Кишиневде Эрдогандын сапарына тушташ нааразылык акциясы болду
Режеп Тайип Эрдогандын Молдовага эки күндүк сапарына нааразылык билдирген ондогон адам бүгүн Түркиянын Кишиневдогу элчилигинин алдына барды. Алар “диктатурага”, “мафияга” каршы ураан-чакырыктарды кыйкырып турушту. Демонстранттардын бири “Молдованын Эрдоганга сатылуу тобокелдиги бар” деген плакатты кармап турду. Мындан бир нече апта мурда Молдованын жана Түркиянын коопсуздук кызматтары Кишиневдон түркиялык жети мугалимди кармашып, алар 6-сентябрда өлкөдөн чыгарылган. Мугалимдер Кишиневдо... Читать дальше...