Олег Сенцов ачкачылыгын токтотту
Орусиянын абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцов 5-октябрдан тартып тамак жей баштады. Бул тууралуу орус жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Валерий Максименко билдирди. "Ооба, ал ачкачылыкты токтотту. Акырындап ачкалыктан чыгарыш үчүн Москванын мыкты диетологдору ага атайын диета түзүштү" - деди Максименко "Интерфакс" агенттигине. Режиссер Сенцов 14-майда Орусиянын түрмөлөрүндө отурган бардык украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялаган. Адвокатынын айтымында... Читать дальше...