Кыргызстандык балбандар Бекболот Мырзаназар уулу жана Эрназар Акматалиев Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатында финалга чыгышты.
Эркин күрөштөн 57 килограмм салмакта күч сынашкан Мырзаназар уулу жарым финалда белорусиялык Дмитрий Шамеланы 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңип финалга жолдомо алды. Жарым финалга чейин Мырзаназар уулу эки атаандашын таза жеңип алган эле. Алгач Гвинея-Бисау өкүлү Диамантина Иуна Фафени 10:0, чейрек финалда Ахмад Масуд Мохаммаднежаджаванды 7:0 эсебинде уткан. Финалда азербайжандык Алиаббас Рзазаде менен беттешет.
Бекболот Мырзаназар уулу 23 жашта. Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (Словакия, 2018-ж.). 23 жашка чейинлер арасында Азия чемпионатынын күмүш (Монголия, 20219-ж.), чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Индия, 2020-ж.).
Күрөштүн ушул эле түрүнөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев 4-ноябрда жарым финалда азербайжандык Мурад Евлоевди 12:8 эсебинде жеңип алды. Ал жарым финалда чейин алгач грециялык Кристос Кристофоридисти 12:2, чейрек финалда ирандык Алиакбар Алиаскар Фазлихалилини 10:6 эсебинде жеңди. Алдыда финалда армениялык Вазген Теванян менен күрөшөт. Финалдык беттештер 6-ноябрдан 7-ноябрга караган түнү болот.
Эрназар Акматалиев бир ай мурда Норвегиянын Осло шаарында өткөн эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болгон.
4-ноябрда күрөштүн бул түрүнөн кыргызстандык Айбек Токтогул уулу (65 кг) эки атаандашын жеңип, чейрек финалда түркиялык атаандашына утулса, Мухаммад Абдуллаев (79 кг) 1/8 финалда мелдештен четтеди. Алдыда Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) күч сынашат. 2-ноябрда башталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты 7-ноябрда аяктайт. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын балбандары мелдештерин байгесиз жыйынтыктаса, кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы алтын медал тагынган. (ECh)
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
RPG Battle of Souls доступна в Google Play 2 стран
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
В Улан-Улан-Удэ пройдет летний дэгэлфлешмоб, организованный театром Бурдрамомы: Россия, Театр и Культура, Дети
В Бурятии прошла Байкальская театральная школа прошла - Россия, Культура и Дети
Россия, Культура и Дети: детский конкурс эмблемы обьявил Театр кукол в Улан-Удэ