Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Министрдин дагы бир орун басары кызматтан алынды

0
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова кызматтан кетти. Буга байланыштуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-октябрда кол койду.


Полотова өзү жазган арыздын негизинде иштен бошотулганын өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу “Азаттыкка” ырастады.


Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова, орун басары Лунара Мамытова өздөрү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулган.


Министрдин дагы бир орун басары Зууракан Каденова учактагы чырга байланыштуу жумуштан алынган.




Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын, дипломатиялык паспортторду жеке максаттарда пайдаланышын текшерүү зарыл" деп билдирген.


Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүргөн. Башкы прокуратура аталган министрликтин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштери үчүн колдонгону аныкталганын билдирген. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса