КМШ мугалимдери: сапатка умтулалы
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин бешинчи курултайы ишин баштады.
Бишкекте КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин бешинчи курултайы ишин баштады.
Танзаниялык миллиардер Мохаммед Девжини 11-октябрда белгисиз эки киши уурдап кетти. Ишкер таң эрте борбор Дар-эс-Саламдагы мейманкананын машыгуу залына келгенде күчтөп алып кетишкен. Бул учурда коштогон жансакчылары болгон эмес. Шаардын комиссары Пол Маконда “кылмышкерлер адегенде асманга ок чыгарышкан” деди. Азырынча алар кимдер жана кандай талаптары бар экени белгисиз. Девжи тиричилик товарларын чыгарган заводдордун башын кошкон MеTL Group компаниясынын негиздөөчүсү жана президенти. Ал ошондой эле айыл чарба... Читать дальше...
11-октябрда Орусиянын Курск облусунун, Забайкальский крайынын жана Башкортстан Республикасынын башчылары кызматтан кетүүгө арыз беришти. Ушуну менен бир айдан ашуун убакыт ичинде онунчу аймактык жетекчи кызматтан кеткени турат. Президент Владимир Путин Астрахань, Санкт-Петербург, Липецк, Курган, Сахалин облустарынын, Приморский крайы менен Кабардино-Балкария республикасынын жетекчилерин алмаштырды. Быйыл сентябрдагы губернаторлорду шайлоодо Кремль колдогон талапкерлер Хабаровск крайы менен Владимирск облусунда утулуп калышкан. Читать дальше...
Орусиядагы кыргызстандыктар акыркы убакта чуулуу окуяларга кириптер болуп, жосунсуз жоруктары менен таанылып келет. Ичимдик, жеңил ойлуулук жана бейбаштыктын айынан тагдырлар талкаланып, айрым көрүнүштөр жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын да жаратууда. "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсү Орусия жана Түркиядагы мигранттардын арасындагы кылмыштуулукка, мыйзамсыз көрүнүштөргө арналды.
Дүйнөлүк банк учурда глобалдык экономикага таасир этип жаткан соода тирешине “абдан кабатырланып” турганын билдирди. "Соода тиреши" дегенде ириде АКШ менен Кытай бири-биринин товарларына тарифти көтөрүп жатышканы тууралуу кеп болуп жатат. Планетадагы экономикасы эң ири эки мамлекеттин соода согушу башка өлкөлөргө терс таасир этери буга чейин да айтылган. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) мунун айынан быйылкы дүйнөлүк жалпы өсүш мурда болжолдонгондой 3,9% эмес, 3,7% болорун белгилеген. Дүйнөлүк банктын... Читать дальше...
Бишкектеги соода борборлорунун биринде Кыздарды коргоо күнүнө карата акция өттү. Анда кыргыз коомунда болуп жаткан кыз ала качууга каршы театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү. Кыздардын эл аралык күнү 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. Ал эми Адам укуктарынын жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-декабрында Парижде, Башкы Ассамблеянын жыйынында кабыл алынган.
Ошто кызынын буттарын чынжыр менен байлап койгон жергиликтүү тургунга карата Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”) менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 5-октябрда Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу жарандардан билдирүү келип түшкөн. Окуя катталган жерге барган ыкчам тергѳѳ тобу чынында эле 9 жаштагы кыздын бир... Читать дальше...
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетти. Өкмөттүн маалыматы боюнча, аны өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Лунара Мамытова өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын өткөн жуманын аягында жазган. Мамытова арыз жазууга кимдир-бирөөнүн басымы болгон-болбогону боюнча комментарий бере албасын билдирген. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана... Читать дальше...
Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан Коопсуздук кеңешинин катчылыгы тараткан маалыматтарды үстүртөдөн, бир тараптуу болуп калган деп эсептейт. Ал мындай пикирин “Азаттык” радиосуна билдирди. Элчи мурдатан эле президенттин аппаратына көз каранды болгон Коопсуздук кеңеши анын маселесин калыс иликтээринен күмөн санаганын белгилеп, президентке мындай кайрылуу жасады: - Эми президент бул нерсени такыр эле билбейт деп ойлобойм. Ошону билип туруп, кандайдыр бир деңгээлде колдоп атат. Читать дальше...
Дүйнөлүк адабиятта болсун, кыргыз адабиятында болсун, эч ким Айтматовдой мугалимдин коомдогу агартуучулук ролун бийик көркөмдүк менен ачып бере алган эмес. Залкар жазуучунун мугалим тууралуу баяны “Биринчи мугалим” повестинен башталып, андан кийинки бир катар чыгармаларында улантылып отурат.
Кытайдын Шинжаң аймагынан түшкөн соңку кабарларга караганда, бийлик эми бул чөлкөмдө адал тамак-аштын жайылышына каршы өнөктүк баштады.
Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан чек арадагы коопсуздук күчтөрүнүн кеминде 15 кызматкери мерт болду. Дагы 13 чек арачы жарадар болгону кабарланууда. Кол салуу өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз вилаетинде, көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон. Ал арада Ооганстандын атайын кызматы абадан сокку уруп, Вардак вилаетинде кеминде 21 талибди, арасында улук командирлерин өлтүргөнүн билдирди. Алар 20-октябрдагы парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында план түзүш үчүн чогулушканы айтылууда. Акыркы... Читать дальше...
Пакистан экономикалык-каржы кризисине кептелди. Исламабад эл аралык коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Улуттук акча – рупий нарксызданып жатат.
11-октябрда Армения борбору Ереванда эл аралык 17-Франкофония саммити башталды. 84 өлкөнүн жарымынын делегациясын өкмөт башчылары же президенттер баштап келишти. Бул жылдагы башкы тема - дүйнөдө француз тилин жайылтуу жана Африкадагы француз тилинде сүйлөгөн өлкөлөргө көмөк көрсөтүү. Алгачкы күнү сөз алган Франция президенти Эммануэл Макрон француз тилинде сүйлөй алгандар ар башка өлкөдө, ар башка улутта жана диний ишенимде болгонуна карабай бир үй-бүлө экенин белгиледи. Ал эми Канаданын премьер-министри... Читать дальше...
Кытай бийлиги Шинжаң аймагы үчүн антитеррордук мыйзамдарын кайра караштырып жатат. Лондондо азербайжандык банкирдин аялы Замира Гажиеванын 29 миллион доллар акчасы камакка алынды. Бүгүн - кыздардын эл аралык күнү.
Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Корутунду президенттин кароосуна киргизилди. Анда айтылгандай, текшерүү учурунда элчинин билдирүүсүндө жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жүйөлөрүндө жана маалымат... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн изилдеп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады. Корутунду президенттин кароосуна киргизилди. Анда айтылгандай, текшерүү учурунда элчинин билдирүүсүндө жана Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) жүйөлөрүндө жана маалымат каражаттарында... Читать дальше...
Иран жана ал колдогон күчтөр Сириядан чыгып кетмейин бул өлкөгө жардам берилбей турганын АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. “Эгер Сирия Иран колдогон аскерлердин толук чыгып кетишин камсыздай албаса, анда калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттарынан бир доллар да алалбайт”, деди Помпео 10-октябрда. Иран жана Орусия Сирия президенти Башар Асадды колдоп келди. АКШ баштаган коалиция оппозициясына жан тартат. Кошмо Штаттары "аймактагы террордук топторун колдойт, коңшуларын опузалап келет" деп Иранга айып такса... Читать дальше...
11-октябрь - Кыздардын эл аралык күнү. Бул күн 2012-жылы Канаданын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясында бекитилген. "Азаттыктын" кабарчысы "кыргызстандык кыздар кандай ийгиликтерди жаратып жатышат?" деген суроо менен шаар тургундарына кайрылды.
12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19, Таласта жана Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, тоолуу жерлерде 0...-2 (үшүк), күндүз 12...17, Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...19, Нарында түнкүсүн -1...+4... Читать дальше...
Пакистан өкмөтү кризистен чыгыш үчүн сырттан 12 миллиард доллар каржылык жардам алууну көздөп жатат. 10-октябрдагы телекайрылуусунда өкмөт башчы Имран Хан Сауд Арабиясынан, Кытайдан жана Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) насыя сурай турганын билдирди. - Ушул тапта жана алдыдагы күндөрү насыяны төлөөгө жетиштүү акчабыз жок. Мурда алынган насыяны төлөөгө жана четтен товар сатып алууга каражат зарыл. Маселе 10-12 миллиард долларга барып такалат. Биз муну эки жол менен ишке ашырсак болот, биринчи жол ... Читать дальше...
12-октябрдан тартып Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы төмөндөп, үшүк жүрөт. Синоптиктердин маалыматына караганда, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериңде температура 0…-2° болот. 13-14-октябрда аба ырайы туруксуз болот, маал-маалы менен жаан жаап, 14-октябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга өтөт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Читать дальше...
Укук коргоочулар тобу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жазган арызын кайра алууга мажбур болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Коомдук талдоо институту” уюмунун жетекчиси Рита Карасартова билдирди. Анын айтымында, быйыл 12-сентябрда атайын кызматка кайрылуу жиберилип, анда алар уюштурган иш-чаралардын катышуучуларынын артынан тыңшоо, аңдуу жүрүп жатканы айтылып, ошол адамдарды аныктап берүү жөнүндө өтүнүч жазылган. Мисал катары Бишкекте 27-апрелде “Коопсуздук секторуна парламенттик көзөмөл. Читать дальше...
Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурулган "Союз" кемеси кырсыктап, астронавттар кайра кайтууга аргасыз болушту. Космос кемеси 11-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча 11:40та кое берилген. "Интерфакс" агенттигинин кабарына караганда, кыймылдаткычтардын бири иштебей калган. Экипаж мүчөлөрү – орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана НАСАнын астронавты Ник Хейг - куткаруучу капсула менен жерге түшкөн. Алар Эл аралык космос станциясына нөөмөткө баратышкан.
Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысы Талантбек Исаев бул кызматка кайрадан дайындалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Исаевди дайындоо тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 11-октябрда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Талантбек Исаевди башкармалыктын өздүк жамаатына тааныштырды. Талантбек Исаев бул кызматты 2014-жылдан 2017-жылга чейин жетектеп келген. Былтыр анын бир тууган... Читать дальше...