Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Шойгу: Сирияда 87 миңден ашык согушкер өлтүрүлдү

0
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы аскердик аракеттердин жыйынтыктары боюнча отчет берди. Анын айтымында, Сирияда “Ислам мамлекетинин” саясий максаттар үчүн куралданган мыйзамсыз топтору жок кылынды. Шойгу “Ушул мезгилге чейин 87 миңден ашык согушкер жок кылынып, 1411 калктуу конуш жана Сириянын 95% аймагы бошотулду”, – деди. Министрдин айтымында, Сирия өкмөтү өлкөнүн 90% аймагын өз көзөмөлүнө кайтарды.    


Шойгу бул маалыматтарды Сингапурда өткөн Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн бирикмесинин (АСЕАН) коргоо министрлери чогулган жыйында айтты. Бирок Шойгу Сирияда канча орусиялык аскер каза тапканын айткан эмес.


Орусия Сириядагы согуштук аракеттерге 2015-жылдан бери катышып келатат. Расмий маалымат боюнча, ошондон бери Сирияда 91 орусиялык аскер каза тапкан. Алардын 39у быйыл мартта аскердик транспорттук учак кулап түшкөндө мүрт кеткен. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса