175 депутат каршы болсо, талапкер өтпөй калмак. 54 жаштагы Андерссон саясий карьерасын 1996-жылы премьер Горан Перссондун кеңешчиси болуп баштаган. Акыркы жети жылдан бери Финансы министрлигин жетектеп келди. 26-ноябрда Андерссон жаңы өкмөт курайт деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Өкмөт бааны ооздуктай алабы?

Azattyk.org 

Борбор Азиядагы башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка керектелчү товарлар кымбаттады. Буга кошумча энергетикалык кризис тооруп, учурда баалар дагы өсүшү мүмкүнбү деген чочулоо күч. Дал ушундай кырдаалда кыргыз өкмөтү экономикалык абалды туруктуу кармап, баалардын кескин көтөрүлбөшү үчүн кандай чараларды көрүп жатат? Алдыда эмне кылышы керек?

Гросси: Ирандагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктады

Azattyk.org 

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси Ирандын ядролук программасынын айланасындагы Тегеран сүйлөшүүсү жемишсиз аяктаганын билдирди. Дипломат Иранды Караж станциясынын центрифугалардын тетиктери жасалган цехинде агенттиктин камераларын кайра орнотууга көндүрүү үчүн өлкөнүн Атомдук энергия уюмунун жетекчиси жана тышкы иштер министри менен кездешти. Ислам жумурияты камералар саботаждын натыйжасында иштебей калганын айтууда. Иран эл аралык инспекторлорго... Читать дальше...

Журналист Гулиза Урустамбек кызынын фотокөргөзмөсү ачылды

Azattyk.org 

Бишкекте журналист Гулиза Урустамбек кызынын "Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы" аттуу фотокөргөзмөсү ачылды. Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 24-ноябрда башталган иш-чара 10-декабрга чейин уланат. Ага өлкөнүн ар кыл аймагында жашаган карапайым кыргызстандыктардын турмушун чагылдырган фотобаяндар коюлган. Гулиза Урустамбек кызы - "ПолитКлиника" басылмасынын кабарчысы. Ал сүрөттөрдү "Сорос Кыргызстан" фонду колдогон MediaJasa долбоорунун алкагында тарткан.

Момбеков БШКнын чечимине каршы сотко кайрыларын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Социал-демократтар" партиясынан талапкер болгон Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгенине байланыштуу сотко арызданарын билдирди. 24-ноябрда ал видеокайрылуу жасап, бийликти сындап келаткандыктан кысымга кабылганын айтты. Мурдараак Момбековду Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоодон четтеткен. Буга анын диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду. Ушул күнү Таласка шайлоочулар менен жолугушууга бараткан жеринен Бишкекке кайткан саясатчы конституциялык укугу бузулганын айтууда... Читать дальше...

Ошто добуш сатып алууну уюштурууга шектүү кызматкер иштен алынды

Azattyk.org 

Ошто "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын участка башчысы шайлоодо добуш сатып алууну уюштурууга шектелип кызматтан алынды. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ал парламенттик шайлоодо ат салышып жаткан партиялардын бирин колдоп, добуш сатып алуу максатында ар бир жаранга 2000 сомдон таратууга аракет кылган. Милицияга анын үстүнөн арыз түшүп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. Териштирүү маалында шектүү күнөөнү моюнга алган. Бул фактыдан улам "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын жетекчилиги аны кызматтан алган. Читать дальше...



Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Европада мартка чейин коронавирустан дагы 700 миң кишинин өмүрү кыйылышы ыктымал. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Улуттук банк 23-ноябрда жыл башынан бери эң чоң интервенция жасап, өлкөнүн валюта рыногуна 70,3 миллион доллар сатты.

Бишкекте "МедиаКоон" деп аталган эркин чыгармачылык фестивалы өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте 25-ноябрда "МедиаКоон" деп аталган эркин чыгармачылык фестивалы өтөт. Иш-чарада спикерлер социалдык маанилүү темаларда контент түзүү жана аны жайылтуу жолдорун айтып беришет. Тажрыйба бөлүшө турган спикерлердин арасында казакстандык даректүү тасмалардын режиссеру Канат Бейсекеев, Mediazona онлайн басылмасынын журналисти Лиза Пестова жана кыргызстандык блогерлер бар. "МедиаКоон" фестивалы - MediaJasa долбоорунун акыркы этабы. Бул долбоор жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча... Читать дальше...

Канцлер Ангела Меркелдин ордун Олаф Шольц басмай болду

Azattyk.org 

Социал-демократтар партиясынын лидери, учурдагы финансы министри Олаф Шольц Германиянын эмки канцлери болот. Бундестагга өткөн үч партия башкаруучу коалиция түзүү тууралуу мунасага келишти. Социал-демократтар сентябрда өткөн шайлоодо азыркы өкмөт боюнча өнөктөшү Христиан-демократтардан озуп чыгып, марага биринчи болуп келген. Жаңы коалицияга ошондой эле Жашылдар партиясы менен Эркин демократиялык партия кирет. Канцлер Ангела Меркел мүчө болгон Христиан-демократтардын блогу парламентте 48 мандат жоготкон. Читать дальше...

Жалал-Абад облусунун үч районуна арзандатылган баадагы көмүр жеткирилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Тогуз-Торо райондоруна 100 тоннадан көмүр жеткирилип, 24-ноябрдан тартып элге арзандатылган баада сатыла баштады. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, алгач аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө сатуу жагы көзөмөлгө алынат. Азыр көмүр райондордун аймагында ачылган базаларда 3500-4000 сомдон сатылып жатканы айтылды. Сузак менен Базар-Коргонго жергиликтүү Маркай жана Кум-Бел кендеринен казылган көмүр жеткирилген. Тогуз-Торого Кара-Кече карьеринен  жиберилген. Читать дальше...

Шайлоодогу "шайтан технология"

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоого саналуу күн калганда айрым партия лидерлерин каралаган чуулгандуу маалыматтар чыга баштады. Социалдык тармактарда "Бүтүн Кыргызстандын" жетекчиси Адахан Мадумаров өлкөдөн качып кетти" деген жалган кабарга "Азаттыктын" жана башка маалымат булактарынын эн белгиси чапталып, бейтааныш булактардан жарыяланды. Ага удаа шайлоодо "Ата Мекен" партиясын баштап бараткан Өмүрбек Текебаевдин аты аталган чуулгандуу аудио чыкты. Айрым серепчилер айрыкча добуш берүүгө жакын... Читать дальше...

Тажикстандагы көмүскө паспорт "бизнеси"

Azattyk.org 

Орусиядан мыйзам бузганы үчүн чыгарылган миңдеген тажик мигранттары кайра бул өлкөгө кирүүгө аракеттенген учурлар арбын. Алар "документи жоголгон" деген негиз менен аты-жөнүн өзгөртүп, жең ичинен чоң акчага жаңы паспорт алган коррупциялык ​чийимдерди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы - "Озоди" иликтеди. Иликтөөдө бийлик бул көмүскө паспорт "бизнесине" көз жумуп, ал ири киреше булагына айланганы баяндалат. Көмүскө кирешеге туйтунган мамлекеттик органдар "Озоди" радиосунун иликтөөсү... Читать дальше...

HRW: Беларус-Польша чек арасында мигранттардын укугу бузулууда

Azattyk.org 

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Беларус менен Польшанын чек арасындагы тирешүү мигранттардын укуктарынын одоно бузулушуна алып келгенин билдирди. 24-ноябрда жарыяланган докладда Нью-Йоркто жайгашкан уюм чек арада камалып калган адамдарга шилтеме менен жазгандай, поляк аскерлери аларды айрым учурда “катуу күч колдонуп артка, Беларуска сүрүшкөн”. “Беларус тарапта зомбулук, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамиле тууралуу кабарлар кадыресе көрүнүшкө айланды”, - деп белгиледи уюм. HRW уюмунун маалыматына караганда... Читать дальше...

БШК Момбековду шайлоодон четтетти

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына "Социал-демократтар" партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул тууралуу чечимди БШК 24-ноябрдагы отурумунда кабыл алды. БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген.  Рыскелди... Читать дальше...

Тарых музейи беш жылдан кийин

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин 20-ноябрда кайра ачылды. Беш жылдан бери жабык турган маданий жайда эмне өзгөрүүлөр болду? Музей жетекчилигинин айтымында, маданий мекеме дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталды. Анда байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлган. Музейдеги байыркы палеолит доорунан берки жалпы экспонаттардын саны 100 миңге чамалайт. Музей... Читать дальше...

Студентке сексуалдык ыдык көрсөттү делген окуя иликтенүүдө

Azattyk.org 

Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин окутуучусу 2-курстун студентине сексуалдык ыдык көрсөттү делген видео соцтармактарга тарап, коомчулукта кызуу талкууга себеп болду. Ушундан кийин окуу жай жетекчилиги ички иликтөө баштап, мугалимди убактылуу жумуштан четтеткен. Айрым студенттер мугалимди коргоп чыгышты. Видеодогу кыз мугалимге эч кандай доосу жок экенин, түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтууда. Бул окуя Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук күчөгөнү тууралуу маселе курч коюлуп жаткан учурга туш келди. Читать дальше...

Новости России
Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».


Тергөө абагындагы Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын токтотту

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту Бишкектеги №1 тергөө абагында алдамчылыкка шек саналып камакта отурган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын токтотконун 24-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, институттун кызматкерлери 23-ноябрда Гүлзат Алымкуловадан (Мамытбек) кабар алды. Ал буга чейин президентке жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразылыгын билдирип 14-ноябрда ачкачылык жарыялаган. Сүйлөшүү учурунда тергөө абагынын башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында... Читать дальше...

НАСА астероиддердин багытын өзгөртүүнү көздөйт

Azattyk.org 

АКШнын космос агенттиги – НАСА сателлит учуруп, астероиддердин траекториясын өзгөртүүнү максат кылган эксперимент баштады. Диморфос деген чакан астероидди көздөй багыт алган жабдык саатына 24 миң километр ылдамдык менен эмки күзгө чейин 10 миллион чакырым аралыкты учуп өтүп, “чакан планетаны” сүзүшү керек. Окумуштуулар ошондон кийин астероид траекториясын өзгөртөт деп үмүттөнүшөт. Диморфос жерге эч кандай коркунуч жартапайт, аны жөн гана эксперимент үчүн тандап алышкан. Конгресстин тапшырмасы... Читать дальше...

Масадыков Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүүнүн маанисин айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн “Ооганстандагы кырдаал: "Орусия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар" деген конференцияда билдирди. Масадыков Ооганстанда кырдаал пессимисттик сценарий боюнча кетип жатканын, ошентсе да азыркы бийлиги менен кызматташууга жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө чогуу аракет кылуунун зарылдыгын белгиледи. Читать дальше...

БШК талапкер кандай шартта шайлоодон четтетиле турганын билдирди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы эки эскертүү берилгенден кийин талапкерди шайлоодон четтетүү тууралуу маселени мыйзам бузуунун оордугуна жараша карайт. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Медина Кутбердиева Боршайком эскертүү берүүдөн тышкары Шайлоо мыйзамынын 28-беренесине ылайык, үгүт өнөктүгү учурунда бийликти басып алууга, этникалык араздашууга чакырык болсо, добуш сатып алуу, административдик ресурс фактылары катталса, талапкерди же партияны шайлоодон... Читать дальше...

Майыптардын камын көргөн Улукбек

Azattyk.org 

Экинчи топтогу майып Улукбек Букарадинов Нарынга "Чексиз" аттуу социалдык ишкана ачып, майыптыгы бар беш балага жумуш ордун түзүп берди. Ал эл аралык уюмдарга долбоор жазып, сувенир чыгарган жабдууларды сатып алган, ошондой эле машыгуу залын ачты.

Түркияда лиранын куну түшүп, нааразылык күчөдү

Azattyk.org 

Түркияда улуттук валютанын куну качып, экономикалык кризиске өкмөттү күнөөлөгөндөр нааразылык акцияларга чыгышты. Бир лира АКШ долларына карата 15%  арзандады. Айрым экономикалык эксперттер буга президент Режеп Тайып Эрдогандын саясаты алып келгенин айтышат. Президент Борбордук банктан үстөк пайызды азайтууну талап кылып, муну менен экспорттун өсүшүнө, инвестициялардын, жумуш орундарынын көбөйүшүнө жетсе болоорун айтып келди. Бирок оппозиция мындай чара инфляцияны күчөтүп, элдин бакубатчылыгын кыйындатат деп эсептейт. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






Москва выставила на продажу нежилое помещение в районе Аэропорт

Сочи и Краснодар вошли в пятерку самых популярных направлений России для поездки на День Победы

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о развитии автомобильного туризма

Захарова: Россия прилагает активные усилия по освобождению заложников ХАМАС