Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 09.10.2018

Шаардык кеңештеги КСДП фракциясына жаңы депутат келди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты болуп Сергей Шин келди. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Сергей Шин буга чейин өз арызы менен мандатын тапшырган Евгения Бердникованын ордуна депутат болуп келди. 43 жаштагы Сергей Шин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Роман Шиндин уулу. Ал ишкерлик менен алектенет. Ал эми мандатын тапшырган Евгения Бердникова буга чейин 5-каналдын директору болуп келген. Бишкектин учурдагы мэри Азиз Суракматовду... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Таласты кыдырып жүрөт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Талас облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сапар жүрүшүндө Жээнбеков облустун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондоруна барат. Бакай-Атадагы Ак-Дөбө айылындагы төө буурчакты кайра иштетүү заводунун ачылышына катышууда. Аталган завод төө буурчакты тазалап, иргеп, сатууга даярдайт. Муну менен катар Казакстан менен чек арадагы «Чоң-Капка » көзөмөл өткөрүү пунктунун иштери менен таанышары... Читать дальше...

Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди

Azattyk.org 

Бишкекте "Кыргыз Республикасындагы кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери" деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Изилдөөнүн жыйынтыгында кыйноого туш болгон адамдын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан. Ага ылайык, кыйноого кабылган адамдын алган жараатына жараша чыгымдар бөлүнгөн. Мисалы, жабык жайда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адам бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражатты дары-дармек, дарылануу жана башка чыгымдарга жумшаса, мамлекет тарабынан 2 миллион 600 миң сомдон ашык чыгым келет. Читать дальше...

Ошто барак тибиндеги үй өрттөндү

Azattyk.org 

Ош шаарында Алымбеков көчөсүндөгү барак тибиндеги үйдөн бүгүн таңга маал өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм өрт өчүргүчтөр тартылды. Саат сегизде өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себептери жана чыгым эсептелүүдө.(BkA)

Тогуз-Торо: кендеги чырга байланыштуу жергиликтүү кеңештин төрагасы кармалды

Azattyk.org 

Райондогу Атай айылдык кеңешинин 45 жаштагы төрагасы аймактагы алтын кендеги башаламандыкка байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлашынча, айылдык кеңештин төрагасы быйыл жаз айларында “Жи Эл Макмал Девелопинг” комбинатында орун алган жаңжал боюнча 7-октябрда облустук милицияга суракка чакырылып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Милиция айылдык кеңештин төрагасынын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. 11-апрелде Жалал-Абаддын... Читать дальше...

Айтматовдун 90 жылдыгы Британияда белгиленди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Британиядагы элчилиги Страдфорд шаарындагы Шекспир фонду менен бирге “Айтматовду окуу” иш-чарасын өткөрдү. Элчи Гүлнара Искакова салтанаттын ачылышында Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу маалымат бергенин “Азаттыкка” билдирди. Кыргыз жана британдык актерлордун аткаруусунда “Саманчынын жолу” повестинен театрлашкан үзүндү коюлду. Британиялык көрүүчүлөргө Кыргызстанды таанытуучу видео роликтер сунушталды. Британияда Айтматовдун 90 жылдыгы бир нече иш-чаралар менен белгиленип келет. Читать дальше...

Түркмөнстанда бюджетте иштегендер пахта терүүгө мажбур болушууда

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Лебап облусунда элди мажбурлап пахта талаасына чыгаруу уланууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы аймактагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди. Булактын айтымында, пахта талааларына мугалимдер, дарыгерлер жана медайымдар дем алыш күндөрү чыгарылып жатат. Мындан тышкары аймактагы заводдор менен ишканалар дагы кызматкерлеринин бир бөлүгүн пахта теримге жөнөтүп турууга милдеттендирилген. «Октябрь жаңы гана башталды, бирок пахта дээрлик жокко эсе. Эгер пахта талааларына сырттан көз сала турган болсок... Читать дальше...



Омбудсмен: Нарындагы абакта эки өспүрүм да кармалууда

Azattyk.org 

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери “Голос свободы” фондунун эксперттери менен бирге Жаза аткаруу кызматынын Нарын облусундагы №24 тергөө абагында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын өкүлдөр абакта жаткан жашы жете элек эки баланы да көрүп чыгышкан. Өспүрүмдөр оор кылмышка шектелип кармалып турат. Мындан тышкары 35 кишинин 22синен ар кандай суроолор камтылган анкета алышты. Камакта жаткандарды экөө Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине тергөө маалында кыйноого кабылганын айтышкан. Читать дальше...

Бишкек ЖЭБинде атайын машыгуу өттү

Azattyk.org 

8-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) ар кандай кырдаалга чара көрүү боюнча окуу, машыгуулар болду. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, химиялык цехтин реконструкцияланган жабдууларын, буу казандарды оңдоо, имаратты жылуулоо иштерин көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Боронов жабдууларды башкарыш үчүн жооптуу кызматкерлердин иши менен таанышып, авария учурунда кабыл алуучу ыкчам чаралардын планы иштелип чыкты.   Бишкек ЖЭБин оңдоого... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБде атайын машыгуу өттү

Azattyk.org 

8-октябрда Бишкек жылуулук электр борборунда ар кандай кырдаалга чара көрүү боюнча окуу, машыгуулар болду. Ага биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышып, химиялык цехтин реконструкцияланган жабдуулары, буу казандарды оңдоо, имаратты жылуулоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Боронов жабдууларды башкаруу үчүн жоопкер кызматкерлердин иши менен таанышып, авария учурунда кабыл алуучу ыкчам чаралардын планы иштелип чыкты.   Бишкек ЖЭБин оңдоого Кытай өкмөтү 386 миллион доллар насыя берген. Читать дальше...

Насыяларды натыйжасыз пайдалануу боюнча төрт кылмыш иши козголгон

Azattyk.org 

8-октябрда парламенттеги комитет жыйынында депутат Улан Примов чет өлкөдөн алынган насыяларды натыйжасыз колдонгондор боюнча канча кылмыш иши тергелип жатканына кызыкты. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев чет өлкөлүк насыялар боюнча төрт кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, 2017-жылы бул факты менен үч, ал эми 2018-жылы бир кылмыш иши козголгон. Дүйшембиев Кыргызстан эгемендик алгандан бери чет мамлекеттен алынган насыяларды натыйжасыз... Читать дальше...

КСДП Рыспаевди фракциядан чыгарбайт

Azattyk.org 

Парламенттеги Социал демократтар партиясы депутат Кожобек Рыспаев фракциядан чыгарылбасын жарыялады. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынын өкүлү Азамат Касымбеков билдирди. Ага чейин депутатты фракциядан чыгарууну КСДПнын саясий кеңеши сунуштаган. 26 "каршы", төрт депутат “макул” деп добуш берген. Быйыл 29-августта КСДПнын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, бул партиянын мүчөсү Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган. Ал фракциядан чыгарыла турганы да айтылган. Буга депутаттын Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе... Читать дальше...

Тоо текени аткан киши айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Тоо текелерди аткан соң аны видеого тартып алган жаран табылды. Ал Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну экени аныкталып, 200 миң сом айыпка жыгылды. Андан тышкары 20 миң сом административдик айып төлөй турган болду. Жергиликтүү тургун кой жайып жүрүп тоо теке атып алганын моюнга алган. Ага айып пулду бир айдын ичинде бөлүп төлөө тууралуу талап коюлду.  Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады. Буга чейин социалдык тармактарда эки тоо текени аткан кишинин видеосу тарап... Читать дальше...

Тоо текени аткан кишиге айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Тоо текелерди аткан соң аны видеого тартып алган жаран табылды. Ал Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын 46 жаштагы тургуну экени аныкталып, 200 миң сом айыпка жыгылды. Андан тышкары 20 миң сом административдик айып төлөй турган болду. Жергиликтүү тургун кой жайып жүрүп тоо теке атып алганын моюнуна алган. Ага айып пулду бир айдын ичинде бөлүп төлөө шарты коюлду.  Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги маалымдады. Буга чейин социалдык тармактарда эки тоо текени аткан кишинин видеосу тарап... Читать дальше...

Бишкектин түштүк магистралындагы веложол ноябрь айында бүтөт

Azattyk.org 

Түштүк магистралдагы Садырбаев көчөсүнөн башталган тротуар жана веложол Рысмендеев көчөсүнө чейин барат. Жалпы узундугу үч жарым чакырымды, туурасы бир жарым метрди түзгөн жолдун курулушу ноябрь айында бүтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Велосипедчендер үчүн жол магистралдын эки жээгинде тең курулуп жатат. Мындан сырткары жөө адамдар үчүн дагы жол салынууда. Курулуштардын жалпы суммасы 55 млн. сом деп эсептелди. (TSh)

Сирия оппозициясы Идлибдеги согуш аймагынан оор куралдарын чыгарды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө Сириянын куралдуу оппозициясы Идлиб провинциясындагы согуш аймагынан оор курал-жарактарын чыгарып бүттү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Оппозиция өкүлдөрү мындай кадамга демилитаризацияланган аймак түзүү тууралуу Орусия менен Түркиянын ортосундагы макулдашуунун алкагында барды. Курал-жарак чыгарылганы менен аталган аймакта Анкара колдогон оппозиция өкүлдөрү калат. Алар аймакта ок атууну токтотуу режиминин сакталышына көзөмөл кылат. Азырынча Идлибдеги эң кубаттуу жихад тобу... Читать дальше...

"Петров" ГРУнун аскер дарыгери Александр Мишкин экени аныкталды

Azattyk.org 

The Insider жана Bellingcat басылмалары Скрипалдарды ууландырууга айыпталган «Александр Петровдун» чыныгы аты-жөнү менен өмүр баянын таап, анын Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) аскер дарыгери Александр Мишкин экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу The Insider басылмасы жазды. 1979-жылы Архангельск облусундагы Лойга айылында туулган Мишкин аскердик академиялардын биринде медициналык билим алган. Окуп жүргөндө ага ГРУда иштөө сунушталып, 2010-жылы Москвага көчүп келген. Анда Мишкин Александр... Читать дальше...

"Петровдун" ГРУнун аскер дарыгери Александр Мишкин экени аныкталды

Azattyk.org 

The Insider жана Bellingcat басылмалары Скрипалдарды ууландырууга айыпталган «Александр Петровдун» чыныгы аты-жөнү менен өмүр баянын таап, анын Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын (ГРУ) аскер дарыгери Александр Мишкин экенин аныктап чыгышты. Бул тууралуу The Insider басылмасы жазды. 1979-жылы Архангельск облусундагы Лойга айылында туулган Мишкин аскердик академиялардын биринде медициналык билим алган. Окуп жүргөндө ага ГРУда иштөө сунушталып, 2010-жылы Москвага көчүп келген. Анда Мишкин Александр... Читать дальше...

Путиндин туулган күнүндө акцияга чыккандар камалды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургдун Дзержинский райондук соту Владимир Путиндин туулган күнүндө акцияга чыккан оппозициялык үч активистти админстративдик айыпка жыкты. Кармалгандар 7-октябрда Восстания көчөсүнө “узак жыл түрмөдө” деген баннерди кармап чыгып Путинди туулган күнү менен куттуктаган. Админстративдик айып катары активисттер Андрей Граф 15 күн, Влад Иванчо жана Иван Рубцов 10 күнгө камакка алынат.   Кармалгандардын төртүнчүсү Светлана Уткин Санкт-Петербург полициясынын 78-бөлүмүндө кармалып турат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Даниил Медведев представил форму, в которой выступит на Уимблдоне






Я вам не бабушка! Москвичка в 67 лет стала моделью

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" УЛУЧШАЕТ СФЕРУ СПОРТА И ВОЗГЛАВЛЯЕТ ВСЕНАРОДНОЕ ОБЪЕКТИВНОЕ АНТИДОПИНГОВОЕ ПРАВЛЕНИЕ!

Строительство жилого комплекса со школой и детским садом стартовало в Мытищах

Дзержинских долголетов приглашают провести вечер за игрой в «Лото»