Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 24.05.2021

Лукашенко каарын чачкан Протасевич деген ким?

Azattyk.org 

Евробиримдик беларус бийлигин ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын учагын мажбурлап кондуруп, ичиндеги журналист Роман Протасевичти камакка алышын сынга алып, катаал санкциялар салынарын эскертти. Авторитардык лидер Александр Лукашенконун башкы душмандарынын бирине айланган Роман Протасевич деген ким? Былтыр ноябрда Беларуста бийлик  Роман Протасевичти "террористтердин" тизмесине кошуп, аны "калайман башалмандык уюштурууга, коомдук тартипти бузууга жана социалдык жек көрүүчүлүктү козутууга" күнөөлөгөн. Читать дальше...

Гутерриш: COVID-19га каршы “согуш абалындабыз”

Azattyk.org 

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө COVID-19 илдетине каршы “согуш абалында” деп билдирип, пандемия менен күрөштө вакциналардын тегиз бөлүштүрүүгө чакырды. Ал тапта АКШ менен Европада эмдөө өнөктүгү күч алганы коронавирус инфекциясына кабылгандар жана илдеттен каза тапкандар азаюуда.  Антониу Гутерриш 24-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жылдык ассамблеясына кайрылуу сөзүндө пандемия 3,4 миллиондон ашуун кишинин өмүрүн жалмаганын, 500 миллиондой иш орун жоюлганын белгиледи: "Пандемиянын... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында карым-катнаш толук токтоду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Сочи шаарында орус лидери Владимир Путин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулады. Көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чейин кыргыз-тажик чек арасындагы кыймыл толук токтотулганын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов маалымдады. Эксперттер коронавирус жуккандардын саны расмий эсептен төрт эсеге көп экенин болжошууда. Евробиримдик Минскиге каршы чара көрөрүн билдирди.

Коронавирус: Этибарга алынбаган эрежелер

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын расмий саны 100 миңден ашып, илдеттен көз жумгандардын саны 24-майга карата 1757 кишиге жетти. Илдет күн сайын 6-7 кишинин өмүрүн алып, күнүнө 200гө жакын киши коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталууда. Адистер коомдук жайларда беткап тагынууга жана башка санитардык эрежелерди сактоого дээрлик көңүл бурулбай жатканына кабатыр. ПЧР-тест тапшыргандар аз Бишкектеги Оорулардын алдын алуу борборуна (сүрөттө) жарандар ПЧР-тест тапшырыш үчүн кайрылышат. Читать дальше...

"Аккорд": Тажикстандагы жарандык согуштун тагы

Azattyk.org 

"Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова.

Данисте: Эмгектен курчуган каармандар

Azattyk.org 

Ар кандай кыйынчылыкты жеңип чыккан Мээргүл Каракозиеванын чет элдик меймандарга жаккан арт-конок үйү. Жоктон бар кылган багбан. Коёндун ондогон түрүн баккан Муслим Балтабаев. Кочкордо жылына 60 тонна форель өндүргөн Дөөлөтбек Алмазбеков.

Брюховецкийлер таптаган аргымактар

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашаган Брюховецкийлердин үй-бүлөсү дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери күлүк таптап, аргымак багат. Эдуард өз маалында ат оюндары боюнча Советтер Союзунунун курама командасына мүчө болуп, Мексикага Олимп оюндарына чейин барган. Анын уулу Олег атадан үйрөнгөн өнөрдү кыздары улантып кетсе деп кыялданат. Айылда Олегдин күлүктөрүнө кызыккандар көп. Ал асыл тукум жылкынын тукумун үзбөй, сатыкка да чыгарбай, башын көбөйтүп келатат.

Кумтөр-2009: коруктун жери, 33% үлүштүн сыры

Azattyk.org 

Аскар Акаев президент болуп турганда Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшү азайып, башкарууну колдон чыгарса, Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда 2009-жылдагы келишиминде Эл аралык арбитражда карала турган шарттар мыйзам менен бекиген. Канадалык "Centerra Group" компаниясы ошол макулдашуудагы шарттарга ылайык Эл аралык арбитражга кайрылганын жарыялады. 2009-жылдагы келишим менен кыргыз өкмөтү буга чейинки "Камекого", "Кумтөр Оперейтинг Компаниге", "Кумтөр Голд Компаниге" жана "Центерра Голдго"... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

«Титул, которым я горжусь больше всего»: Рублёв одолел Оже-Альяссима и выиграл второй турнир серии «Мастерс» в карьере






В МИД России рекомендовали россиянам учитывать риски при поездках в Мексику

Появились кадры с возвращающимся в Россию генералом Суровикиным

Митинг ко Дню Победы прошел на механическом заводе Солнечногорска

МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии