Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 09.12.2021

Байден дүйнө лидерлерин демократияны коргоого үндөдү

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден дүйнөдө демократиялык институттар алсызданып баратканына тынчсыздануусун билдирди. 9-декабрда 100дөй мамлекеттин лидерлери катышкан жыйындын ачылышында сүйлөп жатып, Байден автократтар өз бийлигин бекемдеп, таасирин дүйнөгө жайылтууну көздөп жатканын кошумчалады. АКШ президенти авторитаризмге, коррупция менен адам укуктарынын бузулушуна каршы турууга, демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн аракеттерди эселеп көбөйтүүгө чакырды. Демократияны колдоого багытталган жана... Читать дальше...

Азербайжан менен Армения бири-бирин тынчтык келишимин бузду деп айыпташты

Azattyk.org 

Азербайжандын Коргоо министрлиги 9-декабрда чек арага жакын аймакта «армян күчтөрүнүн чагымчыл аракеттеринен улам» бир аскери мүрт кеткенин билдирди. Армениянын Коргоо министрлиги 8-декабарда  азери күчтөрү алар тарапты көздөй ок атканын маалымдап, Бакуну «чагымчыл аракеттерден карманууга» чакырды. Түштүк Кавказдагы эки коңшунун мамилеси 2020-жылдын жазындагы 44 күндүк согуштан бери чыңалган бойдон калууда. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде 6,5 миң киши каза болгон. Читать дальше...

Дүйнөдө медиага чабуул күчөдү

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча айыпталып жаткан депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, абактан бошотту. Жогорку Кеңеш аларды кол тийбестиктен ажыратууга каршы добуш беришкен. “Клооп” 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу протоколдор добушканаларда оңдолуп, кайра жазылган фактыларды аныктады. Журналисттерди коргоо комитети 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча камалган жана каза тапкан журналисттердин саны буга чейин болуп көрбөгөндөй көп болгонун жарыялады. Читать дальше...

Долларга болгон суроо-талап, Улуттук банктын аракети

Azattyk.org 

Кыргызстанда долларга суроо-талап өсүп кеткендиктен Улуттук банк ушул жылдын башынан берки эң чоң интервенция жасоого мажбур болду.  Мекеме 7-декабрда курсту кармап туруу үчүн 71,3 миллион долларды сатыкка чыгарды.    Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаеванын маалыматына караганда, акыркы күндөрү өлкөдө чет элдик валютага суроо-талаптын өскөнү байкалган. Коммерциялык банктар жана ички валюта рыногунун катышуучуларынын суроо-талабы жогору болгон.  "Дүйнөдө товарлардын жана каржы базарындагы баалардын туруксуздугуна байланыштуу болду. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин спикеринин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды жаңы келе турган эл өкүлдөрүнө иш бөлмөлөрүн өз алдынча өткөрүп берүү туура эмес экенин эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн 9-декабрда парламенттин жалпы жыйынында айтты: “Кийинки чакырылыштын депутаттарына сүйлөшүп алып өзүңүздөрдүн иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер. Себеби кийинки чакырылыштын депутаттарынан комиссия түзүлүп, алар өздөрү чечиши керек. Ошондуктан өз ара сүйлөшүү аркылуу иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер”. Касымалиева... Читать дальше...

Орусия мигрантсыз оокат кыла алабы?

Azattyk.org 

Орусияда мигранттардын санын азайтуу, курулуш өңдүү кээ бир тармактарда аларды жергиликтүү жумушчуларга алмаштыруу, миграциялык мыйзамдарды катаалдаштыруу демилгеси акыркы айларда өзгөчө көп көтөрүлө баштады. Мындай чакырыктарга эмне себеп болууда жана эмнеден кабар берет? Орусия мигранттарга чындап эле муктаж эмеспи? Кыргызстандык мигранттарды саясатчылардын айткандары чочулатабы?

Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чыгарылды

Azattyk.org 

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевге кол салган топтун арасында болгону айтылган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Кайрат Чокеев президенттин алдындагы коррупцияга каршы ишкелер кеңешинин тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу аталган кеңештин төрайымы Нурипа Муканова билдирип, курамга таза кишилер кириши керектигин кошумчалады. “Кеңештин курамын президент бекитет. Чокеев ал кеңеште жок. Мен төрайым катары ар бир облус, райондордо коомдук кабыл алуу бөлүмдөрүн ачып, жетекчилерине жергиликтүү... Читать дальше...



Чек аранын айынан мигрантка айланган үй-бүлө

Azattyk.org 

Мырзасейит Исаевдин үй-бүлөсү апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тажикстандан көчүп келген. Ал азыр Бишкектин четинде батир ижарага алып, үч баласы менен жалданма жумуштарда иштеп жан багып жатат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жашап келген Исаев үйүн жарым жылдан бери көрө элек. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп... Читать дальше...

Депутат Жетигеновду бошотуу тууралуу корутунду кабыл алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок. Бул тууралуу комиссия өкүлү, депутат Евгения Строкова билдирди. Корутунду парламенттин 15-декабрдагы отурумуна чыгарылат. Евгения Строкова бүгүн, 9-декабрда ар кандай түшүнбөстүктү жоюу үчүн комиссиянын курамына депутаттар Аманкул Токтомамбетовду, Алтынбек Сулаймановду, Айсулуу Мамашованы жана Каныбек Иманалиевди кошууну сунуштаган. Строкованын айтуусунда комиссиянын курамына жогорудагы депутаттар кирип... Читать дальше...

Опузалап пара алууга шек саналган тергөөчү качууга аракет кылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Талас облустук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы менен кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын ыкчам-иликтөө операциясынан тартылган видеодо шектүү кызматкерлерден качууга аракет кылганын көрүүгө болот. Операция Жазык кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара алуу”) боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иштин алкагында жүргүзүлгөн. Маалыматта  милициянын тергөөчүсү сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу... Читать дальше...

HRW өзбек бийлигин блогер Арифхожаевди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму өзбек бийлигинен камактагы блогер Фазилхожа Арифхожаевди токтоосуз бошотууну талап кылды. Уюм белгилегендей, ага социалдык тармакка жазган билдирүүсү үчүн "коомдук коопсуздукка коркунуч жаратып жатат" деген айып тагылган. Күнөөсү далилденсе сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 41 жаштагы ташкенттик блогер бийликтин дин жаатындагы саясатын сындап келгени менен белгилүү. Ал июнь айында "мечитте чуу жаратты" деген кине менен алгач он беш суткага камалган. Читать дальше...

Министрлер кабинети үлүшчүлөрдүн укугу жөнүндө токтом сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги турак жай куруучулар менен батир алуучулардын укук, милдеттери камтылган жобону коомдук талкууга койду. Анда агенттик өлкөдө курулуш тармагында компаниялардын 99% үлүш негизинде чогулган каражат менен иштей турганын белгилеп, бул жобо тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын билдирди. Курулуш компаниядан үлүштүк келишим менен батир алган жарандар мамлекеттик каттоо реестринде батирдин ээси катары каттала албайт. Читать дальше...

Өкмөт Казакстанга кошумча суу берүү себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Казакстанга жай саратан, кургакчылык маалда кошумча сугат суу берилгени тууралуу түшүндүрмө берди. Анда мындай кадам электр энергиясын алышып-беришүү тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашканы айтылат. Коңшу өлкөгө Токтогул суу сактагычынан кошумча суу берилгени Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-декабрда Нур-Султан шаарында казак премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда ачыкка чыккан. Бул маалымат Кыргызстанда талаш-талкуу жаратты. Читать дальше...

Майыптыгы барларга жумуш берген ишкана жабылып калышы мүмкүн

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасы" жабылып калышы мүмкүн. Буйрутманын азайып кеткендиги ишке кедергисин тийгизип жатат. Аталган коомдун мүчөлүгүнө угуу, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 180 адам катталган. Алардын 80и жумушка жарамдуу болсо, ушул тапта болгону 37си иштеп жатат.

CPJ: 2021-жылы камалган журналисттердин саны өстү

Azattyk.org 

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 9-декабрда жарыялаган баяндамасында көрсөтүлгөндөй, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 293 журналист камалган. Уюм бул буга чейинки болуп көрбөгөндөй жогорку чек экенин баса белгилейт. Былтыр  280ге жеткен журналист камалган. Ошондой эле 2021-жылдын 1-декабрына карата иши үчүн 19 журналист киши колдуу болгон. Дагы 18 кабарчы белгисиз жагдайларда көз жумган. Үч журналист согуш жүрүп жаткан аймактарда окко учса, экөө нааразылык акциясы маалында болгон кагылышууларда каза болгон. Читать дальше...

Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

Azattyk.org 

10-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...+6, күндүз 7...12; Талас облусунда түнкүсүн - 1... +6 күндүз 6...11 Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...+4; Нарын жергесинде түнкүсүн -12...-17, күндүз 2...-7; Бийик тоолордо түнкүсүн -13...-28... Читать дальше...

Райондук сот Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду абактан бошотту

Azattyk.org 

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 9-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, сот Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган. Жогорку Кеңеш 8-декабрда Башкы прокуратуранын Жээнбеков менен Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат сураган сунушун четке каккан. Ал сунуш боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын чечимин 94 депутат колдогон. Читать дальше...

Сокулук: Зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан убактылуу көчүп кеткени айтылды

Azattyk.org 

Сокулук районунун Исмаил айылындагы бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетти. Бул тууралуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңештин депутаты Мирбек Сүйүналиев билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү 7-8-декабрь күндөрү мал-жаны менен кошо көчүп кетишкен, каякка барганы тууралуу кабары жок. Сокулук районунун прокурору Орозбек Бердибаев аксакалдар кеңешинин чечиминен кийин коопсуздук маселесинен улам кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү убактылуу Бишкек шаарына көчүп кеткенин маалымдады. Читать дальше...

Новости России
Москва

Как сэкономить на ставке. «Выберу.ру» составил рейтинг ипотек на вторичку за апрель 2024 года


Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккандар кармалды

Azattyk.org 

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккан алты адамды полиция кармап кетти. Алардын арасында жашы улгайып калган Халида Акытхан бар. Акцияга чыккандардын айтымында, алардын айрымдарын полиция ур-токмокко алды. Тартип коргоочулар ошол жерде окуяны чагылдырып жаткан блогерлерди да кармап кеткен. Алардын биринин YouTube каналында жарыяланган видеосунда Шинжаңда камакта жаткан үч уулун бошотууну талап кылып келген Халида Акытхан полиция кармап баратканда... Читать дальше...

Бишкектин башчысы мэриядагы үч мекемени уурулукка айыптады

Azattyk.org 

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев 9-декабрда Жер Ынтымагы конушунун тургундары менен жолугушууда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, мэриядагы бир нече муниципалдык мекемени уурулук кылган деп айыптады. “Төрт муниципалдык ишкананы текшердик. Ар бир нерсени өз аты менен аташыбыз керек. Ал жакта уурулук болгон. 143 миллион сом тийиштүү документи жок сарпталган. Учурда Башкы прокуратурага “Бишкек жашыл чарба”, “Бишкексвет” жана “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканалары боюнча материалдар жөнөтүлдү”, - деди Жунушалиев. Читать дальше...

Элчи Бакыт Аманбаев Дональд Лу менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу менен 8-декабрда жолугушту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады. Анда Аманбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климаттын өзгөрүшү боюнча 26-конференциясында көтөргөн демилгеси жөнүндө маалымат берип, АКШны кыргыз президентинин 2022-жылды “Дүйнө тоолорундагы көп жылдык мөңгүлөрдү коргоо жана сактоо жылы” деп жарыялоо демилгесин колдоого чакырды. Читать дальше...

Байден демократияны колдоого багытталган саммит өткөрөт

Azattyk.org 

9-декабрда АКШнын президенти Жо Байден демократияны колдоого багытталган  виртуалдык саммит өткөрөт. Ага дүйнө лидерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Байден шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнүн алкагында дүйнөдө авторитаризм күчөп жаткан маалда демократияны бекемдөөгө убада берген. Президенттин администрациясы билдиргендей, дүйнө лидерлерине демократияны бекемдөөгө багытталган «ички реформаларды өткөрүү үчүн так чараларды көрүп, милдеттенмелерди алуу»  сунушталат. Жыйынга 110 мамлекеттин лидерлери чакырылган. Читать дальше...

Индияда коргоо штабынын башчысы тик учак кырсыгында каза болду

Azattyk.org 

Индияда 8-декабрда болгон тик учак кырсыгында 13 киши каза болду. Алардын арасында коргоо штабынын башчысы, генерал Бипин Рават да бар. Ал жубайы жана 12 аскер кызматкери менен өлкө түштүгүнө баратышкан. Тик учактын ичиндеги 14 адамдын бирөө гана тирүү калды. Кырсыктын себептери так аныктала элек. Индиянын коргоо министри Ражнатх Сингх каза болгондордун сөөктөрү баш калаа Нью-Делиге 9-декабрда алып келинерин жана генерал бардык аскердик жөрөлгө менен акыркы сапарга узатыларын билдирди. 63 жаштагы... Читать дальше...

476 миң гектар жайыт жерди ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга чыкты

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлиги сунуштаган кунарсыз жайыттарды 20 жылга чейин ижарага берүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 9-декабрда биринчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү. Ага ылайык, Айыл чарба министрлиги кунарсыз деп эсептеп чыккан 476 миң гектар жер айыл өкмөттөрү жарыялаган ачык сынак аркылуу 20 жылга ижарага берилет. Жеңүүчүнү айыл өкмөтүндөгү атайын комиссия аныктайт. Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов учурда кунарсыз жайыттардан гектарына 12 сомдон салык алынып жатканын... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






Проверку воздуха провели в Новой Москве

«112»: пародиста Аскарова госпитализировали с подозрением на пневмонию

Воробьев с учениками лицея Балашихи возложил цветы к Могиле Неизвестного Солдата

Новый выставочный комплекс открылся в Псковском музее ко Дню Победы