Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 24.12.2021

Сумаянын өлүмүнө шектүү текшерүүдөн өтөт

Azattyk.org 

Тогуз жаштагы Сумаянын өлүмүнө шектүү жаранга соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Ички иштер министрлиги ноябрь айында дээрлик он күндөй дайынсыз болуп, кийин сөөгү табылган жеткинчек кызды өлтүрүүгө шек саналып 48 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 23-декабрда билдирген. Сузакта тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шек саналган жаранга 24-декабрда соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар-12 шаарчасында жайгашкан... Читать дальше...

“Дордой” базарынын соодагерлери митингге чыгышты

Azattyk.org 

“Дордой” базарынын ишкерлери жаңы салык кодексине ылайык колдонууга кирип жаткан көзөмөл кассалык машиналарга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар кризиске байланыштуу ККМди кийинкиге калтырууну талап кылышууда.Оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматов эки айга камакка алынды. Анын тарапташтары соттун бул чечимин мыйзамсыз деп баалап, саясатчы бийликтин куугунтугуна кабылганын айтып жатышат. Вашингтон менен Киев Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Украинанын чыгышында аскердик операция даярдалып жатат" деген билдирүүсүн четке кагышты.

Гонконгдо Тяньаньмэнь окуяларына арналган дагы эки эстелик алынды

Azattyk.org 

Гонконгдо дагы эки университет Тяньаньмэнь окуяларына жана анын курмандыктарына арналган эстеликтерди алып салды. Мындай аракеттер "Кытай дээрлик 32 жыл мурда болгон окуяны элдин эсинен өчүрүүнү көздөйт" деген кооптонууларды күчөттү. 24-декабрда Гонконгдогу кытай университети "Демократиянын кудайы" аттуу айкелди, Линнан университети Тяньаньмэнь кыргыны маалындагы түрдүү окуялар чегилген дубалды алып салды. Гонконгдогу кытай университети өз билдирүүсүндө "уруксат алынбаган айкел" алынганын белгиледи. Читать дальше...

“Дордой” базарынын соодагерлери ККМге каршы

Azattyk.org 

Жаңы салык кодексине ылайык колдонууга кирип жаткан көзөмөл касса машиналарына 24-декабрда "Дордой" базарынын ишкерлери каршы чыгышты. Алар пандемиянын шартында кризис күчөп турганда ККМди киргизүү туура эместигин, аны кийинкиге калтыруу керектигин айтышты. Ишкерлер менен Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жолукту.

Жаңыча төккөн төкмөлөр

Azattyk.org 

Curltai Folk чыгармачыл тобу төкмө акындар арасында эркин айтыш уюштурду. Негизги максат айтыш өнөрүнө заманбап түс берип, жаштарды кызыктыруу болгондуктан, иш-чара заманбап форматта өткөрүлдү. Ага "Азаттык+" командасы да катышып келди.

Тажикстан кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады

Azattyk.org 

24-декабрда Тажикстандын Чек ара күчтөрү кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар боюнча билдирүү таратып, анда кыргыз тарапты "чагымчылдыкка" айыптады. "Соңку мезгилде Кыргызстандын чек арачыларынын жана жарандарынын чек ара тилкесинде кырдаалды курчутуп жаткан чагымчыл аракеттери көбөйдү", - деп айтылат "Ховар" маалымат агенттиги тараткан маалыматта. Тажик тараптын жүйөсүнө ылайык, 22-декабрда түш оой Лахш (Жерге-Тал) районунун Чашма пунктунда Кыргызстандын номери тагылган "Опель" автоунаасы... Читать дальше...

Кумтөр: купуя сүйлөшүүнүн экинчи раунду

Azattyk.org 

Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатат. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашты. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн мазмуну, алгачкы жыйынтыктар азырынча жашыруун бойдон калууда. Буга чейин Министрлер кабинети Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн айтса, канадалык “Центерра Голд” компаниясы бул маалыматты төгүндөгөн. Мазмуну жашыруун сүйлөшүү Кумтөр боюнча сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров... Читать дальше...

Батыш Путиндин дооматын четке какты

Azattyk.org 

АКШ менен Украина орус президенти Владимир Путиндин "Киев Украинанын чыгышында аскердик операцияга даярданып жатат" деген мүнөздөгү билдирүүсүн четке кагышты. Орус президенти Владимир Путиндин 23-декабрдагы маалымат жыйынында айткан бир топ сөздөрү Батыш өлкөлөрүндө жана Украинада айыптоого туш болду. Вашингтон менен Киев Путиндин украин тарап Донбасста аскердик операцияга даярданып жатканы тууралуу билдирүүсүн дароо четке какты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки орус-украин чегиндеги... Читать дальше...



Орусия Google компаниясын миллиондогон доллардык айыпка жыкты

Azattyk.org 

24-декабрда Москванын соту Google компаниясына Орусияда тыюу салынган маалыматты өчүрбөгөнү үчүн болжол менен 7,2 миллиард рублдук (98 миллион АКШ доллары) айып пул салды. Орусиянын "Интерфакс" жана ТАСС баштаган мамлекеттик жаңылыктар агенттиги жазгандай, айып пулдун так суммасы жок. Штрафтын көлөмү компаниянын Орусиядагы бир жылдык кирешесине жараша аныкталат. Орус мыйзамдарына ылайык, мындай айып пул салынган компаниялар жылдык кирешесинин 5-10 пайызын мамлекетке төлөп бериши керек. Орус медиасы билдиргендей... Читать дальше...

Ирандын өзөктүк келишими боюнча сүйлөшүү 27-декабрда уланат

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди кайра жандандырууну көздөгөн сүйлөшүүлөр Вена шаарында 27-декабрда уланат. Бул тууралуу Европа Биримдигинин дипломаты, сүйлөшүүлөрдүн координатору Энрике Мора 23-декабрда Твиттерге жазды. "АКШ менен жакындан иш алып барып, негизги маселелер боюнча ишти илгерилетүү жана алдыга жылуу маанилүү. Сүйлөшүүлөрдүн 8-айлампасына кош келиңиз", - деп жазды дипломат. Орусиянын бул сүйлөшүүлөрдөгү делегаты Михаил Ульянов "Рождество" менен Жаңы жыл майрамдарынын... Читать дальше...

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасы бузулуп жатат

Azattyk.org 

Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип авариялык абалга келгенин билдирди.  Таратылган расмий маалыматта, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурары жазылган. "Сырты курчалганына карабай шаардыктар аймагына кирип кеткен учурлар көп. Имарат урап кетиши мүмкүн жана мейманкана аймагында жүргөн адамдар жабыркап калышы ыктымал. Аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдалчу сумма талап кылынмак"... Читать дальше...

Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында сынак өтөт

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын аткаруучулар арасында кароо-сынак өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулардын бири, манасчы Самат Көчөрбаев билдирди. Кароо-сынак 2022-жылдын 15-16-январында КТРКнын концерттик залында өткөрүлөт жана ага 15 жаштан 40 жашка чейинки аткаруучулар катышат. Көчөрбаевдин айтымында, автордун ырларын келечекте чет тилдерде да жайылтуу максатында "Аруузатым" аттуу ырын англис же орус тилдеринде аткаргандардын арасында өзүнчө сынак өткөрүлөт. Читать дальше...

Таласта жол кырсыгынан эки адам каза болду

Azattyk.org 

24-декабрда Таластын Кара-Буура районунда Кызыл-Адыр - Аманбаев жолундагы кырсыкта эки киши көз жумуп, бир киши жаракат алды. Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдиришинче, кырсык түнкү саат үчтөр чамасында болгон. Буга чейин 17-декабрда Талас районунун Чат-Базар айылындагы Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолундагы кырсыктан 13 жана 14 жаштагы эки өспүрүм каза болгон. Маалыматка караганда, "Мерседес Бенц" үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан 14 жаштагы бала рулду башкара албай жол четиндеги түркүктү сүзүп... Читать дальше...

Бишкекте президенттик балаты өттү

Azattyk.org 

Бишкекте жаңы жылдык президенттик балаты өттү, ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышты. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү бар. Ошондой эле, балдар үйлөрү, памирлик кыргыздардын, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган. Президенттик балатыда театрлаштырылган жаңы жылдык концерт болуп... Читать дальше...

Түркмөнстанда "Омикрон"-штаммы табылганы кабарланууда

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Балкан облусунда жакында Казакстанга барып келген төрт түркмөн жаранынан коронавирустун "Омикрон"-штаммы табылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү дарыгерге шилтеме кылып билдирди. Маалыматка ылайык, "Омикрон" аныкталганы үчүн облуста карантин чаралары күчөтүлдү. Азырынча түркмөн жарандарынан вирус качан аныкталганы так белгисиз. Жергиликтүү дарыгердин айтымында, эки апта мурда түркмөн-казак чек арасы ачык болгон жана Казакстандагы түркмөн жарандарына өлкөгө киришине уруксат берилген. Читать дальше...

Бишкекте ок атышкан окуя боюнча шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Бишкекте түндө бири-бирине ок атышкан окуя боюнча алты киши шектүү катары кармалганын шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. "Адамдардын ортосунда уруш ок атуучу курал колдонуудан улам чыккан. Окуя болгон жерди кароо учурунда травматикалык тапанча жана үч патрон, тапанча гильзалар менен табылган. Учурда "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголду” – деп айтылат Бишкек ШИИБдин маалыматында. Шектүүлөрдүн улуусу 38, кичүүсү 28 жашта. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү жүрүүдө. Читать дальше...

Кожобеков ОшМУнун ректору болуп кайрадан иштеп баштады

Azattyk.org 

Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына киришти. Ал кызматынан убактылуу гана четтетилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жогорку Кеңешке шайлоого үгүт иштерине Ош шаарындагы студенттердин катышканы үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Кожобековду кызматтан алган. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул боюнча маалымат берген жок. Кожобеков менен кошо Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б. Читать дальше...

Түштүк Кореянын өкмөтү мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берди

Azattyk.org 

Түштүк Кореянын өкмөтү коррупция айыптары боюнча узак убакытка түрмөгө кесилген мурдагы президент Пак Кын Хеге ырайым берди. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Парк Беом-Кье 24-декабрдагы брифингде билдирди. Ал мурдагы президент 31-декабрдан тарта мунапыс бериле турган 3 миңден ашуун адамдын бири экенин айтты. "Биз тарыхтын жагымсыз бөлүгүн артка калтыруу үчүн жана келечекте жаңы кадам таштоого мүмкүнчүлүк берүү үчүн президент Пакты бул тизмеге коштук", - деди министр. Мурдагы президенттин... Читать дальше...

Новости России
Москва

Состоялась премьера песни Гульдарии Юсуповой


"Бажыдагы буга чейинки жемкордук схеманы жок кылдык"

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков "Азаттык" радиосуна курган маегинде, тармактагы коррупцияны жок кылуу үчүн толук санариптештирүү жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, системадагы жемкорлукка катышы бар 20 кызматкер жумуштан алынды. Кубанычбеков буга чейинки жетекчилик түзгөн схеманы түшүндүрүп, учурда ал жоюлганын кошумчалады.

Султан Раев Казакстандын "Биримдик" алтын медалы менен сыйланды

Azattyk.org 

Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевге Казакстандын “Биримдик” (Бірлік) алтын медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Казакстан элинин ассамблеясынын мүчөсү Шавкат Исмаилов Фейсбук баракчасына жазды. “Биримдик” алтын медалын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев негиздеген. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын коомдук сыйлыгы болуп саналат жана көптөгөн өлкөлөргө кеңири таанылган, коомдун кубаттоосуна ээ болгон казакстандык жана чет элдик жарандар сыйланат. Маалыматка караганда... Читать дальше...

Студенттик спектаклдердин "Жаңы ысымдар" театр фестивалы башталды

Azattyk.org 

Студенттик спектаклдердин алтынчы республикалык "Жаңы ысымдар" театр фестивалы эки күнгө созулат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги фестиваль эртең 25-декабарда Кыргыз улуттук тарых музейинде жыйынтыктала турганын кабарлашты.  Фестивалга Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин театр жана кино факультетинин, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, Ош мамлекеттик университетинин киноакадемиясынын Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов... Читать дальше...

Кубанычбеков: Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын 75% башка мамлекеттерге өтүп кетүүдө

Azattyk.org 

Кытайдан Кыргызстанга кирген жүк ташуучу автоунаалардын 75% транзит аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Орусияга өтүп кетип жатат. Бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. “Кытайдан 150 жүк ташуучу унаа кирип жатса анын 25% гана Кыргызстанда калып жатат. Калганы Казакстан, Өзбекстан, Орусияга транзит болуп өтүп кетүүдө. Бул чоң көйгөй. "Дордой", "Мадина", "Кара-Суу", "Баткен" базарларында товар жетишсиз болуп жатат. Кыргызстанга көбүрөөк киргизсек баалар түшөт. Читать дальше...

Аба ырайы: кээ бир аймактарда туман түшөт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору 25-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 7…12; Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7; Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт... Читать дальше...

Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячыл саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февралга чейин камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме






Мария Багреева рассказала о роли производительности труда в росте экономики

Врезавшегося в Троицкий мост в Петербурге лихача задержали в Москве

Жители ХМАО расскажут о родственниках-героях благодаря Полотну Победы

Путин: больше 90% расчетов в ЕАЭС производятся в национальных валютах