Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 14.10.2018

Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешке чакырды

Azattyk.org 

Дагестандык (Орусия) Хабиб Нурмагомедов Инстаграм аркылуу америкалык мушкер Флойд Мейвезерди беттешке чакырды. Экөө тең азыркыга чейин мушташтан бир да жолу жеңиле элек. Мейвезер азырынча чакырыкка жооп кайтара элек. Нурмагомедов – UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону. Мейвезер – бокс боюнча беш салмак категориясындагы дүйнөнүн экс-чемпиону. Ал карьерасында 50 жолу атааңдаштарын жеңип чыккан. 7-октябрда Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегорду жеңип, өзүнүн чемпиондук титулун сактап калган. Читать дальше...

Бир жылда бир гана айылга таза суу кирди

Azattyk.org 

Калкты таза суу менен камсыз кылуучу “Ала-Тоо булагы” долбоорунун алкагында быйыл жыл башынан бери бир гана айыл ичүүчү суу менен камсыз болду. Программа боюнча январь-декабрь айларында 18 айылга суу киргизүү пландалган. Азыр калган айылдарда иш толук аягына чыкпай токтоп турат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай- коммуналдык чарба агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу департаментинин директору Аскарбек Токтошев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында... Читать дальше...

Түркияда АКШ элчилиги жайгашкан көчөгө мусулман укук коргоочунун ысымы берилди

Azattyk.org 

Түркиядагы АКШнын жаңы элчилиги курулуп жаткан көчө Малкольм Икс авеньюсу деп аталганын маалымат каражаттары кабарлашты. Бул окуя АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамиле начарлап турган учурга туш келди. Малкольм Икс – АКШ тарыхындагы талаштуу инсан. Ал 60-жылдары АКШдагы ынды кара жана мусулман азчылыгынын таламын талашкан укук коргоочулардын лидери болгон. Мартин Лютер Кингден айырмаланып, Малькольм Икс америкалык ак элитага каршы кыйла радикалдуу жана кескин аракеттерге чакырган. Трамп бийликке келген маалда АКШда улутчулдар активдешип... Читать дальше...

Малкольм Икстин ысымы Анкарадагы АКШ элчилиги жайгашкан көчөгө берилди

Azattyk.org 

Түркияда АКШнын жаңы элчилиги курулуп жаткан көчө Малкольм Икс авеньюсу деп аталганын маалымат каражаттары кабарлашты. Бул окуя АКШ менен Түркиянын ортосундагы мамиле начарлап турган учурга туш келди. Малкольм Икс – АКШ тарыхындагы талаштуу инсан. Ал 60-жылдары АКШдагы ынды кара жана мусулман азчылыгынын таламын талашкан укук коргоочулардын лидери болгон. Мартин Лютер Кингден айырмаланып, Малькольм Икс америкалык ак элитага каршы кыйла радикалдуу жана кескин аракеттерге чакырган. Трамп бийликке келген маалда АКШда улутчулдар активдешип... Читать дальше...

Ишкерлер көйгөйдөн арыла элек

Azattyk.org 

Ишкер чөйрө мамлекеттик органдардын тынымсыз текшерүүсүнө кабылып, жасалма бюрократиялык тоскоолдуктардан башын көтөрө албай жатканына даттанды.

ЕБ Орусияга жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн

Azattyk.org 

Англиянын Солсбери шаарында нервди шал кылуучу каражатты колдонгону үчүн Орусияга жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүн. Бул тууралуу "The Telegraph" гезити жазды. Буга байланыштуу документке Европа биримдигинин министрлери 15-октябрда кол коюшу мүмкүн. Чектөө чаралары орус чалгын кызматында иштеген чиновниктерге киргизилмекчи. Аларга биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салынат жана чет өлкөдөгү эсептери тоңдурулат. Санкция киргизүү демилгесин Сириядагы жана Англиядагы химиялык чабуулдан кийин Британия жана Франция көтөргөн. Читать дальше...



Бишкекте окуу программаларынын жармаңкеси өтүүдө

Azattyk.org 

Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган окуу программалардын жармаңкеси өтүүдө. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Дональд Лу кыргыз ата-энелерге кайрылып, уул-кыздарын Америкага окууга жөнөтүүгө шыктандырды. Жармаңкеде ар кандай окуу программаларын сунуштаган уюмдар студенттерге жана мектеп окуучуларына маалымат беришти. Учурда АКШда ар кандай окуу программалардын алкагында 200дөн ашуун кыргыз студент билим алууда. Алардын 79% "бакалавр" даражасындагы студенттер. Читать дальше...

Кыргызстанда жер силкинди

Azattyk.org 

14-октябрда Кыргызстандын аймагында жер силкинди. Илимдер академиясына караштуу Сейсмология институту берген маалыматка караганда, жер титирөө күндүзгү саат 11:16да катталган. Анын күчү очогунда 5.5 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунда көбүрөөк сезилди. Анын күчү Кара-Шыбак, Шибээ Жар-Бышы, Дароот-Коргон, Ачык-Суу айылдарында 4, Кара-Тейит, Кабык, Кашка-Суу, Сары-Моголдо 3, Талды-Суу, Арча-Булак айылдарында 2,5 баллга жеткен. Жер титирөөдөн жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Читать дальше...

Бишкекте окуу программаларынын жарманкеси болуп өттү

Azattyk.org 

14-октябрда Касымалы Баялинов атындагы китепканада АКШнын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган окуу программалардын жарманкеси болуп өттү. Анда АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп жаңы дайындалган Доналд Лу кыргыз ата-энелерге кайрылып, уул-кыздарын Америкага окууга жөнөтүүгө шыктандырды. Учурда АКШда ар кандай окуу программалардын алкагында 216 кыргыз студентти билим алууда. Алардын 79% "бакаларв" даражасындагы студенттер.

Пахтага айдалган милиционерлер

Azattyk.org 

Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарган милиция кызматкерлери пахта талаасына күчтөп жөнөтүлгөнүн айтып чыгышты. Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек өкмөтү бюджеттик кызматкерлерди ишке салууга каршы чара көрөбүз деп убада кылган эле.

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

15-октябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13; Таласта түнкүсүн -1...-3, күндүз 7...12; Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7,, күндүз 13...18; Баткен облусунда 3...8, күндүз 13...18; Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 10...15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6... Читать дальше...

Түркияда мигранттар бараткан унаа кырсыкка учурады

Azattyk.org 

Түркияда мигранттар бараткан жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, 19 киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды. Маалыматка караганда, мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттарды алып бараткан жүк ташуучу унаа оодарылып кетип, Измир провинциясындагы дарыяга кулаган. Өкмөттүк "Анадолу" агенттиги жол кырсыгынан 19 киши каза болуп, 11и жараат алганын жазды. Алардын арасында балдар да бар. Кырсык Мендерес районунда болгон.

Бишкек-Ош жолу кайрадан ачылды

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолу ачылып, эки тараптан тең кыймыл калыбына келди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Айбек Сатыбалдиев “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, жол жеңил жана оор жүк ташуучу унааларга да ачык. - Жол ачылды. Кечээ саат 21:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу. Кар улам тазаланып жатат. Бирок Ала-Белде бороон-чапкын, бурганак болуп жолду көрсөтпөй жатат. 13-октябрдын кечинде Бишкек-Ош жолу убактылуу бир тарапка жабылган. Читать дальше...

Газа тилкесинде бир нече айда ондогон киши каза болду

Azattyk.org 

Израил менен чектешкен Газа тилкесинде соңку айларда израилдиктердин огунан ондогон палестиндер каза болду. "Euronews" каналынын кабарына караганда, Израил командачылыгынын өкүлү Израил менен Палестина аймагындагы тосмону бузуп өтүүгө аракет кылган, израил аскер постуна жакындаган топторго ок чыгарылганын билдирди. Израилдиктер арасында жабыркагандар болгон эмес. Ошол эле учурда соңку айларда 140 палестин окко учкан. Изрил аскерлеринин айтымында, Газа тилкесинин чек арасында миңдеген адамдар чогулуп, кагылыштар орун алган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве


Түркия: корголбогон кыргыз мигранттары

Azattyk.org 

47 жаштагы Чолпон Раманкулова учурда Түркиянын Анталия шаарында акыйкаттык издеп келет. Ал быйыл июль айында Бишкектен ортомчу фирма аркылуу Анталиянын Белдиби аймагындагы мейманканага иштегени келип ооруп калган. Ооруканада Чолпонго оор операция жасалган.

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный абактан чыкты

Azattyk.org 

Москвада коррупцияга каршы уруксатсыз акция уюштурду деп айыпталып, 25-августтан бери абакта жаткан Алексей Навальный жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу 14-октябрда эртең менен эркиндикке чыкты. “Мен абакта отурган 50 күндө бул режим тышкы чалгындан тартып, космос тармагына чейин урап, деградацияга учураганы боюнча бир топ далилдерди көрдүк. Бул камоолор менен бизди коркутабыз же токтотобуз десе жаңылышат”, - деди Навальный тарапташтарына жана журналисттерге. Навальный 25-августта январь айында... Читать дальше...

Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттар футбол талаасында беттешет

Azattyk.org 

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөттүн өкүлдөрү футбол ойношот. Уюштуруучулардын бири, вице-спикер Мирлан Бакировдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, ага төрт команда катышат. Мелдеш сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулуп жатат. - Мелдешке депутаттардан эки, өкмөттөн эки команда катышат. Байге фонду көп деле эмес. Оюн спорттуу даңазалоо жана өкмөт менен парламент ортосундагы ишти активдештирүү, саясатта, отчетто гана эмес, спорт аянтчасында да беттешип, күч сынашуу максатында уюштурулуп жатат. Читать дальше...

Нарында төрөттөн жан бергендер көп

Azattyk.org 

Нарында ушул жылы төрөттөн сегиз аял каза тапты. Жергиликтүүлөр муну дарыгерлердин шалаакы мамилесинен көрсө, дарыгерлер кош бойлуу аялдар ден соолугуна кайдыгер экенин айтышат.

Курулуш материалын чыгарган кыргыз-орус ишканасын ачуу сунушталды

Azattyk.org 

Курулуш материалдарын чыгарган кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачуу сунушталды. Бул тууралуу ишемби күнү Кыргызстандын Москвадагы элчилигинде “Курулуш материалдарын алып сатуу бизнесиндеги мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү” деген темада тегерек үстөлдө айтылды. Маалыматка караганда, ага 20дан ашуун ушул багытта иштеген кыргыз жана орус компанияларынын өкүлдөрү, элчиликтин өкүлдөрү катышты. Анда курулуш тармагындагы көйгөйлөр, кызматташтыкты жеңилдетүүнүн жолдору, курулуш материалдарды сатып алуу жана өткөрүү... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Самсонова обыграла Александрову и вышла в финал турнира WTA в Хертогенбосхе






РИА «Новости»: в Москве начали рассматривать дело петербургских генералов МВД

Осужденный за взятки бывший глава Кировской области Никита Белых вышел на свободу

В Подмосковье ожидается +24 градуса и северо-западный ветер

В Коми раскрыли реальные данные по заболеваемости ботулизмом