Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 15.05.2021

“Көк дептердин” улуу кышты көргөн каарманы

Azattyk.org 

Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептери” - кыргыз окурмандарынын сүйүп окуган чыгармасы. Бүгүн кыргыз аңгемесинин классикасынан автордун белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаров тууралуу жазган “Атаңды ажалдан алып калат элем” документалдык баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Эл башына келгендер калыс болсо

Azattyk.org 

"Азаттык" радиосунун Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналган онлайн сынагына Гүлзина Искендерова аттуу мекендешибизден келген  блогду сунуштайбыз.  Кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери 30 жыл өтсө да, өнүгүүгө бет алып, алдыга умтулууда. Бирок илим менен техниканын гүлдөп өнүккөн заманында, мамлекет өз алдынча завод, фабрика кура албай, ошол себептүү көп жарандарыбыз башка жерден иштөөгө мажбур. Чырпык бир күндө чынар болбогон сыяктуу эле элибиздин социалдык абалы дароо жакшырбайт жана аң-сезимдин өсүшүнө жылдар керек. Читать дальше...

Ысык-Көл: көчмөндөрдүн туризм жармаңкеси

Azattyk.org 

15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү ачылды. "Мен көчмөнмүн" деп аталган көргөзмөнүн максаты - Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү. Жармаңкенин ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышты. Жармаңке эки күнгө созулат.

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн марафону өттү

Azattyk.org 

22-олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган 9-марафон Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында старт алды. Белгилей кетсек, иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан өтүп жатат.

Кумтөрдүн Бишкектеги кеңсесинде тинтүү жүргөнү кабарланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-майда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Бишкектеги кеңсесинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнү тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты. "Кактус" басылмасы тинтүү жүргөн учурда Кумтөр кенинин ишин иликтеген мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү да жүргөнүн жазды. Аталган комиссиянын мүчөсү Айнуру Алтыбаева тинтүү тууралуу маалыматы жоктугун "Азаттык" радиосуна билдирди. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын басма сөз катчысы Мирлан... Читать дальше...

Бишкекте бийликти колдогон антимитинг өттү

Azattyk.org 

15-майда Бишкектеги эски аянтта бийликти колдогон митинг өттү. Чогулгандар элди президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого үндөп, бейөкмөт уюмдарга жана оппозицияга каршы пикирлерин айтышты. Ошондой эле башка митингдерге жол бербөөгө чакырык ташталды. Эски аянтка чогулгандар “элдик кошуун” деген жазуусу бар кийим менен жүрүштү. Уюштуруучулардын айтымында, тынч митингге облустардан келгендер катышты. Эл алдына чыгып сүйлөгөндөр президент Садыр Жапаровдун акыркы чечимдерин кубаттай турганын айтып жатышты. Читать дальше...

"Мен көчмөнмүн" деп аталган эл аралык туристтик жармаңке башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн максаты Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан туроператорлор, эс алуу үйлөрү, кол өнөрчүлөрдөн тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр да катышууда. Жармаңкенин ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышты. Куттуктоо сөзүндө президент Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкеси... Читать дальше...

Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” эл аралык марафонуна 35 өлкөдөн 3000 жеңил атлет жана спорт ышкыбоздору катышты. Жөө күлүктөр 3, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашты.



Кытайдын космос кемеси Марска конду

Azattyk.org 

Кытайдын улуттук космос башкармалыгы өлкө тарыхында биринчи жолу өз аппаратын башка планетага кондурганын кабарлады. "Тяньвэнь-1" аппаратынын модулу Марстын түштүк жарым шарындагы Утопия чөлүнө 15-майда конгон. Аппараттын бортундагы алты дөңгөлөктүү, 240 килограммдык "Чжужун" марсоходу планетада Марстын убактысы менен 90, Жердин убактысы менен санаганда 92 күн иштейт.   Марсоход эки оптикалык жана бир мультиспектрлик камера, метеостанция, кыртышты анализдөөчү аппарат, георадар жана магнитометр менен жабдылган. Читать дальше...

Айбалаев: Усубалиевдин сунушу менен губернатор болгом

Azattyk.org 

«Бийлик сырлары» берүүбүздүн бул жолку мейманы Баткен облусунун мурдагы губернатору, “легендарлуу парламенттин” депутаты Мамат Айбалаев болду. Ал маекте Кадамжай сурьма комбинатына кантип эки жолу директор болгонун, 150 танкты Баткенге алып келүү долбоору эмне үчүн ишке ашпай калганын, өзүнө козголгон кылмыш ишинин төркүнү, кошуна өлкөлөр менен мамилеси, саясатчылар Масалиев, Акаев, Усубалиев, Сарыгулов, Шадиев жөнүндө көз караштары менен бөлүштү. - Мамат мырза, сизди 2000-жылы жаңы уюшулган... Читать дальше...

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Azattyk.org 

Эртең, 16-майда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 4...10, күндүз 22…27; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19; Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20; Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз 1…6 градус болот. Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Читать дальше...

Саламаттык сактоо уюму бай өлкөлөрдү вакцина менен бөлүшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) бай өлкөлөрдү коронавируска каршы вакцинаны балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөгө жумшоодон көрө жарды мамлекеттер менен бөлүшүүгө чакырды. Уюмдун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейсус бул тууралуу 14-майда Женева шаарында өткөн онлайн жыйында айтты. Ал башка өлкөлөрдү да Швеция менен Франциянын жолун жолдоп, вакцинаны COVAX программасынын алкагында башка өлкөлөргө берет деген ишеничин билдирди. Балдарды жана өспүрүмдөрдү эмдөөнү чечкен өлкөлөрдүн ичинде Канада менен АКШ да бар. Читать дальше...

"Кыргызалтын" акцияларынын бир бөлүгүн сатууну көздөп жатканы тууралуу кабар тарады

Azattyk.org 

Канаданын BNN Bloomberg басылмасы "Кыргызалтын" ишканасы "Centerra Gold Inc." компаниясындагы үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыкты. Басылма акцияларын сатууну "Кыргызалтын" өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирди. Ал эми "Центеррадагы" Кыргызстандын өкүлү Тенгиз Бөлтүрүков бул маалыматты четке какты. Анын "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча "акциялар сатылат" деген маалымат бааларды төмөндөтүү максатында атайылап таратылууда. Канададагы документтерди иликтеп... Читать дальше...

Кытайдын Орусияны ойго салган таасири

Azattyk.org 

Lenta.ru "Кытай мурдагы советтик жумурияттардын ишине кийлигише баштады" деп жазып, анын Орусияга кандай коркунучтары бар экенин талдаган. "The Financial Times гезити" пандемиядагы чектөөлөрдөн улам Орусияда борбор азиялык мигранттардын тартыштыгы сезилип жатканы жөнүндө макаласын басып чыгарды.  Садыр Жапаров жана Кытайдын каржысы Lenta.ru басылмасында 11-майда Дмитрий Плотниковдун “Ажыдаардын көлөкөсү” деген аталыштагы көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Журналист Кытайдын мурдагы советтик жумурияттардын ишине кийлигише баштаганын жазып... Читать дальше...

Ысык-Көлдөгү жөө күлүктөр жарышы

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарынын ат майданында XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алды.

«Эркиндиктеги» жашоо

Azattyk.org 

Дал ушул күндөрү «Эркиндик» бульварынын көркүнө көрк кошулуп турган чак. Таң эрте чуркаган кары-жаш, итин агыткан шаар тургундары, иш күнүнөн кийин сейилдөөгө чыккандар, балдарын ойнотуп жүргөн ата-энелер, китеп, балмуздак кармап, сүрөт тартып, гитарада ойноп чер жазган жаштар - айтор, баарын кезиктирүүгө болот. Бульвардын тарыхын, андагы кызыктарды, туристтердин пикирин, атмосфераны “Азаттык плюстун” кезектеги чыгарылышынан көрүңүз.

Кумтөр: бүдөмүк келишимдер, азайган акциялар

Azattyk.org 

Депутат Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия “Кумтөр боюнча макулдашууларды түзүүдө мурдагы президенттер менен премьер-министрлердин аракеттери “чыккынчылыкка тете” деген тыянакка келди. Комиссиянын корутундусунда 2003-2009-жылдагы макулдашууларда Кыргызстан Кумтөрдө көзөмөлдөөчү үлүшүн жоготуп, башкаруу укугунан ажырап, “Центерранын” кызыкчылыгын коргогон келишим мыйзам менен бекип калганы белгиленди. Кыргыз бийлиги Кумтөрдү иштеткен канадалык компания менен жалпы жонунан 12 жолу келишим түзгөн. Читать дальше...

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 162 млн. адамга жетти

Azattyk.org 

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзүндө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 161,9 млн. адамды түздү. 3 млн. 357 642 киши көз жумду. COVID-19 вирусун жуктургандардын саны жагынан алдыңкы орунда АКШ турат. Америкада 32 млн. 894 739 адам илдетке чалдыккан. 585 миңден ашуун адам оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышты. Экинчи орунда турган Индияда 24 млн. 372 907 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланууда. Өлкөдө 266 207 адам илдеттен көз жумду. Читать дальше...

Новости России
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о комфортных автопутешествиях


Эски аянтта бийликти колдогон митинг өттү

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы эски аянтка чогулгандар президенттик башкарууну жана жалпы Кыргызстандын элин ынтымакка, чек аранын бүтүндүгүн коргоого чакырган сөздөрдү сүйлөштү. Уюштуруучулардын белгилөөсүнө караганда, митингге өлкөнүн жети дубанынан "тынчтыкты, ынтымакты жактаган" өкүлдөр келип катышты. Митинг бир саатка созулуп, чогулгандар тынч тарады. Мамлекет башчысынын саясатын колдоп чыккандар митинг-пикеттерге, бейөкмөт уюмдарга, оппозицияга каршылыгын билдирип, Жапаровдун коррупцияга каршы күрөшүн... Читать дальше...

Москва Чехия менен АКШны "дос эмес" өлкөлөрдүн тизмесине киргизди

Azattyk.org 

Орусия өкмөтүнүн Чехия менен АКШны дос эмес өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү тууралуу жарлыгы 14-майда расмий сайтында өкмөт башчы Михаил Мишустиндин колу менен жарыяланды. Президент Владимир Путиндин апрель айындагы буйругу менен мындай өлкөлөр Орусиядагы элчиликтеринде башка өлкөлөрдүн жарандарын иштетүү укугунан ажыратылган. Документке ылайык, Чехия элчилигинде 19 адамга иштөөгө уруксат берилсе, АКШга бир адамга да уруксат берилген эмес. Орусиядагы көптөгөн чет өлкөлүк элчилик, консулдуктар... Читать дальше...

Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 100 миңден ашты

Azattyk.org 

Коронавирус алгачкы аныкталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны расмий 100 249 адамга жетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин 15-майдагы маалыматына ылайык, жалпы 93 302 адам сакайды. Пандемия башталгандан бери вирустан 1695 адам көз жумду. Акыркы суткада 404 адамга коронавирус жукканы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Бишкекте – 294, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 2, Таласта – 1... Читать дальше...

Күчтүүлөр жеӊсин! Жапаров Ысык-Көлдөгү марафондун ачылышына катышты. Сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Иш-чара бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жатат. ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






СМИ: Власти хотят уничтожить Эстонскую Православную церковь

Появились кадры с возвращающимся в Россию генералом Суровикиным

Грузовик насмерть сбил девочку на велосипеде в Подмосковье

Университет в Финляндии уволил профессора из-за связей с Россией