Трамп: USMCA макулдашуусу жүз миңдеген жумушчу орундарын түзөт
Кошмо Штаттары менен Канада Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) айрым өзгөртүүлөр менен сактап калууну макулдашты. Жаңы макулдашуу эми USMCA деп аталат жана ал америкалык сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн Канада базарына кирүүсүнө жол ачат. Ошол эле кезде АКШ Канаданын автоунаа ишканаларына кошумча бажы алымын киргизбейт. “Бул чаралар жүз миңдеген жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшөт” деди АКШ президенти Дональд Трамп. 30-сентябрь АКШ менен Канаданын бул маселе боюнча макулдашуусунун акыркы күнү болчу.