Согуш уланат. Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады
Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады. Сүрөт
Көзү көгөргөн Макгрегор билдирүү жасады. Сүрөт
Пакистандын Жогорку соту 2010-жылы “пайгамбарга акарат келтирген” деген айып менен өлүм жазасына өкүм кылынган тарса аялдын акыркы даттануусун карай баштады. Асия Бибинин адвокаты Сайфул Малук отурумдан кийин “Биз сотторго ишенип турабыз” деди. Үч судьядан турган соттук коллегия акыркы чечимин качан жарыялары белгисиз. Беш баланын энеси Биби 2009-жылы июнда камакка алынып, бир жылдан кийин райондук сот аны өлүм жазасына өкүм кылган. Христиан аялды катаал жазага тартууга мусулман... Читать дальше...
Коррупцияга айыпталган Алматы облусунун мурдагы акими Виктор Храпунов 17 жылга сыртынан кесилип, үй мүлкү мамлекетке чегерилди. Сот анын жубайы Лейла Храпунованы сыртынан 14 жылга кесип, үй мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүүгө өкүм чыгарды. Казак бийлиги Храпуновдорду бир катар кылмыштарга айыптап, анын ичинде “кылмыштуу топ түзүп башкарган, коз боёмочулукка барган жана пара алган” деп тапкан. Алардын тууганы Айяр Илясовго да ушул сыяктуу эле айып тагылды. Ал беш жылга эркинен ажыратылды. Читать дальше...
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулдугунун имаратында тинтүү жүргүзүүгө уруксат сурап, Эр Риядга өтүнүч жиберди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө NTV телеканалы кабарлады. Оппозициялык журналист Жамал Хашогги дайынсыз болгондон бери Түркиянын тышкы иштер мекемеси саудиялык элчини эки жолу чакыртты. Түрк бийлигинин өкүлдөрү бир апта мурун жоголгон Хашогги Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болушу мүмкүн деп боолголойт. Түркиянын президенти Режеп... Читать дальше...
Дүйнөдө кадыры, аты бар Сеул ооруканасында иштеген кыргыз келини. Жөө күлүк карыялар. Кайгы кабаттап баскан эне-бала тагдыры. Жер айдап жүрүп короосунан бомба таап алган баткендик дыйкандар. Комузду дуэтке салган шакирттер. Ушул баяндар "Данисте" телетоптомунун мазмунун түздү.
"Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым" деген Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты.
Башкы прокуратура министр Таалайкүл Исакунова жана анын айрым орун басарлары 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет өлкөлөргө чыкканын аныктады.
Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) абакта отурган, "Мемориал” укук коргоо борборунун Чеченстандагы бөлүмүн жетектеген Оюб Титиевге Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты ыйгарды. Бул тууралуу ПАСЕнин дүйшөмбүдө Страсбургда ачылган жыйынында уюмдун төрагасы Лилиан Мори Паскье жарыялады. Жыйында Оюб Титиевдин билдирүүсү окулду. Анда укук коргоочу Чеченстанда өкүм сүрүп жаткан “мыйзамсыздык”, жасалма кылмыш иштеринин козголушу, кыйноого жана мазактоого кабылгандар жөнүндө билдирет. Титиев... Читать дальше...
Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. 7-октябрда баш кеңсеси Лиондо жайгашкан уюмдун баш катчылыгы анын арызын кабыл алды. Ага чейин Кытайдын бийлиги Мэн Хунвэйге каршы "Коррупция" беренеси менен иш козголгонун билдирген.
Интерполдун жетекчиси Мэн Хунвэй кызматынан кетти. Ингушетияда Чеченстан менен жер айырбаштоого каршы нааразылык акциялары уланып жатат. Нобелдин экономика боюнча сыйлыгынын ээлери аныкталды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяда өткөн төртүнчү иш сапарын “жемиштүү” деп мүнөздөдү. Ал Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Пхеньянда жекшемби күнү жолугушту.
Бишкекте 6-октябрда рок сүйүүчүлөрү үчүн "Kuturgan Fest 2" фестивалы өттү.
8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, жайлоордо жана тоо этектеринде жаан карга айланат, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. 9-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 9...14, Талас жергесинде түнкүсүн -1...-3, күндүз 8...13, Баткен облусунда түнкүсүн 3...8... Читать дальше...
Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынан мурдагы башчысы, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин аты аталган кылмыш ишин жандантты. Бул маалыматты көзөмөл органынын басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, 2017-жылы козголгон кылмыш иши токтоп турган. Иш жандандырылып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка өткөрүлүп берилди. Азырынча эч кимге айып коюла элек. Былтыр Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматы 2013-жылы 28-мартта өткөргөн тендерге... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Кувейттен дарыгерлер келип акысыз операция жасай тургандыгы жөнүндө кабарды ырастаган жок. Министрлик тараткан маалымат боюнча, былтыр Кувейттен 31 дарыгер келип, кыргызстандыктарды акысыз медициналык кароодон өткөргөн. Бирок ал иш Саламаттык сактоо министрлиги менен алдын-ала макулдашып, бейтаптардын тизмеси түзүлгөн. Бул жолу министрлик Кувейт тараптан дарыгерлер келе тургандыгы жөнүндө расмий түрдө маалымат келип түшпөгөнүн билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда "29-октябрда Кувейттен дарыгерлер келип... Читать дальше...
Америкалык экономисттер Пол Ромер жана Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсү менен технологиялык инновациялардын интеграциясына жасаган макроэкономикалык анализи үчүн дүйнөлүк сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Швециянын Падышалык академиянын Нобел комитети 8-октябрда жарыялады. Пол Ромер технологиялык инновациялардын узак мөөнөттүк анализин жасаса, экинчи илимпоз Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсүн иликтейт. Эки илимпоз тең узак мөөнөттүк жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү иликтеп, замандын олуттуу... Читать дальше...
Болгарияда коррупциялык иштерди иликтеп жүргөн журналистти өлтүрүп кетишти. Премьер-министр "илинчек көп, кылмышкерлер кармалат" деп убада берүүдө. Полиция Виктория Маринованын өмүрүнө кол салууга эмне негиз болгонун териштирип жатат.
АКШдагы Канзас-Сити шаарында жол кырсыгына кабылган кыргызстандык Алмазбек Муминовдун абалынан Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги кабар алууда. Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда кыргызстандык туш болгон кырсыктан жагдайлары такталып жатат. Ошондой эле элчилик АКШдагы кыргызстандыктарын диаспорасы менен бирге жол кырсыгынан жабыркаган адамга жардам көрсөтүү боюнча иш жүргүзүп жатканын кабарлады. Буга чейин социалдык тармактарда АКШда кыргызстандык жол кырсыгына кабылып... Читать дальше...
Ингушетияда Чеченстан менен административдик чек араны аныктаган карама-каршылыктуу келишимге нааразы болгондордун митинги уланып жатат. Беш күндөн бери бийликтин уруксатысыз өтүп жаткан каршылык акцияларын улантууга дүйшөмбүдө жергиликтүү администрация уруксат берди. Магас шаарындагы акцияга канча адам катышып жатканы так белгисиз. Митингдин уюштуруучусу Муса Малсаговдун айтымында, 9-октябрдан тарта беш миңдей киши катышкан ири акциялар өтмөй болду. Нааразылыкка чыккандар Чеченстан менен Ингушетия... Читать дальше...
Улуттар Уюмунун эксперттери чукул арада глобалдык жылуулукка каршы чекиндүү чара көрүп, абанын табынын көтөрүлүшүн 1,5 градустан өткөрбөй кармап туруунун зарыл экенин белгилешет. “Коомдо чукул жана кеңири масштабда өзгөрүүлөр болгондо гана” Жердеги абанын температурасын ошондой деңгээлде кармап турса болот. Бул тууралуу Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөт аралык топтун (Intergovernmental panel on climate change - IPCC) Инчхон шаарында дүйшөмбүдө жарыяланган баяндамасында айтылат. Эксперттердин эсебинде... Читать дальше...
Ушундай экен дүйнө, алышкан оору сени да акыры алып тынган экен, Султан иним. Ашыкпай атаң менен апаңдын артынан кетсең болбойт беле!
Жалпы жонунан мелдешке 18 кыргызстандык чыккан болчу.
Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары ишти алып барып жаткан тергөөчүгө президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметованы суракка алууну сунуш кылып кайрылышты. Бул тууралуу Исаковдун адвокаттарынын бири Нурбек Токтакунов билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевге “ТВЕА компаниясынын баа боюнча сунушу өзгөчө белгиленди” деген Сапар Исаковдун кызматтык каты мурунку өкмөт башчысына айып коюуга негиз болгон. Читать дальше...
7-октябрь күнү Лас-Вегаста убактылуу титулдун жеңил салмактагы ээлери Тони Фергюсон менен экс-чемпион Энтони Петтис сегиз бурчтуктан жолукту.
Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрга караган түнү 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал акыркы убакта онкологиялык дарттан жабыркап жүргөн. Султан Жумагулов Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналистика адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун республикалык басылмаларда баштап, кийин ВВСде, "Азаттыкта", ЭлТРде, КТРКда жетекчилик кызматтарда эмгектенген.