Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 17.12.2021

Москва НАТОго пост-советтик өлкөлөр менен кызматташпоону эскертти

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтына АКШ жана НАТО менен макулдашыла турган "коопсуздук кепилдиги жөнүндө" келишимдин вариантын жарыялады. Орусия АКШга сунуш кылган келишимдин долбоорунда "Кошмо Штаттар НАТОнун чыгыш тарапты көздөй кеңейишин токтотуу милдеттенмесин алышы керек. Пост-советтик мамлекеттерди альянска кошпойт жана алардын аймактарында аскердик база ачпайт, алар менен эки тараптуу аскердик кызматташууга барбайт" деп жазылган. Ал эми НАТО менен түзүлө турган келишимдин... Читать дальше...

Чет элдиктерге жаккан Кыргызстан

Azattyk.org 

18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күндү утурлай "Азаттык+" программасы Кыргызстанга келип жашап, эмгектенип, үй-бүлө күткөн чет өлкөлүк жарандар менен тааныштырат.

Орусия мушташкан мигранттарды киргизбейт

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу экенин Чек ара кызматы билдирди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2020-жылкы Октябрь окуялары боюнча сот уланды. Орусия "калайман мушташка катышкан, мыйзам бузган" деген 400 мигрантты 40 жыл өлкөгө киргизбейт.



Жапониядагы психиатриялык клиникадагы өрттөн 28 киши көз жумду

Azattyk.org 

Жапониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан өрт чыгып, кеминде 28 киши көз жумду. Полиция өрттү атайлап бирөө койгон болушу мүмкүн деген негизде кылмыш ишин козгоду. Өрт 17-декабрь күнү эртең менен тутанган. Психиатриялык ооруканада депрессияга кабылгандар, уйкусуздуктан жапа чеккен бейтаптар дарыланат. Тилсиз жоо жарым сааттын ичинде өчүрүлгөн. NHK телеканалынын маалыматына караганда, клиникага кандайдыр бир суюктук көтөргөн улгайган киши киргени байкалган. 2019-жылы Жапонияда белгисиз адам Киотодогу киностудияга өрт коюп... Читать дальше...

Азербайжанда камактагы оппозициячыл саясатчы ачкачылыгын токтотту

Azattyk.org 

Азербайжанда камактагы оппозициячыл саясатчы Салех Рустамли 41 күндөн бери кармап жаткан ачкачылыгын токтотту. Рустамли 2018-жылы камалып, жети жылга кесилген. Сот аны арам акчаны адалдаштырып, "Азербайжан элдик фронту" оппозициячыл партиясынын эсебине 420 миң доллар которгон деп күнөөлөгөн. Рустамли айыптардын баардыгын четке кагып, мунун саясий мүдөсү бар экенин айтып келет. Ноябрь айынын башында Рустамли түрмөдөн бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Анын адвокаты Бахруз Байромов "Азаттыктын" азери кызматына билдиргендей... Читать дальше...

Футбол: президент катышкан оюнду маданият кызматкерлери утту

Azattyk.org 

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн достук мелдеште маданият кызматкерлеринен түзүлгөн "Өнөр" командасы жеңүүчү болду. Алар финалда футбол ардагерлеринен түзүлгөн "Алга" командасын 2:0 эсеби менен утту. 3-орун үчүн болгон мелдеште "Президенттин администрация" командасы ишкерлерден түзүлгөн "Бизнес" командасын 5:3 эсеби менен жеңди. Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Оюнга президенттин администрациясынын, футбол ардагерлеринин... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында атылган октун чоо-жайы

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак болду. Окуя 16-декабрда кечке маал Баткен районунун Көчө-Бою аймагында катталды. Кыргызстандын жараны өз короосунда курулуш иштерин жүргүзүп жатканда тажик тараптын чек арачалары келип, курулушту токтотууну талап кылган. Ушундан улам тараптардын ортосунда чыр чыгып, Тажикстандын чек ара кызматкери асманга ок аткан. Баткен районунун Көчө-Бою аймагында чыр-чатак болгон үйдө жашаган Шайыргүлдүн сөзү боюнча, 16-декабрда урап... Читать дальше...

Октябрь окуясындагы башаламандык боюнча сот 14-январга жылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 17-декабрда Октябрь окуялары боюнча кезектеги соттук териштирүү  уланып, кийинки отурум 2022-жылдын 14-январына белгиленди.  Сот отурумунда кылмыш ишине айыпталуучу катары өтүп жаткан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асановдун адвокаттары аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, бирок сот канааттандырган жок. Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана... Читать дальше...

Кара-Суу: куралдуу карактоо, чочулаган ишкерлер

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эң чоң дүң соода базары жайгашкан Кара-Суу шаарында болгон куралдуу карактоо ишкерлер арасында тынчсызданууну жаратты. 13-декабрда таламандын так түшүндө болгон ​окуяда бир киши травматикалык тапанчадан жабыркап, шаардын так ортосунда автоунаа өрттөндү. Ош облустук милициясы тонолгон 114 миң АКШ долларынын дайыны табылбай жатканын айтууда. Чак түштөгү куралдуу карактоо Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирди. Читать дальше...

Өзбекстан картөшкө импорттогон дүйнөдөгү беш алдыңкы мамлекетке кирет

Azattyk.org 

Быйыл 11 айда Өзбекстан 455 миң тоннадай картөшкө импорттогон. Бул 2017-жылкы көрсөткүчкө караганда 2,2 эсе көп. Бул тууралуу EastFruit порталы маалымдады. Өкмөт чет жактан картөшкөнүн уругун алып келип, дыйкандарга күчтөп айдатканы менен жыйынтык чыга элек. EastFruit билдиргендей, быйыл Өзбекстанга картөшкө негизинен Иран, Казакстан, Пакистан, Кыргызстан жана Нидерланддан алып келинген. Учурда кошуна мамлекетте картөшкөнүн бир килограммынын орточо баасы 4500-5000 сум же 34-36 сомду түзөт. Дыйкандар... Читать дальше...

Бишкекте өзгөчө ыкма менен айтыш өтөт

Azattyk.org 

19-декабрда Бишкектеги "Асанбай" маданият үйүндө өзгөчө ыкма менен айтыш өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Маалыматта айтыш эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өтөрү айтылат. "Ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо максатында уюштурулуп жатат. Мурастарды заманбап дизайнда чечмелеп, байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо иш-чаранын башкы максаты", - деди уюштуруучулар. Айтышта Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова... Читать дальше...

Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан эки жарандын сөөгү табылды

Azattyk.org 

14-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургундарынын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17-декабрда маалымдашты. Балык уулоого кетип үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 56 жана 73 жаштагы Кажы-Сай айылынын тургундарын издөөгө Өзгөчө кырдалдар министрлигинин куткаруучулары менен милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан 100дөй адам тартылган. Бул окуяны иликтөө үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнө табылган сөөктөр өткөрүлүп берилди. Жыл башынан бери Ысык-Көлдө 18 киши сууга чөгүп кетти.

Самаковдун иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарды

Azattyk.org 

Жогорку сот 17-декабрда парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковдун ишин кыскартуу тууралуу шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарды жана материалдарды кайра экинчи инстанцияга жөнөттү. Ушул жыл башында Жогорку сот Самаковго чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө берген. Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген. Анын ишине байланыштуу дагы башка кызмат адамдары камалып, соттолгон. Самаковдун... Читать дальше...

Ингушетияда жер алмашууга каршы чыккан жети киши кесилди

Azattyk.org 

Ингушетияда сот "жер реформасы" боюнча айыпталган жети кишини 7,5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратты. Алар "экстремисттик топ түзгөн" жана "полицияга каршы зомбулук уюштурган" деген кинелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттолгондордун баары мындай айыптоолорду мойнуна алышкан жок. Соттун өкүмү угузулганда, нааразылык акцияларынын башында турган Ахмед Барахоев "Мына демократия. Мына сот адилеттүүлүгү. Эгер өмүр бою кесүүнү сураса, өмүр бою эркимден ажыратмаксыңар" - деди. "Мемориал" укук... Читать дальше...

Новости России
Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».


Жогорку сот шайлоо боюнча "Клооптун" арызын карады

Azattyk.org 

"Клооп Медианын" айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору бурмаланганы боюнча жазган арызын Жогорку сот карап, Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп Медиа" айрым шайлоо тилкелериндеги биринчи түзүлгөн протоколдор менен жыйынтыктоочу протоколдордо айырма бар экенин билдирип, Боршайкомго арыз жазган. БШКдан жооп ала албагандан кийин БШКнын "аракетсиздиги үчүн" Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Бирок... Читать дальше...

400 мигрантка Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Azattyk.org 

Орусияда калайман мушташка катышканы жана башка мыйзам бузуулар үчүн 400 мигрантка өлкөгө кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Татьяна Дмитриева Эл аралык мигранттар күнүнө арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, кара тизмеге түшкөн мигранттар Орусияга 40 жыл кире алышпайт. Дмитриева ушул тапта Москвада 1 миллион 33 миң мигрант бар экенин, анын 82% иш менен камсыздалганын кошумчалады. Алардын негизи бөлүгүн Өзбекстандын (31%), Тажикистандын (26%) жана Кыргызстандын (25,4%) жарандары түзөт. Читать дальше...

АКШ Сенаты Кытайга жаңы санкцияларды киргизди

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу бир нече кытайлык компанияга санкция киргизди. Американын Соода министрлиги “кара тизмеге” Кытайдын Аскердик медицина илимдер академиясын жана ага караштуу 11 институтту киргизди. Аталган мекемелер аскердик багыттагы биотехнологияларды чыгарууга адистешкен. Шинжаңдагы репрессиялык саясаты үчүн Бээжин беш жылдан бери эл аралык айыптоолорго жана санкцияларга кабылып келет. 16-декабрда АКШ Сенаты Шинжаңда өндүрүлгөн товарларды импорттоого тыюу салды. Читать дальше...

Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жыл - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму 2022-жылды  - "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Тиешелүү резолюция 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын пленардык жыйынында кабыл алынган. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, токтом долбоорун кароонун алдында кыргыз тарапка аны тааныштыруу үчүн сөз берилген. 2022-жылды "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыялоо демилгесин президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын... Читать дальше...

Жаңы конуштардагы өп-чап турмуш

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын май айына чейин Кыргызстанда документи жок үй болбошу керектигин билдирген. Азыр жер-жерлерде атайын комиссиялар иштеп жатат. Бирок убагында ишеним каттын негизинде жер алгандар “кызыл китеп” кимге чыгарын билбей жатышат. Ошол эле учурда жаңы конуштун көйгөйлөрү документ алуу менен эле чечилип калбайт. “Кызыл китеби” бар кээ бир жаңы конуштарга милиция, тез жардам келбейт.

"Кыз төрөгөнүм үчүн урчу". Кызыл камчы күйөөдөн качкан Асел

Azattyk.org 

Кыргызстанда жыл башынан бери 8000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Акыркы жылдары зөөкүр күйөөсүнөн качып, кризистик борборлордо баш калкалаган аялдардын саны көбөйгөн. 20 жаштагы Асел да азыр үч кызы менен чоң муштум күйөөсүнөн качып, курбусунун үйүндө убактылуу жашап жатат.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Делегации из 25 субъектов РФ посетят российско-китайский форум в Харбине

Появились кадры с возвращающимся в Россию генералом Суровикиным

Агитпоезд «Сила в правде» проехал по России более 34 тысяч километров

Компания «Мособлэнерго» поздравила ветеранов с Днем Победы