Мээрим Гран-при мелдешиндеги атаандашы менен көз караштар таймашында. Видео
Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.
Россиянын Күрөш федерациясы Мээрим Жуманазарова менен Ханум Велиеваны беттештирүү сунушу менен Кыргызстандын күрөш уюмуна кайрылган.
АКШ, Канада, Улуу Британия бекиткен санкциялык тизмеге Беларустун 20 кишиси, 12 уюм жана үч учак киргизилди. Беларус Евромбиримдик менен чек арасында миграциялык жасалма кризис жаратканы үчүн үч держава жаңы санкцияларды салып, бекитти. Санкциялык тизмени Александр Лукашенконун уулу Дмитрий Лукашенко баштайт. Тизмеде: Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин төрагасы Анатолий Лаппо, анын орун басарлары Игорь Буткевич, Сергей Новиков, Роман Подлинев, Игорь Печен; Беларустун хоккей федерациясынын... Читать дальше...
Милиция "Ата Мекен" партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бирин кармап, ишти “адамды тоноо” беренеси менен тергей баштады. Ал эми Текебаевдин тарапташтары бул жөн эле тоноо эмес, коомдук ишмерге кол салуу жана "саясий буюртма" деп баалашты. Ал арада саясатчыга кол салгандардын арасында Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын изи көрүнө баштады. Милиция "тоноо", оппозиция "саясий террор" катары баалаган кол салуу "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге... Читать дальше...
Акыркы парламенттик шайлоодон кийинки талаш-тартыш Кыргызстан 2015-жылдан тартып колдоно баштаган автоматтык эсептөө системасы канчалык ишеничтүү деген суроолорду жаратты. Айрым партиялар "автоматтык эсептөө системасын бийлик көзөмөлдөп, добуштардын санын каалагандай өзгөрттү" деп нааразычылык билдирүүдө. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жана бийлик өкүлдөрү мындай айыптоолор орунсуз экенин айтып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын чыгарууда кеткен катаны түшүндүрдү. Читать дальше...
"Бир Дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын он бешинчи мааракелик фестивалы башталууда. Иш-чаранын ачылышы 3-декабрда Novotel конок үйүндө болот. Тасмалар 9-декабрга чейин кинотеатрларда элге акысыз көрсөтүлүп, адам укуктарына арналган талкуулар менен коштолот. Бул ирет фестиваль “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналганын уюштуруучулар кабарлашты. Бул эл аралык фестивалды "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму жыл сайын уюштуруп, Кыргызстанда жана чет элде тартылган фильмдер катышат. Читать дальше...
Швециянын Стокгольм шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-декабрда жолугушту. ЕККУнун министрлеринин жыйынынын алкагындагы сүйлөшүүлөр 40 мүнөткө созулду. Анда Сергей Лавров өз өлкөсү Вашингтон менен кызыкчылыктардын тең салмактуулугун издей турганын белгиледи. Министр НАТОнун чыгышты көздөй жылып, кеңейишине тынчсызданарын айтып, бул Орусиянын улуттук коопсуздугуна каршы келерин белгиледи. Энтони Блинкен Орусиянын тышкы иштер... Читать дальше...
Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Динара Ошурахунова Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин (УКМК) саясатчы Өмүрбек Текебаевдин сабалышына байланыштуу ишти териштирүүгө аралашпоого чакырышты. Алар 1-декабрда ушундай кайрылуу жасап, социалдык тармакка жарыялашты. Укук коргоочулар Текебаев кабылган жагдайды Ички иштер министрлиги териштирип жатканына карабай, УКМКнын жетекчилиги тарабынан басым болуп жатат деп эсептешет. Ошондой эле Текебаевге кол салган топтун арасынан милиция бир эле кишини камалганына тынчсыздануу билдирип... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал: 2-декабрга караган түнү Көк-Таш айылында эки тараптуу сүйлөшүү өттү. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууну милиция “Тоноо” беренеси менен тергей баштады. Ооганстан менен Иран чектешкен жерде талибдер менен ирандык чек арачылар кагылышты.
Беларус менен Польшанын чек арасында уланып жаткан мигранттар кризисин тутандыруу үчүн колдонулган жасалма аккаунттардын атайын кызматка тиешеси бар экени ашкере болгонун "Фейсбук-Мета" компаниясы билдирди. Компаниянын 2-декабрда тараткан билдирүүсүндө айтылгандай, өздөрүн Польша, Литва жана Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнөн келген журналисттер же активисттер катары тааныштырган адамдар социалдык тармакта жасалма-фейк акаунттарды колдонуп, Польшаны англис, поляк жана күрт тилдеринде сындашкан.... Читать дальше...
Забайкальск аймагы - Байкал көлүнөн баштап Чыгыш Сибирдин кыйырына созулуп жаткан шарты катаал жер. Бул чек ара аймагы Орусияны коңшу Кытай жана Монголиядан бөлүп турат. Манчжуриянын адырлары менен Даурия талааларына канатташ Забайкальск деген чакан кыштак жайгашкан. Бул айыл Орусиянын соода дарбазасы деп да аталат. Ал аркылуу орус-кытай ортосундагы миллиарддаган доллар соода-сатык жүрөт.
Максим Гордеев "Альп лыжасы" түрү боюнча жарышта квотага ээ болгон. Кыргызстандык спортчу 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.
Смартфондогу “Чабалекейлер” тиркемеси үчүн “Сары-Көл сырлары” деп аталган оюн-сериал даярдалды. Ал Кыргызстандагы жашы жете электер арасындагы нике темасын камтыйт. Бул тууралуу аны ишке ашырып жаткан "Айкын багыт" коомдук фондунан кабарлашты. Интерактивдүү оюндагы окуялар Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу айылда өтөт. Оюнчу сюжеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизип, башкы каармандын тагдырын өзгөрткөн чечим чыгара алат. "Сары-Көл сырлары" оюну – бул өспүрүмдөрдүн детективи: кичинекей айылда эки жигит... Читать дальше...
Президенттик аппарат “Дача-СУ” кырсыгы, “Аврора” пансионатындагы мүлктөр жана “Июнь окуялары” боюнча кылмыш иштери иликтенип бүтүп калганын маалымдады. Айрымдары боюнча шектүүлөр да кармалган. Мындай билдирүү шайлоонун артынан жасалганы оппозициялык күчтөргө карата эскертүү катары кабылданууда. Ансыз да соңку нааразылыктардын фонунда кээ бир саясатчылар ачык коркутууга туш болуп жатканын жарыялашкан. Кылмыш иштердин баяны Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Ата Мекен” саясий партиясынын... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сервериндеги маалыматтарды алмаштырып салуу мүмкүн эместигине көзү жеткенин билдирди. 2-декабрда ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде (УКМК) санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, БШКнын адистери сервердин кантип иштерин түшүндүрүп, көрсөтүп беришти. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлап, жолугушуунун видеосун таратты. "Эки сааттан ашуун талкууладык. Ал жерде сумманы чыгарууда БШКдагы адистердин кетирген жөнөкөй катасы далилденди"... Читать дальше...
Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Кытайда өтө турчу XXIV Кышкы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Спортчуга олимпиадалык жолдомо лыжа спортунун слалом түрүнөн квота иретинде берилген. Максим Гордеев 26 жашта. Лыжа спорту боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал 2022-жылы Бээжинде өтө турчу Кышкы Олимп оюндарына жолдомого ээ болгон биринчи кыргыз спортчусу болуп калды. XXIV Кышкы Олимп оюндары 2022-жылы Кытайдын борбор калаасы Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт. Читать дальше...
Саламат Эргешов Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы кызматынан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу 2-декабрда аталган комитеттен "Азаттыкка" билдиришти. Эргешовдун отставкасы 3-декабрдагы жыйында каралып, башкы катчынын милдетин аткаруучу адам дайындалат. Аталган кызматта бир топ жыл иштеген Эргешов эмне себептен кызматтан кетип жатканы белгисиз. Декабрдын ортолорунда Улуттук олимпиада комитетинин президенти шайланат. Учурда президенттин милдетин Канат Аманкулов аткарууда. Мурдагы жетекчи... Читать дальше...
Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салууга шектелип кармалган Ыбыш Эшпаев аттуу жаран тууралуу "Азаттыктын" суроосуна жооп берди. Анда Самаев Токмоктун жаштарынын 80% тааный турганын, бирок Эшпаев менен жакын тааныштыгы жок экенин билдирди. "Чогуу бизнес кылып, чогуу иштеген эмеспиз, саясатта чогуу жүргөн эмеспиз. Көрүп калчумун, жүрчү. Шайлоочулар. Менин айдоочум дагы эмес, өкүл балам дагы эмес. Ал үйлөнгөн дагы эмес", - деди Самаев. Өмүрбек... Читать дальше...
Сузакта 18-ноябрдан бери изделип жаткан тогуз Сумаянын сөөгү дээрлик он күндөн кийин Көк-Арт дарыясынын жээгинен табылды. 4-класстын окуучусу мектепке кеткен бойдон үйүнө кайткан эмес. Милиция «киши өлтүрүү» беренеси менен иш козгоп, кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.
Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиев Бишкек шаардык сотунун 2-декабрдагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди. УКМК Салиевди быйыл 16-июнда кармаган жана ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Ал күнөөсүн моюнуна алган эмес. Атайын кызмат Салиев Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып... Читать дальше...
Тажик бийлиги бир ооган аялын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн талибдерге өткөрүп бергени кабарланды. Ысымы жашыруун калышын каалаган аял 2-декабрда "Азаттыктын" ооган кызматына балдары жана жакындарын кошкондо жалпы 14 киши болуп ноябрдын башында Ишкашим аркылуу Тажикстанга кирип, бир жумадан соң баары Ооганстанга кайтарылганын айтып берген. Коопсуздук чараларына байланыштуу анын аты-жөнү ачык жарыяланган эмес. Ал Тажикстанга качкын катары өтүп келип, жергиликтүү милиция бөлүмүнө барганын билдирди. Читать дальше...
Түркмөн бийлиги абактагылардын үй-бүлөлөрүн жана эмгек мигранттарын арзан баада азык-түлүк сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууну чечти. Бул чара арзандатылган тамак-аш сатып алуу үчүн мамлекеттен жөлөк пул алган миллиондогон түркмөндөргө таасир этери күтүлүүдө. Түркмөнстандын көптөгөн тургундары жакында социалдык жардамсыз калат. Анткени жаңы чыккан жобого ылайык, камактагылардын жана эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү азык-түлүк тартыштыгынын шартында мамлекет субсидиялаган арзан тамак-аш сатып алуучулардын социалдык тизмесинен чыгарылат. Читать дальше...
Адвокат Замир Жоошев абактагы саясатчы Равшан Жээнбековго байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Жактоочу жаңы мыйзамга ылайык Жээнбеков камактан бошотулушу керектигин айтып, мамлекет башчыны буга көңүл бөлүүгө чакырды. "Жаңы кабыл алынган Жазык-процессуалдык кодекс күчүнө кирип иштеп жатат. Ага ылайык кылмышты жасады деп шектелип кармалган айыпталуучу кармалган убактан баштап соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин бир жылдык мөөнөттөн ашык убактылуу кармоочу жайда кармалбашы керек. Ал эми... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Өлкө башчынын басма сөз кызматы бул жарлыктын негизинде Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын базасында президенттин иш башкармасы түзүлөрүн билдирди. Президенттин иш башкармасы өлкө башчынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана парламенттин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону ишке ашырат. Читать дальше...
Киевде 2 миңдей адам президент Владимир Зеленскийдин бийликтен кетишин талап кылган митингге чыгышты. Буга президенттин 1-декабрдагы кайрылуусунда Украинанын Чыгышындагы согушту токтотуу үчүн Москва менен сүйлөшүү тууралуу айтканы негиз болду. Митингчилер Зеленскийдин сөзүн “улуттук кызыкчылыкка каршы чыккынчылык” катары кабыл алышты. Алар президенттин кеңсесин жетектеген Андрей Ермакты жана Зеленскийдин башка өнөктөштөрүн «Орусиянын таасириндеги тыңчылар» деп сыпаттап, бийликтен кетүүнү талап кылышты. Читать дальше...
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу тууралуу 2-декабрда Жогорку Кеңеште маалымат берди. Ал фактыны укук коргоо органдары иликтеп жатканын айтып, буга чейин берилген маалыматтарды кайталады. “Президент бизге бул ишти толук кандуу калыс тергөө боюнча тапшырма берген. Иш объективдүү тергелишине өзүбүз да кызыктарбыз жана бүт аракетибизди жумшайбыз”, - деди Аширходжаев. Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салып... Читать дальше...