Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 30.05.2021

Батыш Протасевичти бошотууну талап кылды

Azattyk.org 

Беларус бийлиги Грондо шаарында көз карандысыз Hrodna.life жаңылыктар агенттигинин редактору Алексей Шотаны кармаганы маалым болду. 30-майда жергиликтүү милиция билдиргендей, порталда «экстремисттик деп таанылган» материал жайгаштырылган. Буга чейин март айында да Гродно шаардык соту Шотаны "экстремисттик материалдарды таратканы" үчүн күнөөлүү деп таап, айыппул төлөткөн. Журналист буга чейин Tut.by ири интернет басылмасында иштечү. Ал арада беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская анын... Читать дальше...

Стивен Сигал Орусиядагы бийликчил партияга мүчө болду

Azattyk.org 

Орус жарандыгын алган Голливуддун актеру Стивен Сигал кремлчил саясий партияга мүчө болду. «Адилеттүү Орусия» партиясы Кремлдин жана президент Владимир Путиндин бардык демилгелерин колдоп, бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын негизги атаандашы катары саналат. 29-майда өткөн иш-чарада Сигал партиянын лидерлеринин бири, орусиялык жазуучу Захар Прилепин менен сүрөткө түшкөн. Анын ысымы ар дайым Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүп келген орусиячыл жикчилер менен байланышта болуп келет. Читать дальше...

Британиянын өкмөт башчысы "жашыруун" үйлөндү

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон колуктусу Кэрри Саймондсго Лондондо «жашыруун үлпөт» уюштуруп үйлөнгөнүн маалымат каражаттары 29-майда жазды. Чакан иш-чара Вестминстер чиркөөсүндө өткөн. Жонсондун кеңсеси бул маалыматты комментарийлөөдөн баш тартты. Би-Би-Си дүйнөлүк кызматы дагы бир нече басылмага таянып түгөйлөр баш кошконун жазды. Маалыматтарга караганда, тойго отузга чукул конок чакырылган. 56 жаштагы Жонсон менен 33 жаштагы Саймондс Даунинг стритте 2019-жылдан бери чогуу жашайт. Читать дальше...

Вьетнамда коронавирустун жаңы түрү пайда болду

Azattyk.org 

Вьетнамдын саламаттык сактоо министри Нгуен Тхань Лонг билдиргендей, коронавирустун жаңы түрү Индия менен Британияда пайда болгон штаммдардын аралашмасын түзөт. Лонгдун айтымында, Вьетнам жакында жугуштуу деп эсептелип жаткан жаңы штамм тууралуу бардык маалыматтарды жарыялай турганын билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун бул түрү боюнча комментарий бере элек. Ал арада Бразилияда миңдеген адамдар президент Жаир Болсонаруга каршы нааразылык акцияга чыгышты. Алар мамлекет башчыны пандемиядагы... Читать дальше...

Кызылча, сабиз бир жылда эки эсе кымбаттады

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кызылча менен сабиз Кыргызстанда 2020-жылдан бери эки эсе кымбаттады. Аталган мекеме өлкөнүн 18 калктуу конушу боюнча анализ жүргүзүп, 2021-жылдын май айында кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашып, 2020-жылдын май айына салыштырмалуу эки эсеге өскөнүн аныктады. Былтыр бир килограмм кызылча 28 сомдон сатылып жаткан. Сабиздин бир килограммынын орточо баасы 45 сомдон ашык, айрым шаарларда 60 сомго чейин жетти. Токтогул районунда кызылча 100 сомго чыкты. Читать дальше...

Казакстанда «Феминита» кыймылынын активисттери кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Чымкент шаарында «Феминита» кыймылынын активисттери Жанар Секербаева менен Гүлзада Сержан кармалды. Аларга каршы «Бийликтин өкүлдөрүнө акарат келтирди» деген берене менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу укук коргоочу Татьяна Чернобиль билдирди. Активисттер 29-майда калаадагы мейманканалардын биринде жергиликтүү жашоочулар менен ЛГБТ аялдардын укуктары тууралуу жолугушуу өткөрүшмөк. Анткен менен уюштуруучуларды жана катышуучуларды имараттын ичине киргизбей коюшту. Активисттер жакын жердеги кафеге барышканда... Читать дальше...

Бишкекте жаңы конуштардын көчөсүнө жарык коюлууда

Azattyk.org 

Бишкектеги 35 жаңы конуштун көчөлөрүнө 4 535 лампа жыл аягына чейин орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Азыркы тапта "Бишкек свет" муниципиалдык ишканасы Октябрь районуна караштуу Алтын-Ордо, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас аттуу конуштардын көчөлөрүндөгү жарыктандыруу системасын жаңылап жатат. Биринчи май, Свердлов районуна караштуу дагы бир нече жаңы конуштун көчөлөрү жарыктандырылат. Жыл аягына чейин жалпы 11 жаңы конуштун көчөсүнө жарык берилмекчи. Көчөлөргө... Читать дальше...



Өзбекстанда өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмделет

Azattyk.org 

Өзбекстанда кийинки жылдан баштап 9-14 жаштагы өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Шавкат Мирзиёев 27-майда кол койду. Ага ылайык, 2022-жылдан баштап 30-55 курактагы аялдар жатын моюнчасындагы рак илдетине, ал эми 45-65 жаштагы аялдар эмчек рагына милдеттүү түрдө текшерилет. Мындай чара рак илдетинин Өзбекстанда жайылышын алдын алуу жана эрте аныктоо максатында кабыл алынды. Ошондой эле бардык райондордо жана шаарларда атайын онкологиялык ооруларды текшерген борборлор ачылат. Читать дальше...

"Комиссар Каттанинин" кол тамгасы жана насааты 

Azattyk.org 

Италиянын “Спрут” телесериалындагы башкы каармандын образын жараткан белгилүү актер, режиссер, продюсер Микеле Плачидо (итал. Michele Placido) ушул жылдын 19-майында 75 жашка толду. Анын мааракеси үй-бүлөсү, достору жана жакын туугандарынын курчоосунда өтө жупуну өткөнү маалымдалды. Микеле Италиянын көп сериялуу “Спрут” телесериалындагы комиссар Коррадо Каттани менен дүйнөгө таанылганы белгилүү. Өткөн доордун 90-жылдары бул сериалды көргөн ар бир кыргызстандык комиссар Каттани жөнүндө кеп кылып калган. Читать дальше...

Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалды

Azattyk.org 

Карыяны автоунаага салып алып “талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз” деп коркутуп, видеого тарткан адамдар кармалды. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя Нарын облусунун Кочкор районунда болгон. Бул факты Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Социалдык тармактарда аксакалды автоунаанын арткы орундугуна салып алып коркуткан видео тарады. Анда эки киши “карыяны Балыкчыга же Нарынга алып барып таштап салалы” деп сүйлөшүп, “же өлтүрүп... Читать дальше...

Москва Түркмөнстандын көңүлүн ала баштады

Azattyk.org 

Талибан Пакистанга сес көрсөттү The Diplomat АКШнын аскерлерин Ооганстандан чыгаруу маселесине кайрылды. Тактап айтканда, 27-майда жарык көргөн макалада “Талибан” кыймылынын кошуналарына кайрылып, өз аймагында америкалык базага орун бербөөнү эскерткени тууралуу сөз болот. “Биз андай чагымчыл жана жийиркеничтүү аракетти жоопсуз калтырбайбыз”, - деген экстремисттик топ. Басылманын жазганына караганда, өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Хелвей Cенаттын куралдуу күчтөр... Читать дальше...

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз берди

Azattyk.org 

“Өнүгүү-Прогресс” жана Социал-Демократтар партиялары Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип аймактык шайлоо комиссиясына кайрылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттыкка” билдиргендей, партиялардын арызы 13-июнга чейин кабыл алынат. Саясий уюмдар ага чейин съезддердин өткөрүп, шайлоо фонддорун түзүшү керек. “Кайра шайлоо болуп жатканына байланыштуу шайлоонун мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарат. Ошон үчүн үгүт иштери 21-июндан 10-июлга чейин жүрөт”, - деди Маматов. Читать дальше...

Иран-ооган темир жол долбоорунун жанында бомба жарылып, алты адам өлдү

Azattyk.org 

Ирандын чыгышын Ооганстандын батыш Герат провинциясы менен байланыштыруу үчүн курулуп жаткан темир жолдун жанында бомба жарылып, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн алты кызматкери мерт болду. Герат провинциясынын губернатору Вахид Каталинин айтымында, каза болгондор Горян районундагы темир жол линиясын кайтарып турушкан. Ооган темир жол башкармалыгы 29-майда иран-ооган инфраструктурасы долбооруна кол салуу болгонун ырастады. 225 чакырымга созулган чек ара темир жол курулушу бүтсө, Ирандын Хаф... Читать дальше...

Үч шаардагы кайра шайлоого 48 миллион жумшалат

Azattyk.org 

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен 48 миллион 344 миң сом кетет. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул каражат шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен операторлордун кызматтык сапарларына жумшаларын билдирди. 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган. Читать дальше...

Репрессиянын айтылбаган өңүттөрү

Azattyk.org 

Бишкекте "Эсимде" талкуу аянтчасы чыгарган "Чиеш Тагдырлар II" китебинин бет ачары өттү. Анда Совет доорунда, XX кылымдагы репрессиядан аман калган 12 адамдын жеке окуялары чагылдырылган. Китептин бет ачарына белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер катышты.

Адашканованын ажайып дүйнөсү

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөтчү Данакан Адашканованын көргөзмөсү өтүүдө. Экспозицияда жалпысынан сүрөтчүнүн 83 эмгеги коюлду. Алар көркөм сүрөт музейинин фондунан, жеке коллекциялардан жана үй-бүлөсүнүн жеке фондунан чогултулган. Сүрөтчү бир жыл мурда 69 жашында жүрөк оорусунан улам каза тапкан.

"Кыргызстан оңолбогондо кайда кетмек эле?"

Azattyk.org 

"Азаттыктын" "Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бул жолку каарманы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз улуттук консерваториясынын урма жана үйлөмө аспаптар кафедрасынын жетекчиси, "Salt peanuts" жаз тобунун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев. - Бакыт мырза, жаз оркестрде ойногондор башка музыканттардан эмнеси менен айырмаланат? Классикалык музыканы ойногондор деле жазды ойной беришеби? - Алгачкы жолу Бишкектеги опера жана балет театрынын сахнасында 2002-жылы концерт бергем. Ал аябай сыйлуу, чоң сахна. Читать дальше...

Новости России
Москва

Концерт "Две музы"


Аба ырайы: Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Azattyk.org 

31-майда Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35; Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20... Читать дальше...

Орусия Беларуска дагы 500 миллион доллар насыя берет

Azattyk.org 

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков орусиялык маалымат каражаттарына Москва жакынкы күндөрү Беларуска экинчи транш менен дагы 500 миллион доллар насыя бере турганын билдирди. Бул тууралуу Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин 29-майда Сочи шаарындагы жолугушуусунда айтылды. Бул насыялык келишимге 2020-жылдын 21-декабрында кол коюлган. 500 миллион доллар насыянын биринчи траншын Беларустун Финансы министрлиги былтыр 30-декабрда алган. Читать дальше...

Бишкек-Дүйшөмбү: алаканы сынаган бир ай

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 50дөн ашуун адамдын өмүрүн алган кандуу окуяга бир ай болду. Эки өлкөнүн алакасы кандай абалда? Чек ара маселелерин чечүүдө жылыш барбы? Куралдуу жаңжалдан бери кыргыз-тажик чегиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу кармалганы менен чек арага байланыштуу окуялар токтогон жок. Соңку бир ай ичинде чек аралаш аймактарда эки өлкөнүн жарандары кармалган же артка кайтарылган учурлар катталды. Чектелген кыймыл Мисалы 28-майга караган түнү Бишкектен такси менен келип... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: Казакстан консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр

Azattyk.org 

Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди 29-майда президент Садыр Жапаров менен жолукканда Нур-Султан чек ара чырына байланыштуу консультативдик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку окуялар жана Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча маселелер көтөрүлгөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мухтар Тлеуберди Казакстан кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды олуттуу кабыл алганын жана чек араны делимитациялоо... Читать дальше...

«Президенттин милдеттенмелери жөнүндө» долбоор талкууга коюлду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президенттин анын жубайынын туугандарынын жана өлкө жетекчисинин балдарынын мамлекеттик кызматка келишине тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ 26-майдан баштап коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, президент жакындарын саясий кызматтарга, дипломатиялык мекемелерге, судьялардын кызмат ордуна жана бюджеттен каржыланган мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын жетекчилигине дайындоого жана көрсөтүүгө бөгөт коюлат. Алар Жогорку Кеңештин да шайлоосуна да катыша албайт. Читать дальше...

Шайлоо: президентке сунушталган эки долбоор

Azattyk.org 

Быйыл күздө өтө турган парламенттик шайлоонун эрежеси толук аныктала элек. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча иштеп жаткан жумушчу топ эки: пропорционалдык жана аралаш шайлоо системасынын долбоорун президентке сунуштоодо.  Пропорционалдык жана аралаш система Шайлоо жана референдум мыйзамдарын өзгөртүү боюнча мекемелер аралык жумушчу топ шайлоо системасынын эки түрдүү долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов "Азаттыкка" билдирди. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Первая ракетка мира расплакалась после финала турнира с участием Рыбакиной






21 мая в 11:00 состоится вебинар «Ключевые изменения в законодательстве в 2024 году и частые ошибки Поставщиков»

Алейник: Союз Беларуси и России вызывает зависть у Запада

ГИБДД объявила рейд на электросамокатчиков в Москве

Песков заявил, что интеграция ЕАЭС обеспечивает опережающее развитие стран союза