Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 05.10.2018

Ош шаарынын күнү белгиленет

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын күнү белгиленет. Өлкөнүн экинчи борборунун 3018 жылдыгына карата “Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” деген аталыштагы фестиваль, эл аралык жаштар форуму өтөт. Борбордук аянтта сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. “Ош - ооматтуу ордо калаа” жана “Билим жана чыгармачылык” жармаңкелери уюштурулуп, майрам эстрада ырчыларынын концерти менен коштолот. Майрамдык салтанатка байланыштуу шаардын айрым көчөлөрү убактылуу жабылат. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери белгиленип келет. Читать дальше...

Кыргызстан Германия менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан Германия менен тышкы карызды кечүү тууралуу сүйлөшүүдө. Бул тууралуу 4-октябрдагы парламенттин жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында Германия жыл сайын 13-15 млн. евронун тегерегинде карызды кечип жатат. - Германия менен бүгүнкү күндө да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз социалдык багытта чыгашабызды көбөйтсөк, алар карызын кечет. Азырынча жыл сайын 13-15 млн. евронун тегерегинде кечип жатат. Мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, балким эмдиги жылы да буга жетишебиз. Читать дальше...

Кыргыз парламентинин 80 жылдыгы белгиленет

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊеште кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров (КСДП), Талант Мамытов («Республика - Ата Журт»), Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү - Прогресс»), Акылбек Жапаров («Бир Бол»), Таалайбек Масабиров («Кыргызстан») жана аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев кирди. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды. Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан... Читать дальше...

Шамалды-Сайда чек арачыларга үй курулат

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында чек арачылар үчүн 36 батирлүү турак жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, батирлер 2-3 бөлмөлүү болуп, өзүнчө от казаны, балдарга аянтчасы менен курулат. Турак жайды куруу республикалык бюджеттен каржыланууда. Сентябрь айында Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары жаңы батирлерге киришкен. Талас жана Чүй облустарында курулуп жаткан турак жайлар жакында бүтөрү айтылды. (КЕ)

Аңчылыкка мораторий киргизүү сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда аңчылыкка чектөө киргизип, жапайы жаныбарларды атууга 10 жыл мораторий киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору даярдалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди. Эл өкүлү илбирстин саны Кыргызстанда кескин азайып кеткенин белгиледи. - Илбирстин акыркы эсептеги саны 200гө жетип-жетпейт. Илбирс жаныбарларынын тамагына айланган жаныбарларды да коргоо зарылчылыгы бар. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар тоо текелерин... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Кудерметова вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Пекине






Синоптик Вильфанд: октябрь в Москве начнется с летней погоды

Reuters узнало об отказе Индии покупать российский газ с «Арктик СПГ 2»

ТАСС: бойцы армии России блокировали ВСУ в Угледаре

Москвичам спрогнозировали до 23 градусов тепла в субботу