Депутат Бакыт Жетигенов камактан бошотулганы кабарланды
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигеновду 22-декабрда абактан бошотуу тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу адвокат Бактыбек Жумашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, депутат сот залынан бошотулган. Чечим түнкү саат 23:00дөн өтүп чыкканы айтылды. Райондук соттун басма сөз кызматы расмий маалымат бере элек. Жогорку Кеңеш 22-декабрда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген эмес. Буга чейин... Читать дальше...