Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 27.10.2018

Жоламандын жеңиши

Azattyk.org 

26-октябрда кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды.

Жаштык кылып койдум... Балбан Жоламан Шаршенбеков менен эксклюзивдүү маек

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси Жоламан Шаршенбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек курду. Ал спорттогу ири бурулушу, жеңиштен кийинки сезимдери, үй-бүлөсү, машыктыруучусу жөнүндө айтып берди.

Кыргызстан ачык өкмөткө бет алды

Azattyk.org 

Премьер-министр Абылгазиев жакынкы айларда коомчулук ачык өкмөттү ишке ашыруунун жыйынтыктарын көрө баштайт деп убада берди.

Бишкекте БУУнун күнү белгиленди

Azattyk.org 

Бишкектеги соода борборлорунун биринде Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөн күнү белгиленди. Иш-чарага бул уюмдун колдоо программаларына кирген бардык долбоорлордун өкүлдөрү катышып, келгендерге маалымат беришти. - Биз жылына 24-октябрда БУУнун туулган күнүн белгилейбиз. Баарына маалым болгондой, бул уюм дүйнөгө тынчтыкты, бакубаттыкы орнотууну максат кылат, - деп билдирди уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело. Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасы өкүлчүлүктүү программалардан, фонддордон... Читать дальше...

Стамбулда Сириянын тагдыры талкууланып жатат

Azattyk.org 

Түркия, Орусия, Франция жана Германиянын өлкө башчылары 27-октябрда Стамбулга чогулуп, Сириянын тагдырын талкууга алышты. Бул өлкөдө согуштук кырдаал өкүм сүргөндөн бери 400 миңден ашуун киши каза таап, миллиондогон адамдар качкынга айланган. Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин, Германиянын канцлери Ангела Меркел жана француз президенти Эммануэл Макрон жыйында Сириядагы согушту токтотуунун жолдорун, качкындар көйгөйүн, гуманитардык жардамдарды жеткирүү маселелерин карашууда. Читать дальше...

Ооганстан: Кандагарда шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

27-октябрда Кандагар провинциясында парламенттик шайлоо өтөрү буга чейин кабарланган. Отуз төрт провинциянын отуз экисинде добуш берүү бир жума мурда өткөн. Шайлоого эки күн калганда Кандагар полициясынын башчысы, генерал Абдулла Разакка талибдер кол салып, добуш берүү күнү жылдырылган. Разак “Талибандар” уялаган провинцияда стабилдүүлүктү сактай алганы менен аты чыккан.  Бийликтин маалыматында, жергиликтүүлөрдү колдоо жана Кандагардагы коопсуздукту сактоо үчүн миңдеген кошумча аскерлер жөнөтүлгөн. Читать дальше...

Миң-Куштун эли көмүр казгандарга нааразы

Azattyk.org 

Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынын тургундары көмүр казган компаниялар экологияга, элдин саламаттыгына залакасын тийгизип жатканын айтып чыгышты.

Таласта оюн учурунда аткаминерлерге сөз берген калыстар жазаланды

Azattyk.org 

19-октябрда Талас облусунда футзал боюнча өлкө чемпионатынын алкагында беттешип жаткан “Фарватер” (Бишкек) жана “Жаш-Муундун” (Жалал-Абад) оюну токтотулуп, аянтка өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев, шаар жетекчилери жана Футбол федерациясынын аймактагы өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөшкөн. "Оюнду токтотуу өлкө чемпионатынын регламентин жана жалпы эрежени бузуу болуп саналат" деп жазылат Кыргызстандын Футбол федерациясынын расмий сайтында. 26-октябрь күнү Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети жыйын өткөрүп... Читать дальше...



Шаматов: Мугалим окуу китебин өзү тандашы керек

Azattyk.org 

Кыргызстанда эки жүзгө жакын окуу китеби одоно каталар менен жарык көргөнү үчүн кайра басылганы жатат. Мындай жоопкерчиликсиз ишти оңдоо үчүн эмне кылуу керек? Эмне үчүн көп жылдан бери окуу китептерин даярдоо жана басып чыгаруу башкы көйгөйгө айланды. Бул маселе боюнча билим берүү боюнча эл аралык эксперт, учурда Казакстандагы Назарбаев университетинде иштеп жаткан профессор Дүйшөн Шаматов пикирин билдирди.

Айтматовдун өмүрүндөгү бурулуш

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү эң башкы бурулуш качан болгон? Же Эдиптик комплекс жана трагедия жөнүндө философиялык эссе.

ИИМ: ар кандай документ алуу жеңилдетилет

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборунда “Бирдиктүү терезе” системасы ишке кирди. 27-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков жана коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев борбордун техникалык мүмкүнчүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Анда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов ар кандай документтерди берүү жана жарандарды тейлөө, кызматтын түрлөрү жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, борбордо... Читать дальше...

Орусияда эки кыргызстандык терроризмге байланыштуу соттолгону айтылууда

Azattyk.org 

Орусиядагы Түндүк-Кавказ аймактык аскер соту кыргызстандык Акрамжон Абдуллаев менен Немотжан Исроиловду террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашкан деп таап, узак мөөнөткө эркинен ажыратты.  Бул тууралуу Интерфакс басылмасы соттун басма сөз кызматына таянып жазды. Анда кыргыз жарандары Абдуллаев 15 жылга, Исроилов 13 жылга эркинен ажыратылганы маалымдалат. Аларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205.1- (террористик ишмердүүлүккө катыштыгы бар) жана 205.5-беренеси (террористтик топторду... Читать дальше...

"Аялын урган эркектер жазасын алса..."

Azattyk.org 

28 жаштагы келин жолдошунун зордук-зомбулугунан тажаганда сотко кайрылды. Адистердин айтымында, кыргыз коомунда күйөөсүнүн кордугун ачык айтып, укугун коргогон аялдар саналуу.

Аба ырайы: күн 22 градус жылуу болот

Azattyk.org 

Гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 28-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот.   Тоолуу райондордо гана кар жаап, жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23; Таласта түнкүсүн 9…11, күндүз 16…21; Баткенде түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22; Нарын облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 15…20; Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Кытайда балдарга кол салган аял кармалды

Azattyk.org 

Кытайдын Чунцин шаарында 40 баланы жарадар кылган аял кармалды. Ал аш бычак менен бала бакчага кирип барганы айтылууда. Учурда шектүү кармалды, бирок кол салуунун себептери белгисиз. Соңку жылдары Кытайда балта, бычак менен элге кол салган бир нече учур катталган. Андан көбүнчө балдар жабыркаган. Бул кол салууга көп учурда психикалык жактан жабыркаган кишилер айыпталган.  Кытайда Шаньси провинциясындагы мектептин тогуз окуучусун өлтүрүп, 11 баланы жарадар кылды деген айып менен сентябрь айында бир киши өлүм жазасына тартылган. Читать дальше...

Шаршенбеков: Финалда жеңилгеним чоң сабак болду

Azattyk.org 

Грек-рим боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыган балбан Жоламан Шаршенбеков финалдагы беттеши боюнча “Азаттык” радиосуна ой бөлүштү. Шаршенбеков финалга чейинки атаандаштарын чоң айырма менен утуп келаткан. - Бул жеңилүү бул мен үчүн чоң сабак болду. Финалда ката кетирип алдым. Биро, мындан ары жакшы машыгып, келечектеги чемпионатта, башка мелдештерде байге алууга аракет кылам. Мага ишенип, колдогондорго ыраазымын. Алардын ишеничин финалда актай албай калдым. 26-октябрда кыргызстандык... Читать дальше...

Таластагы өкмөттүн өкүлчүлүгү депутатка жооп берди

Azattyk.org 

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Бакай Садыров парламент депутаты Рыскелди  Момбековдун  “төө буурчак  25 сомдон болуп жатат деген маалыматы чындыкка дал келбейт” деп жооп берди.    Анын айтымында, бүгүнкү күнү төө буурчактын баасы анын сортуна жараша 30 сомдон 50 сомго чейин кабыл алына баштады. Тагыраак айтканда, төө буурчактын  сортторунун баалары, лопатка - 40-44 сом, томатный (Американка)  - 30 сом, рябой - 45-47 сом, скороспелка - 48-50 сомдон сатылып жатат. Читать дальше...

Кыргызстанга Путин мамлекеттик сапар менен келет

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 2019-жылдын биринчи жарымында мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунда карала турган маселе 26-октябрда Кыргызстандын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери кезиккен учурда да талкууланды. Буга чейин Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Путиндин Бишкек сапарында онго жакын документке кол коюлары күтүлүп жатканын маалымдаган. Владимир Путин... Читать дальше...

Чыңгыз Айтматовдун экологиялык этикасы

Azattyk.org 

Адамзаттын генийи – Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун өзү, ата-энеси, анын чөйрөсү, геналдуу чыгармалары жөнүндө дүйнөгө атагы чыккан чыгармачыл адамдар, саясатчылар, окумуштуулар, ал эмес акыл-эси жаңыдан гана калыптанып келе жаткан мектеп окуучулары менен бала бакчалардын тарбиялануучуларына чейин өз дараметине, түшүнүгүнө, жаш өзгөчөлүгүнө жараша чыгармаларын жатка көркөм окуулардан баштап омоктуу ойлорун билдирген эмгектерин жаратып келе жатат.  Ошондой болсо дагы Ч.Айтматовдун ой байлыгы, акыл байлыгы чалкып жаткан түпсүз улуу мухит. Читать дальше...

Новости России
Москва

В регионах Центральной России росгвардейцы приняли участие в донорской акции «От сердца к сердцу»


Молдакматов: “Замандаш” бийликтин партиясы болбойт

Azattyk.org 

Партиянын төрагасы Жеңиш Молдакматов “Замандаш” саясий партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого жаңы программа менен бара турганын жарыялады. “Азаттык” радиосунуна курган маегинде Молдакматов саясий айдыңдагы “Замандаш” азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдарынан куралган партия болот” деген сөздөргө мындай жооп берди. - Албетте шайлоо учурунда Сооронбай Шариповичке ишенимдүү адам болгонум үчүн азыр байланыштырып жатышат. Бирок анын партияга тиешеси жок. Анын үстүнө партиянын саясий кеңеши бардык маселени чечет. Читать дальше...

Өзбекстан шарап өндүрүүгө чындап киришти

Azattyk.org 

Октябрь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Францияга барып келди. Андан аз өтпөй француздардын мыкты шараптары жасалчу каберне, совиньон, шардоне өңдүү жүзүм көчөттөрү алдырылды.

Кыргызстан: «өзгөчөлүкпү» же жаңы сенектик мезгилби?

Ca-irnews.com (kg) 

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоодон жеңип чыкканына бир жыл толуп, бул датага байланыштуу ар түркүн пикирлер коомчулукта жана массалык-маалымат каражаттарында кеңири жарыяланды.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Большой шлем

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже






Изрезанный ножом на улице в Одинцове мужчина госпитализирован

В «Лужниках» открылся военно-спортивный фестиваль Росгвардии

В Пермском крае СК возбудил дело после кадров с выгулом ребенка на поводке

Сегодня в Москве ваххабиты устроили резню