Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 18.11.2021

Ачкачылык кармап аткан Саакашвили түрмөдө эс-учун жоготкону кабарланды

Azattyk.org 

Грузиянын мурдагы президенти, 49 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвили адвокаттар менен жолуккандан кийин эс-учун жоготту. Бул тууралуу адвокаты Бека Басилая “Эхо Кавказа” радиосунун кабарчыларына билдирди. Басилаянын айтымында, саясатчыны түрмөнүн ооруканасындагы бөлмөдөн замбилге салып алып кетишти. Кийинчерээк ал Саакашвили өзүнө келгенин айтып, «медициналык көз караштан баа бере албайм, бирок абалы өтө оор болчу», - деди. Экс-президент 1-октябрдан бери ачкачылык кармап жатат. Читать дальше...

Акылбек Жапаров Ереванда эки өлкөнүн өкмөт башчылары менен жолукту

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 18-ноябрда Ереванга жумушчу сапары менен барды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы Акылбек Жапаров ушул эле күнү Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканын билдирди. Анда тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү маселесин талкуулаган. “Биз “жакыр” өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз.... Читать дальше...

Түркмөнстанда субсидияланган азыктардын тизмеси кыскарды

Azattyk.org 

Түркмөнстанда баалар өсүп, азык-түлүк таңсыктыгы күчөгөнү мамлекет субсидиялаган азыктардын көлөмү кыскартылды. “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын маалыматына караганда, башкалаанын Кеши кичи районунда бир үйдө бир нече үй-бүлө жашаса да, аларга бир паёк берилет. Буга чейин ар бирине өзүнчө берилчү. Дагы бир жерде субсиядаланган азык-түлүктүн тизмесинен суу май чыгарылды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бир паёкко бир килограмм шекер, тооктун эки буту, бир литр суу май кирет. Кээ бир жерлерде 15 даана жумуртка кошулган. Читать дальше...

Алданган мигранттардын чек арадагы азабы

Azattyk.org 

Беларус-Польша чек арасындагы миграциялык кризис 10дой адамдын өмүрүн алды. Европада жакшы жашоо издеген мигранттар чек арага өзүлөрү келиштиби же Лукашенконун «саясий оюнчугуна» айланыштыбы? Көчө толгон мигранттарды беларус эли кандай кабыл алууда? «Биз жана дүйнө» берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик.

“Социал-демократтар" партиясы Момбековдун диплому тууралуу билдирүү таратты

Azattyk.org 

“Социал-демократтар” партиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун дипломуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө жооп берди. Партиянын 18-ноябрда тараткан маалыматында атайын кызматтын Рыскелди Момбековдун жогорку билими боюнча дипломун текшерип жатышын оппозициялык депутатка карата бийликтин басымы деп бааланган. “Ал 2010, 2015, 2020-жылдары депутаттыкка талапкер болгон. Быйыл революция учурунда парламентте кабинеттер талкаланып, анын дипломатиялык паспорту... Читать дальше...

Орусия дин эркиндиги боюнча "кара тизмеге" кирди

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Орусияны дин тутуу эркиндигин одоно бузган өлкөлөрдүн "кара тизмесине" киргизди. Орусия менен бир катарда көп жылдан бери диний куугунтук күчтүү Иран, Пакистан, Кытай, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу дагы он беш мамлекет турат. Бул тууралуу мекеменин жылдык баяндамасында жарыяланды. Орусиядагы дин эркиндигине баа берилди АКШ Конгресси түзгөн диний эркиндик боюнча эл аралык комиссия Орусияны Индия, Сирия, Вьетнам менен кошо адамдардын дин тутуу укугун басмырлап... Читать дальше...

Тажик абагындагы студент бошотула элек

Azattyk.org 

Максат айылынын тургуну, студент Айдарбек Хайдаровдун Тажикстандын абагында жатканына бир айга чукулдап калды. Кыргыз бийлигинин аны мекенине кайтаруу аракеттеринен майнап чыкпай келет. Айдарбекке Тажикстанда мамлекеттик жактоочу берилген, бирок бул айыпталуучунун жагдайын жеңилдеткен эмес. 24 жаштагы Айдарбек Хайдаров Кыргызстандын эң четки, кыргыз тажик чек арасындагы Максат айылынан болот, кыргыз жараны. Ушул жылдын 21-октябрь күнү кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Сада айылындагы чоң... Читать дальше...

Пакистан парламенти химиялык кастрацияга жол ачкан мыйзамды жактырды

Azattyk.org 

Пакистан парламенти бир нече жолу зордуктоого барган кишилердин химиялык кастрациясына жол ачкан мыйзамды жактырды. 17-ноябрдагы сессияда кабыл алынган долбоордо "өкмөт зордуктоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүү иштерин кароону тездетүүчү атайын сотторду түзүүгө тийиш" деп айтылат. Документ эми президент Ариф Алвинин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Химиялык кастрация – дары же гормон сайуу менен адамдын сексуалдык каалоосун убактылуу басуу ыкмасы. Былтыр сентябрда Пакистандын премьер-министри Имран Хан... Читать дальше...



Бишкек: жарыксыз калгандар жол тосушту

Azattyk.org 

Энергетикалык кризистин кесепеттери сезиле баштады. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө. БУУ "оогандардын 60% ачарчылыкка кабылышы ыктымал" деп эскертти.

УКМК: Рыскелди Момбеков дипломду мыйзамсыз алган

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков "экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын" билдирди. Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев Боршайкомдун 18-ноябрдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, атайын кызмат 2020-жылдын 5-мартынан бери Момбековго байланыштуу Жазык кодексинин “Документтердин жасалмасы” беренеси менен ишти териштирип жатат. Читать дальше...

"Кыргыз кереметинин" жаңы кербени

Azattyk.org 

Кыргыз киносунун түптөлгөнүнө быйыл туура 80 жыл толду. Кылымга жакын мезгил аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыкты. Өнүгүүнүн бир катар этаптарын басып өткөн кыргыз киносу 80 жыл ичинде кандай өзгөрүүлөргө учурады? Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын маалыматына караганда, эгемендик алгандан бери республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат эсебинен жыл сайын эки толук метраждуу көркөм жана эки толук метраждуу даректүү, 4-5 кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар тартылууда. Читать дальше...

Орусиянын Пермь облусунда беш киши аракка ууланып каза болду

Azattyk.org 

Орусиянын Пермь облусунда беш киши жасалма аракка ууланып каза болду. Тергөө комитети 18-ноябрда билдиргендей, бир үй-бүлөдөн 3 киши жана алардын 2 кошунасы алдынкы күнү алкоголь ичимдигин ичкенден кийин каза тапты. Комитет “эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген коопсуздук нормаларына дал келбеген продукт сатуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Ошол эле күнү Казан шаарында полиция курамында метанол (уулуу техникалык спирт) бар ичимдикти жасап саткан деген шек менен 2 киши кармалганын билдирди. Читать дальше...

Энергетикалык кризис, мөөр басылган жылыткычтар

Azattyk.org 

Кыргызстанда электр энергиясын көрсөтүлгөн чектен ашык пайдалангандарга каршы рейд жүрүп, электр жылыткычтарына мөөр (пломба) басылып жатат. “Ош электр” ишканасынын мөөрү басылган жылыткычтардын сүрөтү интернетке тарап, өлкөдөгү энергетикалык кризистен кабар берүүдө. "Чырак менен отуруп калдык". 17-ноябрда кар жаап, күндүн сууктай түшүшү “Дордой” базарынын жагындагы "Алтын-Казык" жана Теңдик жаңы конушунун тургундарын көчөгө чыгарды. Соңку эки күндөн бери жарыгы жок отурганын айткан жашоочулар айланма жолду тосуп... Читать дальше...

БШК Камчыбек Жолдошбаевди шайлоодон четтетти

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-ноябрдагы отурумунда Бишкек шаары боюнча №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтетти. Бул чечимди Боршайкомдун 11 мүчөсү бир добуштан колдоду. Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун сатып алганын, ал бул ишти кудасы Муктарбек Сыдыков аркылуу ишке ашырганын билдирди. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сыдыков 16-ноябрда төрт шайлоочуга 8 миң сомдон берген. Читать дальше...

Ирактык жүздөгөн мигрант Беларустан мекенине кайтканы кабарланды

Azattyk.org 

Евробиримдиктин аймагына өтүү максаты менен Беларуска барган ирактык жүздөгөн мигрант бейшембиде мекенине кетчү рейстерге катталды. Бул тууралуу Ирактын тышкы иштер министрлигине таянып "Рейтер "агенттиги маалымдады. Мекеме белгилегендей, негизинен ирактык күрддөрдөн турган топ Эрбиль шаарына бет алган каттамга билет алышкан. Андан ары учак Багдадга жөнөмөкчү. Беларустун оппозициялык "Хартия 97" сайтынын маалыматына ылайык, 18-ноябрда Иракка 430 мигрант кайтарылды. Маалымат Ирак тышкы иштер министрлигинин... Читать дальше...

Партиялар шайлоонун үгүт иштерине 154 миллион сом коротту

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан 21 саясий партиянын шайлоо фондуна 17-ноябрга карата 167 миллион 23 миң 757 сом түштү. Үгүт иштерине анын 154 миллион 966 миң 679 сому сарпталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын шайлоо фондуна 33 миллион 642 миң сом топтолуп, партия 27 миллион 673 миң сомун коротту. “Ишенимдин” эсебине 27 миллион 319 миң сом түшүп, 26 миллион 886 миң сому сарпталды. Капчыктуу партиялардын үчүнчү катарында “Альянс” бар. Читать дальше...

БШК автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо бюллетендерди жана добуштарды автоматтык эсептөөчү урналарды сыноодон өткөрдү. Боршайкомдун адистери 18-ноябрда журналисттерге жана байкоочуларга добуш берүү жана саноо жараянын көрсөтүп беришти. Чүйдүн Новопокровка айыл өкмөтүндөгү 7410 шайлоо тилкесинде уюштурулган иш-чарага 31 адам шайлоочу катары катышты. Ушундай эле сыноо эми Ош облусунун Кара-Суу районунда уюштурулмакчы.   Кыргызстанда автоматтык эсептөөчү урналар 2015-жылдан бери колдонулат. Читать дальше...

Айдоочулар өзүлөрү арзандатылган көмүр тарата баштаганы кабарланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунда көмүрдү 3600 сомдон сатып жатканын айткан айдоочунун башкаларды да элге жардам үчүн бир каттам болсо дагы ушундай баада сатууга чакырган видеосу Интернетке жарыяланды. Анда өзүн балыкчылык айдоочу Азык Назаралиев деп тааныштырган адам бүгүн 18-ноябрда Кара-Кече көмүр кенинен Балыкчыга 10 машина жөнөп кеткенин, башка аймактарда да көмүрдү 3000 сомдун тегерегиндеги баага сатууну пландап жатышканын айтууда: “Тору-Айгыр айылына алып келип, президенттин айтканын аткарып, бир тоннасына... Читать дальше...

Болочок парламенттин кандай ыйгарым укуктары болот?

Azattyk.org 

Май айында күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин саны да, салмагы да өзгөрдү. Жаңы чакырылыштын кандай ыйгарым укуктары болот? Мурдагыга салыштырмалуу кандай айырмачылыктар бар? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.

Новости России
Москва

Как сэкономить на ставке. «Выберу.ру» составил рейтинг ипотек на вторичку за апрель 2024 года


"Яндекс Такси" айдоочусу ээнбаштык кылган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте "Яндекс такси" фирмасынын айдоочусу жол коопсуздугун тейлеген инспекторду автоунаанын капотунда сүйрөп кеткен деген шек менен кармалды. Шаардык Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, машине айып короого токтотулду. Айдоочу аны эч кандай документсиз айдап баратканы, буга чейин да төлөнбөгөн айыппулдары бар экени аныкталган. "Бейбаштык" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, айдоочу Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. 18-ноябрда... Читать дальше...

Электр жарыгы үчүн жол тоскон конуштун карызы боюнча сотко арыз берилет

Azattyk.org 

Электр жарыгы өчүрүлгөнү үчүн Бишкектин четиндеги негизги автотрассаны бир нече саат бууп турган “Алтын-Казык” конушунун дебитордук карызын өндүрүү үчүн “Түндүкэлектр” ишканасы сотко кайрылат. Бул тууралуу 18-ноябрда “Азаттык” радиосуна Аламүдүн райондук Электр энергиясын сатуу кызматынын башчысынын орун басары Убайдылда Үмөтов билдирди: “Бул жерде 402 түтүн бар биздин маалымат боюнча. Жер трансформация болгон эмес. 2016-жылы ушул себептен көмөкчордонго кошпой койгондо көчөгө чыгып, жолду бууп, кошуп бергенге аргасыз кылышкан. Читать дальше...

Кытай саясатчысын айыптаган теннисчинин тагдыры камтама жаратты

Azattyk.org 

Аялдардын Эл аралык теннис ассоциациясынын жетекчиси Стив Саймон кытайлык спортчу Пэн Шуайдын тагдырына камтамасын билдирди. Саймондун айтымында, Пэн жазды деген электрондук кат күмөн саноого жем таштайт. Чоң Шлемдин жуптар арасындагы эки жолку жеңүүчүсү таасирдүү саясатчы, мурдагы вице-премьер Чжан Гаолиге арткан дооматынан баш тартканын маалымдаган. Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарында жарык көргөн катта Пэн анын буга чейин айткандарын төгүндөп, азыр “үйүндө эс алып жатканын, баары жайында экенин” билдирген. Читать дальше...

Орусия дин эркиндиги бузулган өлкөлөрдүн катарына кирди

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти дин эркиндиктери боюнча жылдык докладында Орусияны “кара тизмеге” киргизди. Ага чейин тизмеде Түркмөнстан жана Тажикстан бар болчу. “Мен Мьянма, Кытай, Эритрея, Иран, Түндүк Корея, Пакистан, Орусия, Сауд Арабия, Тажикстан жана Түркмөнстанды дин тутуу эркиндиги олуттуу, токтоосуз жана ырааттуу бузулушуна байланыштуу чоң камтама жараткан өлкөлөр катары белгилейм”, - деп билдирди Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен. Дагы төрт өлкө - Алжир,  Комор аралдары, Куба жана... Читать дальше...

Жамбылда катуу шамалдан киши өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Казакстандын Жамбыл облусунда 17-ноябрдагы катуу шамал бир кишинин өмүрүн алды. Саламаттык сактоо башкармалыгы өспүрүм жер тамдын чатырынан кулап каза тапканын, медициналык жардам сурап 53 киши кайрылганын, төртөө ооруканага жаткырылганын билдирди. Алардын көбү терезелер сынганда, бак-дарак, дарбазалар кыйраганда башынан, буту-колунан жаракат алышкан. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, маркум антеннаны оңдоо үчүн чатырга чыккан, бирок катуу шамалдан улам жерге кулап түшкөн. 17-ноябрдын... Читать дальше...

Камчыбек Жолдошбаев жапырт добуш сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун жапырт сатып алууну уюштурган деп шектелүүдө. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековага ушундай мазмунда кат жолдоду. Каттын көчүрмөсү Боршайкомдун сайтына жарыяланды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Жолдошбаев жакындары аркылуу Бишкек шаарынын Ленин районундагы үй комитеттеринин төрагаларын көндүрүү жолу менен шайлоочуларды ири өлчөмдө сатып алууну уюштурган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






Метеоролог Позднякова: Значимое повышение температуры произойдет в Москве во второй половине мая

Самокатчик в Москве наехал на девочку и сломал ей нос

Москвичам пообещали 20-градусное тепло с середины мая

Задержана глава "нищенской мафии", использовавшая рабский труд иностранцев