Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2021

Новости за 31.12.2021

Кадыров ата-энеси менен чогуу "эмгек сиңирген укук коргоочу" деп жарыяланды

Azattyk.org 

Орусиядагы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, анын атасы Ахмат Кадыров жана апасы Аймани 31-декабрда республиканын “эмгек сиңирген укук коргоочусу” деп жарыяланды. Тиешелүү буйрукка аймактын Акыйкатчысы Нурди Нухажиев кол койгонун "Грозный" республикалык телеканалы билдирди. Акыйкатчы салтанаттуу сөзүндө Кадыровдордун үй-бүлөсүнүн "адам укуктарын жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон зор салымын" белгиледи. Бул иш-чарага Чеченстандын башчысы жана анын апасы катышкан жок. Бул билдирүү соңку... Читать дальше...

Европа Кеңешинин комиссиясы "Мемориалды" жоюуну айыптады

Azattyk.org 

Укук аркылуу демократия үчүн Еврокомиссия - Европа Кеңешинин консультациялык органы "Мемориалды" ("чет элдик агенттердин" реестрине киргизилген) жоюу боюнча Орусиянын Жогорку сотунун чечимин айыптады. Комиссиянын билдирүүсүндө бул чечим эл аралык стандарттарды бузуу деп айтылат. Комиссия “чет элдик агенттер” мыйзамы “так эмес жана өтө кеңири” деп эсептейт. "Кандай гана жаза болбосун кылмышка пропорционалдуу болушу керек. Ал эми уюмду жоюу демократияга коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар... Читать дальше...

"Азаттыктын" миллионер каармандары

Azattyk.org 

“Бүгүн Азаттыкта” жаңылыктар программасынын атайын чыгарылышы. Быйыл президенттик шайлоо өтүп Садыр Жапаров өлкө башына келди. Ал ортодо Баткенде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып 36 кыргызстандык курман болду. Дагы бир урунттуу окуя, өкмөт май айында Кумтөр кенин колго алып ошондон бери өзү иштетип келатат. Кыргызстан эгемендиктин 30 жылдыгын белгиледи. Жыл жыйынтыгы күмөн жараткан парламенттик шайлоо менен аяктады.

Нью-Йорк: мекендештерин саткан өзбек жараны кармалды

Azattyk.org 

АКШда кармалган Өзбекстандын жараны буга чейин ал жакта иштеп жүргөн мекендештерин соодалап жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 31-декабрда билдирди. "Адам сатуу менен алектенип, аларды АКШга кулчулукка алып барууга шектелген Өзбекстандын жараны Интерполдун жардамы менен Америка Кошмо Штатында кармалды. Ал адам Нью-Йоркто колго түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө. Кармалган адам азыркы учурда Өзбекстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Читать дальше...

Словакияда эмдөөдөн өткөндөргө 300 евро берилет

Azattyk.org 

Словакияда 60 жаштагы жана андан жогорку жаштагы жарандарды COVID-19га каршы эмдөөгө тартуу үчүн Каржы министрлиги атайын жеңилдиктерди карады. Тактап айтканда, эмделген же 2022-жылдын 15-мартына чейин эмдөөгө катталган жарандар 300 евро өлчөмүндө акчалай сыйлык алышат. Мындай материалдык колдоо Словакияда туруктуу жашаган, өлкөдө узак убакытка чейин жашоо укугу бар жана 15-январга чейин COVID-19 вакцинасынын биринчи, экинчи же үчүнчү дозасы менен эмделген жарандарга гана тиешелүү. Словакиянын... Читать дальше...

Путин Рейгандын бейрасмий кеңешчисине жарандык берди

Azattyk.org 

Владимир Путин америкалык жазуучу жана АКШнын экс-президенти Рональд Рейгандын учурунда анын СССР боюнча бейформал кеңешчиси болгон Сюзанна Массиге орус жарандыгын берди. Бул тууралуу тиешелүү жарлыкка президент Владимир Путин 30-декабрда кол койду. Сюзанна Масси 90 жашта. Ал орус тарыхын изилдөөчү жана “От кушунун өлкөсү: Байыркы Орусиянын кооздугу” деген китептин автору. Рейган Массиге анын эмгегин окугандан кийин кызыгып калган деп айтышат. Алар АКШда Ак үйдө жолугушкан. Андан кийин, Советтер... Читать дальше...

Базардагы асман чапчыган баалар

Azattyk.org 

Өтүп бара жаткан 2021-жылы Кыргызстандын базарларын кымбатчылык басып, азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү эки эсеге кымбаттады. Мындан тышкары курулуш материалдарына, күйүүчү майга болгон баалар өстү. Бул жылы Бишкек жана Ош шаарындагы жол кире акысы дагы көтөрүлдү.



Кыргызстандык таланттын Москвадагы жеңиши

Azattyk.org 

30-декабрда Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында кыргызстандык ырчы Александр Волкодав жеңүүчү болду. Сынактын финалында кыргызстандык ырчы казакстандык Ернар Садирбаев, Алишер Каримов жана орусиялык Элина Пан таймашты. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча, шоунун жеңүүчүсү болуп кыргызстандык Александр Волкодав табылса, экинчи орунга казакстандык ырчы Алишер Каримов ээ болду. 32 жаштагы Александр финалдык концерттин башында насаатчысы Пелагея менен бирге... Читать дальше...

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет

Azattyk.org 

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань (13 млрд. сомдон ашык) жардам берет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 31-декабрда мурда эки өлкөнүн жетекчилеринин деңгээлинде жетишилген келишимдерге ылайык, Кытай биринчи келишим боюнча 350 млн. юань, экинчи келишимге ылайык, 650 млн. юань берет. Бул каражатка эки тарап макулдашкан социалдык-экономикалык, инфраструктуралык долбоорлор ишке ашат. Кыргызстандын Экономика жана коммерция... Читать дальше...

Аскар Салымбеков ал тууралуу жалган маалымат таратпоого чакырды

Azattyk.org 

“Дордой” ассоциациясынын негиздөөчүсү, ишкер Аскар Салымбеков өзү жөнүндө социалдык тармактарда жалган маалыматтар тарап жатканын билдирип, аларга ишенбөөгө чакырды. Анын айтымында, Интернетте “Салымбеков оппозицияны каржылап жатат” деген жалган маалымат тарап жатат. Салымбеков кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу таратты. “Аскар Салымбеков оппозицияны каржылап жатат деген имиштерин төгүндөп, ошол маалымат булактарын жалган маалыматты таратуудан алыс болууга чакырмакчымын. Мен ар дайым өлкөбүздүн саясий... Читать дальше...

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти "чет элдик агенттер" тизмесинин кеңейишин айыптады

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флай радиостанция менен кызматташкан медиа уюмдардын “чет элдик агенттер” реестрине киргизилгенин айыптады. "Бүгүнкү күндө "Азаттык" радиосунун эки журналистинин "чет элдик агенттер" тизмесине кошулушу менен радиостанцияда иштеген жалпы орусиялыктардын саны 18ге жетти. Бул иш-аракеттер бизди орус аудиториясы үчүн иштөөнү токтотууга мажбурлабайт", - деди Флай. 30-декабрда "чет элдик агенттердин" тизмесине "Азаттык" радиосунун социалдык тармактарынын редактору Иван Беляев... Читать дальше...

АКШда бир күндө 500 миңден ашуун адам коронавирус жуктурду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарда дээрлик эки жылдан берки коронавирустун эң чоң көрсөткүчү катталды. The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, өткөн шаршембиде өлкөдө коронавирус инфекциясы 488 миңден ашуун адамга жуккан.  Worldometers порталынын маалыматтарына ылайык, бейшемби күнү бул көрсөткүч андан да жогору - 500 миң адамдан ашкан. Эксперттер мындай кескин өсүштү "омикрон" штаммынын тез таралышы менен байланыштырууда.  Ушундай эле көрүнүш Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө да байкалат. Тактап айтканда... Читать дальше...

Президент Жапаров "Голос" сынагынын жеңүүчүсү Волкодавды куттуктады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Биринчи телеканалында өткөн “Голос” музыкалык сынагында жеңүүчү болгон кыргызстандык ырчы Александр Волкодавды куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосун Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Мекендешибиз сынактын бардык баскычтарын ийгиликтүү өтүп, мыктынын мыктысы экенин далилдеди. Мекендештерибиздин арасында Кыргызстандын даңкын өлкө сыртына да даңазалаган таланттуу жаштар бар экенине абдан сыймыктанабыз. Александрдын жеңиши биз үчүн жаңы жылдык эң сонун белек болду. Ага мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди... Читать дальше...

Түркияда тажик оппозициясынын өкүлү кармалды

Azattyk.org 

Стамбул шаарында Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын активисти Насим Шарипов кармалды. "Азаттыктын" тажик кызматы аталган оппозициялык кыймылдын маалыматына таянып билдиргендей, 30-декабрда жарандык кийимчен түрк полициясы кызматкерлери ал жашаган үйгө келип, колуна кишен салып алып кеткен. Шариповдун эмне себептен кармалганы анык эмес. "Группа 24" кыймылы аны тажик өкмөтүнүн суранычы менен кармашканын божомолдоп жатат. Азырынча расмий маалымат жок. Насим Шарипов 2015-жылдан бери Түркияда жашап... Читать дальше...

Израил АКШдан аскер учактарын сатып алат

Azattyk.org 

Израилдин Коргоо министрлиги 31-декабрда АКШдан жалпы наркы 3,1 миллиард долларлык аскер учагын жана тик учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын жарыялады. Түзүлгөн келишимге ылайык, Тель-Авив 12 Ch-53K тик учагын жана эки Boeing KC-46 май куюучу учакты сатып алууну карайт. Бул келишимде ага кошумча алты тик учак сатып алуу мүмкүнчүлүгү да камтылган. Тик учактарды Израилге жеткирүү 2026-жылы башталса, май куюучу учактар 2025-жылы берилет.   Израил армиясынын өкүлү ырастагандай, азыркы... Читать дальше...

Иран жаңы ракета учурду

Azattyk.org 

Өткөн бейшемби күнү АКШ Ирандын жаңы ракета учуруусуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, бул иш-чара өлкөнүн баллистикалык ракета программасына олуттуу жардам бере турган жабдууларды колдонууда. Иран асманга үч спутниги бар ракета учурганын айткандан кийин, Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Вашингтон Ирандын ракета учуруучу жабдууларын өнүктүрүүгө тынчсызданып жатканын билдирди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы кошумчалагандай, Ирандын... Читать дальше...

Маданият министрлиги төрт телеканалдын лицензиясын токтотту

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик тил жана ата мекендик өндүрүш боюнча эреже талаптарын сактабагандыгы үчүн "8 канал", "РТВ Медиа", "НТВ КейДжи" жана "Домашний" телеканалдарын аналогдук берүүдө жана санариптик пакетте эфирге чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамда белгиленген талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, мыйзамдагы жобонун 31-пунктуна ылайык... Читать дальше...

Новости России
Москва

Росгвардия обеспечила безопасность генеральной репетиции парада ко Дню Победы в Москве


Зомбулукка каршы Айзада Канатбекова атындагы фонд түзүлөт

Azattyk.org 

Бишкекте 2021-жылы 5-апрелде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоо боюнча иштеген фонд түзөт. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” маалымдады. “Өзүбүз фонд ачып жатабыз. Анткени өкмөт, укук коргоо органдары кызматкерлерин шалаакылыгы боюнча жоопко тартпаса, коомчулук өзүбүз окуяларды иликтейбиз”, - деди Токтакунов. 25-майда Айзада Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарды. Читать дальше...

Тышкы саясат: кыргыз дипломатиясын сынаган жыл

Azattyk.org 

2021-жылы январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров көп багыттуу тышкы саясат жүргүзүүнү убада кылган. Бул убадасынын өтөсүнөн чыга алдыбы? Узаган жылга сереп салабыз. 28-декабрда Санкт-Петербургда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (СССР урагандан кийин 1991-жылы түзүлгөн) бейформал саммити өттү. Жолугушуу орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп, анда маанилүү деле документ кабыл алынган жок. Учурдун көйгөйүнө айланган коронавирус пандемиясы боюнча гана сөз болуп... Читать дальше...

Аида Салянова Свердлов округунан депутаттыкка талапкерлигин коет

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кайра шайлоо өтчү №29 Свердлов шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлигин коет. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди. Аида Салянованын айтымында, анын шайлоого катышуусуна мыйзамдык жактан эч кандай тоскоолдук жок. 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалды. 31-декабрга карата эки округдан депутаттыкка... Читать дальше...

Кыргызстандагы Жаңы жыл шаңы

Azattyk.org 

Бишкекте, Ошто, Таласта жана Жалал-Абадда Жаңы жылдык балатылар орнотулуп, көчөлөр, кеңселер кооздолгон.

Кытай инвесторлорунун ишканаларын калыбына келтирүү талкууланды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Эки тарап кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пункттарында жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, кытайлык инвесторлордун өнөр жай ишканаларын калыбына келтирүү жана жандандыруу, ошондой эле билим берүү тармагындагы кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин сүйлөштү. Читать дальше...

Коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча COVID-19 вирусунан эки киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 802 киши көз жумду. Өткөн суткада дагы 56 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында. Бишкек шаарында - 41 Жалал-Абад облусунда - 7 Баткен облусунда - 3. Ош облусунда - 2 Талас облусунда - 2 Чүй облусунда - 1... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной






Адвокат Тимура Иванова хочет обжаловать решение суда для смягчения приговора

Хельга Рай высказалась о скоропостижной смерти актрисы Галины Давыдовой

Зарема Салихова: в чемпионате "Спартаку" ловить нечего

Тайны профессии. Восемь историй о том, когда нотариусы спасают людей