Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 09.10.2018

Кулматовдун паспорту боюнча сот жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча соттук иш 16-октябрга жылдырылды. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Насиба Калдыбаеванын ишеним катынын жоктугу себеп болду. Буга байланыштуу ишти карап жаткан судья Алмаз Калдыбаев кийинки отурумду 16-октябрга белгиледи. 21-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгарууну өтүнүп сотко кайрылган. Мекеме буга Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын жүйө келтирген. Читать дальше...

Жалал-Абадда театр алдында ок аткандар изделип жатат

Azattyk.org 

Шаардагы Барпы атындагы театрдын алдындагы аянтта бейтааныш автоунаадан тапанча менен асманга ок аткандар табыла элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Маалыматка ылайык, 7-октябрь күнү кечки саат жети чамасында “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаадан белгисиз адамдар театрдын алдында тапанча менен асманга бир нече ок атып, окуя болгон жерден качып кетишкен. Барпы театрынын жетекчилиги бул тууралуу милицияга кабар берип, бирок жеринде жүргөн кайгуул-күзөт кызматкерлери автоунааны кууп жетпей калышкан. Читать дальше...

Бурулайды ала качкан жигит сотто күнөөсүн моюнуна алган жок

Azattyk.org 

Ала качууга туш болуп, милиция имаратынан каза болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча сот уланууда. Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жаткан жараянда маркумдун жакындарынын адвокаты Есения Рамазанова материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн 2 миллион сом доо коюп жатканын билдирди. Ал эми Бурулайдын өлүмүнө шектүү катары аны ала качкан Марсбек Бөдөшев жана досу Акмат Сеитов айыпталууда. Бүгүнкү жыйын жүрүшүндө Бөдөшев Бурулайды ала качуу боюнча күнөөнү моюнга алганы менен аны өлтүрбөгөнүн билдирди. Читать дальше...

Ооганстанда “Талибандын” чабуулунан 12 кишинин өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кандуу кол салуу өлкөнүн түндүгүндөгү Жаузжан провинциясында болду.  Расмий маалыматка караганда, курман болгондордун баары күч түзүмдөрүнүн адамдары.  Провинция полициясынын башчысы, генерал Факр Мохаммад Жаузжанинин айтымында, 8-октябрдын кечиндеги кол салуудан дагы он киши жарадар болгон.  Полиция башчысы ырастагандай, провинция райондорунун бири үчүн "Талибан" менен болгон атышууда 30 согушкер жок кылынып, 19у жарадар болгон. Жаузжан провинциясындагы соңку кол салууну "Талибан" уюштурганын бул уюмдун өкүлү Забихулла Мужахид ырастады. Читать дальше...

Бишкектин вице-мэрлигине Максим Ситниковдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын вице-мэрлигине Максим Ситниковдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады. Анын айтымында, учурда Ситниковду дайындоо боюнча мэр Азиз Суракматов буйрукка кол коёру күтүлүп жатат.  Жаңы вице-мэр шаардагы транспорт маселелерин тейлейт. Буга чейин бул кызматты ээлеп келген Геннадий Милицкий өз арызы менен кызматтан кеткен.  39 жаштагы Максим Ситников буга чейин президенттик аппаратта иштеп келген. (BkA)

"Ферганалык келиндердин" таасири

Azattyk.org 

Өзбекстандын азыркы бийлиги мурдагы өлкө башчысы Ислам Каримовдун туугандарын, жакын санаалаштарын куугунтуктап жатабы? Жакында эле президент Шавкат Мирзиёев Ферганадагы завод-ишканалардын кыйрашы үчүн “Ферганалык келиндерди” айыптаган.

Грузияда “кара куурай мыйзамынын" долбоорун кароо кийинкиге калтырылды

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун “Эхо Кавказа” кызматы кабарлагандай, Грузиянын парламентинде бүгүн “Кара куурайды көзөмөлдөө жөнүндө” мыйзамдын долбоору Саламаттык сактоо боюнча комитеттин өтүнүчүнө ылайык эки айга кийинкиге калтырылды.  Грузиянын өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбоору Грузияда экспорттук максатта кара куурай айдап, аны өстүрүүгө жол ачат.  Бул үчүн мыйзамдар топтомуна да алымча-кошумча киргизилип, кара куурайды же марихуананы мерчемделген чектен ашыкча колдонгондор үчүн административдик... Читать дальше...



Арменияда премьер Пашинян бир партия менен мөөнөтсүз шайлоону макулдашты

Azattyk.org 

Арменияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоону быйыл декабрда өткөрүү боюнча биргелешкен меморандум кабыл алынды. Ага премьер-министр Никол Пашинян жана “Гүлдөгөн  Армения” партиясынын, “Царукян” парламенттик фракциясынын лидери Гагик Царукян 8-октябрда кол коюшту.  Ага ылайык, парламенттик шайлоону мөөнөтсүз өткөрүү, Улуттук кыймылды таратуу максатында премьер-министр кызматтан кеткен шартта “Царукян” фракциясы өкмөт башчылыкка талапкер көргөзбөөгө, башка талапкерге жардам бербөөгө милдеттенме алат. Читать дальше...

Тажик-өзбек чек арасын минадан тазалоо иштери башталды

Azattyk.org 

Бул тууралуу тажик тарап билдирүүдө. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара күчтөрү боюнча башкы башкармалыгы кабарлагандай, минадан тазалоо иштери Согди облусунун Самарканд облусу менен чектешкен Пенжикент районунда башталды. Тажик-өзбек чек арасынын канча аянты миналанганы тууралуу маалымат азырынча жашыруун. Расмий эмес эсептерге караганда, эки өлкөнүн чек арасында мина көмүлгөн аймактардын жалпы аянты 9,5 чарчы чакырымга барабар. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга... Читать дальше...

Исмаилова: саясий партиялар элди жүдөттү

Azattyk.org 

“Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук уюму басма сөз өкүлдөрү үчүн "ачык эшик" иш-чарасын өткөрдү. Анда уюмдун Бишкектеги кеңсесине журналисттер келип, уюмдун кызматкерлерине жана эксперт-юристтерине каалаган суроолорун беришти. Муну менен уюм коомчулук менен кызматташууга ачык экенин белгилөөдө. “Бир дүйнө - Кыргызстан” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова буларды айтты: - Биз турак үйдүн батиринде ижарага алынган чакан кеңседе отуруп коомдук иш-чараларды пландап, адам укуктарына багытталган долбоорлорду ишке ашырып келатабыз. Читать дальше...

ЭВФ “соода согушунан” улам АКШ менен Кытайдын көрсөткүчтөрүн төмөндөттү

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кошмо Штаттар менен Кытайдын экономикалык өсүшү боюнча божомолун кайра карады. “Дүйнөнүн экономикасы эң ири эки өлкөсү бири-бирине тарифтер менен чабуул коюп жаткан учурда алар эмес , башкалар да кыйынчылыкка кабылат”, - деди дүйшөмбү күнү Вашингтондогу басма сөз жыйынында ЭВФтин башкы экономисти Морис Обстфельд.  Уюмдун кайра каралган божомолуна ылайык, быйыл АКШнын ички дүң өнүмү (ИДӨ) мурда мерчемделгендей 2,9% эмес, 2,5% гана өсөт. Ал эми Кытайдын экономикасы 6,6% эмес, 6,2% гана кеңейет. Читать дальше...

Түптө улгайган аялды зордуктоого аракет кылган адам киши колдуу болду

Azattyk.org 

Түп районунда 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган адамды өлтүрдү деп эсептелген адам камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 8-октябрда Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барган. Күбөлөр ошол күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас... Читать дальше...

Түптө байбичени зордуктоого аракет кылган киши өлтүрүлгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Түп районунда 78 жаштагы апасын зордуктоого аракет кылган адамды өлтүрдү деп айыпталган адам камакка алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, 8-октябрда Түп райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринде жергиликтүү тургун улгайган аялды зордуктоого аракет кылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барган. Күбөлөр ошол күнү саат 19:00 чамасында 30 жаштагы тургун мас... Читать дальше...

Айрым маданият мекемелеринде эмгек акы 80 пайызга көтөрүлдү

Azattyk.org 

Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Мындай чечим маданият, искусство жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатын көздөйт. Токтомго ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Гапар... Читать дальше...

Украинада ок-дары кампасы жарылып 10 миңдей адам эвакуацияланды

Azattyk.org 

Украин бийлиги билдиргендей, бир нече жарылуу өлкө борбору Киевден 180 чакырымдай жерде жайгашкан ок -дары кампасында болду. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшө элек.  700 гектардай аянтта жайгашкан кампада жарылуулар жергиликтүү убакыт боюнча бүгүн таңкы саат 3:30тарда башталган. Мындан улам бийлик өкүлдөрү убактылуу 30 чакырым радиустагы аба мейкиндигин, темир жолдорду жана автоунаа жолдорун жабышты. Буга чейин былтыр март айында да Харьков шаарынын жанындагы ок-дары кампасындагы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Нижний Новгород вошёл в топ древних славянских городов для отдыха


Руслан Жумабаевдин элине калтырган дөөлөтү

Azattyk.org 

Заманыбыздын залкар комузчусу Руслан Жумабаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына саналуу гана убакыт өттү. Бирок элибизде “өнөрлүү өлбөйт” деген калетсиз сөз бар. Русландын артында анын өнөрүн өлтүрбөй турган шакирттери көп. Бүгүн ошолордун айрымдары менен маркумду эскеребиз.

Петрашов жана Баудунов Жаштар олимпиадасында күмүш, коло байгеге ээ болушту

Azattyk.org 

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана кылыч чабышуучу (фехтование) Хасан Баудунов ушул күндөрү Аргентинанын Буенос-Айрес шаарында өтүп жаткан Жаштардын жайкы Олимп оюндарында күмүш жана коло байгеге ээ болушту. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Петрашов 7-октябрда 100 метрге брасс ыкмасы боюнча жарышка чыкты. Ал алгач тандоо жарышында 1 мүнөт 02.82 секунд көрсөткүчү менен 32 катышуучунун арасынан 8-катарда марага келди. Жалпысынан жарым финалга 16 спортчу тандалды. Жарым... Читать дальше...

Казакстан Сайрагүлгө качкын макамын бербейт

Azattyk.org 

Казакстан Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбайга башкалка бербей турган болду. Анын адвокаты эл аралык уюмдардан жардам күтүп жатат. Миграция комитетинин комиссиясы Сауытбайдын Кытайда кысым көргөнү далилденген жок деген чечимге келген.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анна Калинская впервые вошла в топ‑20 рейтинга WTA






«Коронация в глазах Севера»: Анна Степановна Захарова - супруга купца П.И. Захарова

На окраине, 1998 год, Москва

25-летняя российская модель Кафельникова стала звездой модного шоу в Париже

Выстроились по росту. С 1 июля тарифы на «коммуналку» подрастут почти на 10%