Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2021

Новости за 28.11.2021

Масадыков: Серверге эч ким кийлигише албайт

Azattyk.org 

28-ноябрда шайлоонун алгачкы жыйынтыгы чыга баштаган кезде БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы бир саамга иштебей калды. Ага чейинки жарыяланган эсепте 10 партия 5% чектен өткөнү көрсөтүлгөн. Системадагы маалыматтар жаңыланганда босого чектен өткөн партиялардын саны алтыга кыскарып, добуштардын саны да кыскарды. Бул жагдайды "Ата Мекен", "Азаттык", "Бүтүн Кыргызстан", "Улуттар биримдиги" өңдүү партиялар "көз боёмочулук" деп нааразылык билдиришти. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк орун алганын... Читать дальше...

Орусиядагы мекендештер добуш берди

Azattyk.org 

Чет өлкөлөрдө жашаган 84 128 шайлоочу жалпысынан 59 добушканада добуш берет. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 18:00дөгү маалыматына караганда, 84 128 шайлоочунун 6 609у же 7,86% добуш берди. Добушканалардын көпчүлүгү Орусиянын аймагында жайгашкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү

Azattyk.org 

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышты. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Жогорку Кеңешке кайсы партиялар жана талапкерлер өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү добуш берүү аралаш система боюнча өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Аны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.   Бул шайлоодо партиянын ичинен эң көп добуш алган талапкер депутат болот. Читать дальше...

Журтташтар: шайлоодо Италиядагы жарандар активдүү

Azattyk.org 

Парламенттик шайлоого чет жактагы бир жарым миллиондой мекендештердин 84 миңдейи добуш берүү үчүн каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырган. Бул жолу жаңы добушканалар АКШнын Чикаго, Нью-Йорк, Италиянын Рим, Кальяри жана Түркиянын Анталия, Орусиянын бир катар шаарларында ачылды. Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды Түштүк Кореяда добуш берүү жыйынтыкталды. Быйыл Сеулдагы консулдуктагы каттоодон 1651 кыргызстандык өтүп, биометрикалык маалыматын тапшырган. Ал жактагы шайлоо комиссиясынын төрагасы Эмил Калиловдун айтымында... Читать дальше...

Милянфанда үкөк бузулуп, кезек пайда болду

Azattyk.org 

Милянфандагы №7129 шайлоо тилкесинде үкөк ачылып, шайлоочулардын кезеги пайда болду. Үкөк партиялык бюллетендерди тааныбай, иш убактылуу токтоп, акт түзүлдү. Бул Милянфандагы чоң добушкана. Ушул саатка карата 1800 адамдын 50% шайлоого катышкан.

Аксыдагы добушканада "эмдөө жүрүп жатат" деген нааразылык чыкты

Azattyk.org 

Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы алты шайлоо тилкесинде эмдөө жүрүп жатканына байланыштуу айрым шайлоочулар добуш берүүгө барбай жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Тилек Турдубаев "Азаттыкка" маалымдады.



Бишкек менен Чүйдө добуш берүү солгун жүрүп жатат (карта)

Azattyk.org 

28-ноябрь, саат 16.00гө карата 22,39% шайлоочу добуш берди. Анын ичинде Нарын облусунда жарандар активдүүлүгүн көрсөттү - 26,29% шайлоочу добуш берди. Эң солгун добуш берүү Чүй облусунда - 19,97% жана Бишкек шаарында - 21,59% келди. Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 8:00ден тартып өлкөдөгү 2435 шайлоо участогунда добуш берүү башталган. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Орусиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток аймактарындагы... Читать дальше...

Жалгыз бой энелерди аяган Айгерим

Azattyk.org 

Кыргызстанда күйөөсү каза болуп же ажырашып балдарын өзү багып жаткан аялдарга "жалгыз бой эне" статусу берилбейт. Бул статусту алуу үчүн баланын күбөлүгүндөгү "атасы" деген жер бош болуш керек. Мамлекет жалгыз бой энелердин ар бир баласына айына 810 сомдон жөлөк пул берет. Бирок бул каражатты бардык эле жалгыз бой энелер албайт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда 340 миң бала жакырчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгүн жалгыз бой энелер багат. "Азаттык"... Читать дальше...

Саат 16:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү 22% ашты

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү парламенттик шайлоодо республикалык бирдиктүү шайлоо округунан саат 16:00гө карата добуш бергендердин саны 22,39% болду. Ал эми бир мандаттуу округдарда бул көрсөткүч 22,54% болгонун Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бир мандаттуу округдар боюнча эң активдүү Кочкор округу (27,91%), эң солгуну Сокулук округу (17,19%) болууда. Бирдиктүү округда алдыда Нарын облусу (26,29%) келе жатат, эң пассивдүү Чүй облусу (19,97%)болуп жатат. Бул жолку өнөктүк жыйынтыгы жокко чыгарылган... Читать дальше...

Милиция: Таласта акча таратылганы тууралуу маалымат такталган жок

Azattyk.org 

Талас шаарындагы "Шанхай" жаңы конушунда шаардык кеңештин депутаттарынын бири акча таратып жатат делген маалымат такталган жок. Бул тууралуу "Азаттыкка " облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Анын алдында "Фейсбукта" Назар Абдыкадыров аттуу колдонуучу "Дөө" деген каймана ат менен таанымал жергиликтүү кеңештин депутаты "Шанхайда" акча таратып жатканын жазган. Бул маалымат реестрге катталып, текшерип-иликтөө жүргүзүлгөн. Милиция арызда айтылган шаардык кеңештин депутатынын аты-жөнүн атаган жок. Читать дальше...

Шайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Сахалин облусуна караштуу Түштүк Сахалин шаарында ачылган №9013 шайлоо тилкесинде добуш берүү аяктаганын билдирди. Анда 203 адам добуш берди жана мыйзам, эреже-талап бузуу фактылары катталган жок. Мунун алдында социалдык тармактарда Сахалиндеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат чыккан. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 76, "Ишеним" 32, "Ыйман Нуру" 16, "Ынтымак" 16, ал эми "Альянс" 11 добуш алганы көрсөтүлгөн. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Читать дальше...

Коронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жетти

Azattyk.org 

Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө коронавирустун жаңы Omicron деп аталган штаммын алып жүргөн эки адам аныкталганын билдирди. Бир күн мурун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аны жаңы штаммдардын бири катары тизмеге киргизген. Вирус табылган эки киши тең жакында Түштүк Африкадан Британияга учуп келген. Кийинчерээк Германияда Omicron инфекциясынын алгачкы эки учуру аныкталганын Бавария федералдык штатынын жергиликтүү бийлиги ырастады. Ишемби күнү кечинде Чехия менен Италияда инфекциянын алгачкы учурлары белгилүү болду. Читать дальше...

Жапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал Экономикалык кызматташтык уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөргө түздөн-түз таасирин тийгизет деп эсептейт. Мамлекет башчы бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ашгабатта өтүп жаткан ЭКУнун 15-саммитинде билдирди. Садыр Жапаров аймакта тынчтык жана туруктуулук болмоюнча экономикада ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эместигин эскертти. "Ооганстандагы социалдык-экономикалык абал өзгөчө тынчсыздандырат. Кыргызстан Кабулга жана алыскы Кичи... Читать дальше...

Нарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш берди

Azattyk.org 

Нарын облусунда саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бергенин облус бийлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, бир мандаттуу округдар боюнча 208 804 шайлоочунун 54 082си, ал эми партиялык тизме менен бирдиктүү округдан катталган 206 505 шайлоочунун 54 276сы добуш берип, 26,3 пайызды түздү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү бардык шайлоочуларды активдүүлүккө чакырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, саат... Читать дальше...

Орусия: шахтада жарылуу болгондо ишин "жууган" мэр кызматтан алынды

Azattyk.org 

Орусиянын Кузбасс облусунун губернатору Сергей Цивилев Прокопьевск шаарынын мэри Вячеслав Старченкону кызматынан бошотту. Листвяжная шахтасында кырсык болгон күнү ал жаңыдан кызматка дайындалганын "майлап", банкет уюштурган. Старченко 25-ноябрда бир күн гана мэрлик кызматка отурду. Буга чейин ал санаторийдин директору, башкы дарыгер, шаар башчысынын орун басары болуп иштеген. Анын кызматка киришүү аземине облустук парламенттин спикери Алексей Зеленин жана шаардын ардактуу атуулдары катышкан. Читать дальше...

ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу жети иш сотко жөнөтүлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) үгүт өнөктүгү учурунда  добуш сатып алуу фактысына байланыштуу жалпы жети ишти сотко жөнөттү. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын бөлүм башчысы Султан Макилов бүгүн, 28-ноябрда брифингде билдирди. Анын айтымында, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине үгүт өнөктүгү башталган убактан бери 67 кылмыш жана 76 жорук катталды. Ал эми бүгүнкү шайлоо учурунда ички иштер органдарына мыйзам бузуу боюнча 15 билдирүү түштү. Анын ичинде белги коюлган беткаптар боюнча дагы маалымат бар. Читать дальше...

Токмок шаарында добуш берүү кандай жүрүүдө?

Azattyk.org 

Токмок шаарындагы №7063 добушканасына эки миңден ашык шайлоочу катталган. Калаада жалпысынан 20 шайлоо тилкеси бар. Быйыл Токмокто 4-жолу шайлоо өтүп жатат. Жазында жергиликтүү кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы жокко чыгарылып, Бишкек жана Ош шаарларындай эле Токмокто да кайра шайлоо өткөн.

Новости России
Москва

История любви символов театра – в постановке Юрия Грымова


БШК: мыйзам бузуулар боюнча 17 кайрылуу түштү

Azattyk.org 

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү мыйзам бузуулар тууралуу 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, арыздардын экөө добуш сатып алууга байланыштуу. Үгүт иштеринин эрежелерин бузуу боюнча беш кайрылуу түшсө, шайлоочуларды ташуу жана шайлоо эрежелерин бузганы боюнча бирден арыз, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн үстүнөн үч кайрылуу катталган. Дагы беш кайрылуу автоматтык... Читать дальше...

Хорогдо митингчилер менен бийлик өкүлдөрү жолугууда

Azattyk.org 

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов 28-ноябрь күнү түштөн кийин Хорогдогу митингчилер тобу менен сүйлөшүү жүргүзүп баштаганы кабарланды. Хорогдо жүздөгөн кишилер төртүнчү күн катары менен нааразылык акциясын улантып жатат. Алар Гүлбидин Зиёбековдун өлүмүн акыйкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону бийликтен талап кылууда. Облустук акимчиликтин өкүлүнүн айтымында, Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Алишер Мирзонаботов менен 40 адамдан турган митингчилердин... Читать дальше...

Сумаянын өлүмүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, тогуз жашар Сумая Хосилжанованын өлүмүнө байланыштуу Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө-иликтөө уланып жатат. Сузакта 18-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан кыздын сөөгү 27-ноябрда Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылган. Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2012-жылы туулган Сумая үйүнөн 18-ноябрда түш чендерде мектепке чыгып кеткен. Читать дальше...

Кеминде жогорку чыңалуудагы устун кулап, жарык үзгүлтүккө учурады

Azattyk.org 

Кеминдеги Быстровка көмөк чордонунда 28-ноябрга караган түнү электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Буга катуу шамалдан улам жогорку чыңалуудагы устундун (зым карагай)  кулаганы себеп болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок. "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканасы кошумча түркүк орнотуу аракети көрүлүп жатканын, аймактагы добушканалар электр энергиясы менен камсыз болгонун кабарлады.  Энергетика министрлигинин, "Улуттук энергохолдингдин" жана "Кыргызстандын улуттук... Читать дальше...

Шайлоого катышуу былтыркыга салыштырмалуу төмөн болууда

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматына караганда, саат 14:00гө карата активдүүлүк Нарын облусунда байкалууда. Бул дубанда шайлоого келгендер 18,9%, Талас жана Ош шаарларында 18%, Баткен облусунда 17,9%, Ош облусунда 17,3%, Жалал-Абад облусунда 16%, Ысык-Көл облусу менен Бишкек шаарында 15% ашык. Эң төмөнкү көрсөткүч Чүй облусунда - 14%. Ал эми Тышкы иштер министрлиги өлкө сыртында ачкан добушканаларда 3% ашык шайлоочулар добушун берди. Кыргызстан боюнча ушул саатка карата шайлоочулардын 16,27% добуш берди. Читать дальше...

Жаңы парламент кандай болот? Эксперттердин пикири

Azattyk.org 

Кыргызстан 30 жылдык эгемен тарыхында мамлекеттик башкаруу системасын бир нече жолу алмаштырды. Быйыл кайрадан президенттик башкарууга өткөн өлкөдө парламенттин ролун кандай көрөсүз? Мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон мыйзам чыгаруу органы өз милдетин канчалык так аткарат? "Азаттык" бул суроолорду чет элдик эксперттерге жолдоду.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






Путин сообщил о решении углублять интеграционное сотрудничество в ЕАЭС

В Москве с начала 2024 года выдали более 3 тысяч льготных IT-ипотек

Концерт для ветеранов к 9 Мая прошел в театре «Наш Дом» в Химках

Звезду «Аншлага» Юрия Аскарова госпитализировали в Москве