Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 22.10.2018

Дыйкандар картөшкөдөн күйдү

Azattyk.org 

Нарындык дыйкандардын жай бою төккөн тери акталган жок. "Күз келсе түшүм жыйнап пайда көрөбүз" деген дыйкандар учурда картөшкөсүн текейден арзан баага сатууда. Айрым айылдарда картөшкөнүн баасы таптакыр чыкпай калды. Жыл сайын айылдарды кыдырып картөшкө сатып алган КАМАЗдын карааны быйыл көрүнбөйт.

БЧБнын (ЦРУ) мурдагы аналитиги: Бир адамдын өлүм жазасына тартылуусу менен Хашоггинин иши жабылат

Ca-irnews.com (kg) 

АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (ЦРУ) мурдагы аналитиги сауд журналисти Жамал Хашоггини өлтүргөн топтун бир мүчөсү өлүмгө тартылып, кагандары куулуп,  ошону менен журналисттин өлүмү боюнча иш жабылат деп алдын ала айтты.

Финполиция Момбековдун Бакыт Шаршембиев боюнча айткандарын четке какты

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевдин бир нече кылмыш иштерине аралашканы тууралуу айтканын четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта коомго айтылган маалымат чындыкка дал келбей турганы белгиленген.   "Финполдун тергөө башкармалыгынын иш өндүрүшүндө бир катар кылмыш иштери турат, алар боюнча Бакыт Шаршембиев күбө. Читать дальше...

Гондурастык “мигранттардын кербени” АКШга жылып баратат

Azattyk.org 

Борбордук Америкадан чыккан миңдеген мигранттар Мексика аркылуу АКШга жылып баратышат. Мексиканын бийлик өкүлдөрүнүн аларды токтотуу аракеттеринен майнап чыккан жок. Болжол менен үч миң кишиден турган “мигранттар кербени” бир канча күн мурда Гондурастын Сан-Педро-Сула шаарынан чыккан. Аларды Мексиканын укук коргоо органдары Гватемала менен чек арадагы көпүрөдөн токтотушкан. Бирок алардын көбү суудан сүзүп же колго жасалган кайыктар аркылуу өз алдынча өтүп кеткен. Кошмо Штаттардын президенти Дональд... Читать дальше...

КСДП: Атамбаевди кайтарган жансакчылар азайды

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлеринин штаты кыскартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.   Жолдубаева жансакчылар "бир топ эле кыскартылганын" айтып, андан башка маалымат берген жок.   Экс-президенттердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларды кайтаруу милдети жүктөлгөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга азырынча комментарий бере элек.

Трамптын кеңешчиси Жон Болтон Москвага келди

Azattyk.org 

22-октябрда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон эки күндүк сапар менен Орусияга келди. Ал Москвада кесиптеши, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен кездешти. Болтон ошондой эле тышкы иштер министри Сергей Лавров жана президент Владимир Путин менен жолугушат. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Болтонду кабыл аларын ырастады.  Болтондун сапары Вашингтон Орусия менен АКШнын ортосунда 1987-жылы кол коюлган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)"... Читать дальше...

Өкмөт: кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кийинки жолугушуу ноябрда өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жумушчу топтордун 15-21-октябрда Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн жолугушуусу тууралуу маалымат берди. Расмий кабарга караганда, жолугушууда кыргыз-өзбек чек арасынын долбоордук линиясын тактап жазуу маселеси талкууланды. Жумушчу топтордун жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки тилке макулдашылып, тийиштүү протоколго кол коюлган.  Эки өлкөнүн премьер-министрлери тараптан 2018-жылга бекитилген жолугушуулардын иш тартибине ылайык... Читать дальше...



Пентагон Ооганстанда америкалык генерал жарадар болгонун ырастады

Azattyk.org 

18-октябрда Кандагар провинциясындагы кол салууда генерал Жеффи Смайли жарадар болуп, эки ооган аткаминери өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Пентагон 21-октябрда маалымдады.  "Мен ал Кандагардагы кол салууда алган жараатынан айыгып жатканын ырастайм" деди НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын басма сөз катчысы Грант Ниле. Ал генерал Жеффи Смайли Кандагардагы госпиталда жатканын кошумчалады. 21-октябрда Ооганстандагы парламенттик шайлоонун алдында болгон кол салуу үчүн жоопкерчиликти талибдер моюнга алган. Читать дальше...

Тайвандын президенти кырсыкта каза тапкандардын туугандары менен жолукту

Azattyk.org 

Тайвандын президенти Цай Инвэнь дүйшөмбүдө поезд кырсыгынан курман болгондордун туугандары менен жолугушуп, аларга көңүл айтты. 21-октябрдын кечинде өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Илань провинциясында 366 жүргүнчү бараткан поезд рельстен чыгып кеткен. Бийликтин маалыматы боюнча 18 киши курман болуп, жарадарлардын саны 187ге жетти. Жабыркагандардын арасында АКШнын бир жараны бар. Поезддеги сегиз вагондун төртөө оодарылып кеткен. Бул 1981-жылдан берки Тайвандагы ири поезд кырсыгы экени айтылууда. Кырсыкка эмне себеп болгону белгисиз. Читать дальше...

Трамп менен Эрдоган Хашоггинин өлүмүн талкуулашты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө журналист Жамал Хашоггинин Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун ичинде кандайча каза тапканын толук аныктоо зарыл экенин белгилешти.   Түркиянын “Анадолу” маалымат агенттигинин президенттин басма сөз кызматына шилтеме кылып кабарлаганы боюнча, Эрдоган менен Трамп Хашоггинин иши “ар тараптуу тергелүүгө тийиш” экенин айтышкан. Буга чейин Эрдоган диссидент журналисттин өлүмү боюнча... Читать дальше...

КСДП Атамбаев Орусияга бара турганын кабарлады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) бүгүн, 22-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү Орусияга бара турганын жарыялады. Маалыматка караганда, ал 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып,  24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышат. Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, жыйында Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги алдыңкы партиялар экстремизмге каршы күрөш жана эл аралык маселелерди талкуулай турганы айтылат. Читать дальше...

Өзбекстан: кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки тилке аныкталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Наманган шаарында 15-21-октябрда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек жумушчу топторунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Мындай маалымат 21-октябрда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.   Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө эки тараптын кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусунун аймагындагы Шахимардан тилкеси, ошондой эле Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен чектешкен... Читать дальше...

Александр Кимге козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди

Azattyk.org 

"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимге козголгон кылмыш иши кайра кароого жиберилди.  Жогорку соттун коллегиясы бүгүн, 22-октябрда Кимге карата Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун буга чейинки чечимдерин жокко чыгаруу, Александр Кимди актоо тууралуу адвокаттардын даттануусун, ошондой эле "Рубикон" жарнамалык фирмасынын башкы директору Александр Рябушкиндин Александр Кимге карата чечимди өзгөртүү жөнүндө арызын карады. Жыйынтыгында Александр Кимди алты жылга шарттуу кескен чечим жокко чыгарылып... Читать дальше...

АКШдагы кыргыздар Айтматовду эскеришти

Azattyk.org 

АКШнын Пенсилвания штатындагы кыргызстандыктар залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган спорттук таймаштарды уюштурушту. Ага АКШнын ар кайсы штаттарында окуп, иштеп жүргөн 400дөй кыргыз жарандары чогулушту.

Москва: АКШнын ракеталык келишимден чыгуу ниети - "кооптуу кадам"

Azattyk.org 

Вашингтон Орусия менен АКШнын ортосунда 1987-жылы кол коюлган "Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча (INF)" келишимден чыгууга ниеттенип жатканын президент Дональд Трамп 20-октябрда Невададагы сапарында жүргөндө жарыялады.  Орусия муну "абдан кооптуу кадам" деп атады.  Трамп мындай чечимге Орусиянын көп жылдардан бери келишимдин жоболорун бузуп келатышы түрткү болгонун жүйө келтирди.  - Эгер Орусия менен Кытай келип, "келгиле, акылга келели, эч бирөөбүз мындай курал өндүрбөйлү" деп айтмайынча... Читать дальше...

Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттер жетишпейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда соттук-медициналык эксперттер жана дарыгерлер жетишсиз. Бул тууралуу 22-октябрда Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы соттук-медициналык экспертизанын келечеги тууралуу диалог” деген форумда айтылды. Маалыматка караганда, учурда 195 эксперт-дарыгердин орду бар. Бирок азыр бул тармакта 95 адис гана иштеп жатат. Өлкөдө соттук-медициналык иликтөө жүргүзгөн төрт гана лаборатория иштейт. Айрыкча Баткен жана Нарын облустарында соттук-медициналык эксперттер тартыш.  Жыйында 48 өлүккананын 18и гана ооруканадан бөлөк имараттарда орун алганы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Как выбрать лучший строительный субподряд


Коррупцияга каршы күрөш эсеби 5 миллиондон ашык сом менен толукталды

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсепке 5 миллион 233 420 сом которгонун жарыялады.  Маалыматка караганда, аталган мекеменин депозиттик эсепке которгон акчасынын жалпы суммасы ушуну менен 190 миллион сомдон ашты.    Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчанын депозиттик эсеби быйыл июлда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Финансы министрлигинин карамагында түзүлгөн. Читать дальше...

Никенин кадыры кетти

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы тараткан маалымат боюнча 2018-жылдын тогуз айында эле 7,5 миң үй-бүлө бузулган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине карата 2,5 миңге көп.

"Кыргызаэронавигация" башчысынын орун басарынын өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Нурлан Кайназаров "Азаттыкка" билдиргендей, окуяга шектүү эки киши кармалды:  - Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси ("Ден соолукка атайлап оор жаракат келтирүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүү эки адам Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Уроженка Тамбова Арина Родионова вышла во второй круг квалификации Уимблдона






Жителей Дзержинского приглашают на «День молодежи»

Новую детскую площадку открыли в Мытищах на проспекте Астрахова

«Колакта кыштырдауга уяна». Бер ир-атның колагына 1,2 см озынлыктагы таракан оялаган

В МИД Чехии осудили решение России о встречных ограничениях для СМИ