Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 21.05.2021

Дашковдун уулу 500 млн сомго шектелип камалды

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков үй камагына чыгып, уулу эки айга камалды. Кыргызстанда жаңы муфтийди тандоо башталды. Израил менен ХАМАС согушкерлери 11 күнгө созулган ок атышууну токтотушту.

Миллион долларлык санарип искусство

Azattyk.org 

69 миллион долларга бааланган графикалык сүрөт. Миңден ашык сүрөткө жан киргизген санарип көргөзмө. Чет өлкөлүк рынокко чыгууну көздөгөн санарип сүрөтчүлөр. Эмгектерин дүйнөгө саткан санарип музыкант. "Азаттык+" бул ирет санарип искусство дүйнөсүнө саякаттайт.

VI Бөлүм Жеңүүчүлөрдүн командасын кантип түзүүгө болот

Пресс.kg 

  Конкреттүү пландар менен бекемделген алдыдагы ишти так көрө алууңуз, өзүңүзгө болгон эбегейсиз ишенимди жана күчтү пайда кылат Брайан Трейси             Баардык ишти командалар аткарат. Ошондуктан алдыга умтулган адамдарды бириктирүү жана аларды башкаруу жөндөмдүүлүгү сиздин карьераңыздын ар бир этабындагы жетекчи катары багындырган натыйжалуулук жана баалуулуктарыңыздын ажырагыс элементи болуп саналат.             Буга чейин миң кишиден турган […]

Читать дальше...

"Кыргыз темир жолу": ата-балага коюлган айып

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясындагы коррупцияга шек саналган беш адамдын арасында ишкананын мурдагы жетекчиси Василий Дашков менен анын уулу бар. Атайын кызмат аларды күйүүчү май сатып алуудагы жемкорлукка байланыштуу айыптап жатат.

“Кумтөрдүн” чыры күчөдү

Azattyk.org 

Кумтөр кенинин айланасында абал курчуп кенди иштеткен “Центерра Голд” (Centerra Gold Inc) менен кыргыз тарап бири-бирин айыптап жатат. “Центерра Голд” Бөлтүрүктү сотко берди “Центерра Голд” "Кумтөрдү" убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүктү "компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары милдетин одоно бузган" деп айыптап Канаданын сотуна берди. “Компанияга белгилүү болгондой, Тенгиз Бөлтүрүк “Центерра Голд” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн кеткенге чейин Кыргызстандын... Читать дальше...

Байыгың келсе коён бак

Azattyk.org 

Жалал-Абадда коён бизнесине өткөндөр арбыды. Алардын бири Сузактын 25 жаштагы тургуну Муслим Балтабаев. Ал коён кармап, өлкөнүн бардык аймактарына сатат. Азыр короосунда 80дей коён бар. Шалпаң кулактардын эң кымбаты 40 миң сомдун тегерегинде. Ишкердикти 10 миң сомдон баштаган чарбакер тууралуу баянды сунуштайбыз.

Талашка түшкөн сегиз метр

Azattyk.org 

Коргоо министрлигинин пенсиядагы жана майыптыгы бар аскер кызматкерлери Бишкек мэриясына нааразылык билдирип жатышат. Аскерлер үчүн 2017-жылы салынып, колдонууга берилген Аалы Токомбаев көчөсүндөгү №73А үйүнүн короосуна мэрияга караштуу капиталдык курулуш башкармалыгы сегиз метрлик аралык таштап, тогуз кабат үй курууну пландап жатат. Бул жаңы үй калаа башкармалыгында көп жыл иштеп, турак жайсыз жүргөн майыптыгы бар адамдарга берилери айтылууда.

Баткендеги окуучуларды акысыз окуткан Жылдыз

Azattyk.org 

Ушул күндөрү мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүп жатышат. Алардын арасында Баткен облусундагы чек ара чырында жапа чеккен айылдардагы балдар да бар. Жылдыз Арыстанбекова баткендик окуучуларды сынакка даярдоо демилгесин колго алып, акысыз онлайн курстарын уюштурган.



Оштогу Мээргүлдүн өзгөчө конок үйү

Azattyk.org 

12 жашында Мээргүл Каракозиеванын кулагы укпай калган. Каарманыбыз мүмкүнчүлүгү чектелип калганына карабай, үч тил үйрөнүп, алты жылдан бери мейманкана бизнесинде жүрөт. Былтыр эл аралык уюмдарга долбоор жазып, Ош шаарында өзгөчө конок үйүн ачкан. Мээргүлдүн конок үйүн "Азаттыктын" кабарчысы көрүп келди.

Артюр Рембо - үнсүздүктүн Акыны

Azattyk.org 

Дүйнөлүк поэзияга төңкөрүш жасаган төрт жыл Жан Николя Артюр Рембо… 16 жаш курагында Поэзиянын босогосун аттап, 20 жашында Ыр дүйнөсүнүн каалгасын биротоло жапкан Гений акын. Ушул төрт жыл аралыгында эле ал дүйнө адабиятында чоң төңкөрүш жасаган. ХХ кылымдагы бир катар агымдарга - символизм, футуризм, сюрреализмге жол салган. Артюр Рембо болгону 37 жыл бул жарык дүйнөдө жашаган. Ал өмүр бою өзүнөн өзү качып, өмүр бою көздөгөнүн жер бетинен таппай изденүү түйшүгүн тартып өткөн. Бала кезден зээндүүлүгү... Читать дальше...

COVID-19: Европа саякатка жол ачууда

Azattyk.org 

Евробиримдикте COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөргө же илдеттен ооруп айыккандарга атайын күбөлүк менен саякаттоого мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Европада коронавирус басаңдап бара жатканы менен Түштүк Америкада кырдаал курч бойдон.

V Бөлүм Мыкты адамдарды жумушка алыңыз жана аларды кармап калыңыз

Пресс.kg 

  Формалдуу билим менен акча таба аласыз, өз алдынча билим менен байлык топтой аласыз Джим Рон Мыкты адамдарды жумушка алуу жана аларды кармап калуу башка факторлордон караганда лидердин ийгилигине чоң таасир тийгизет. Бизнести курууга жардам берген мыкты кызматкерлерди тартуу жана аларга мотивация берүү жөндөмдүүлүгүнөн компаниянын ийгилигинин өсүшү көз каранды, мындай адамдарсыз компаниянын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калат. […]

Читать дальше...

Чек ара жаңжалынын тагын дарылоо керек

Azattyk.org 

Апрелдин этегиндеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам өзү жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон 58 миңге чукул Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары акырындап өз айылдарына кайтууда. Бирок аймакка психикалык жардам көрсөтүү үчүн барып келген адистер улам кайталана берген чыр-чатактан улам жергиликтүү элде стресс өнөкөт мүнөзгө өтүп кеткенин айтышууда. Мунун натыйжасы эмнеге алып келет? Стресс адамдын саламаттыгы үчүн канчалык коркунучтуу? Мамлекет бул жаатта кандай реабилитациялык иштерди жүргүзүп жатат? Читать дальше...

III Бөлүм Каршы чабуулга өтүңүз!

Пресс.kg 

Бизнес үчүн стратегиялык аскер-согуш сабактары   Сиз оюңузга келген нерсенин баардыгын жасай аласыз, эмнени кааласаңыз ала аласыз, ким болууну самасаңыз ошол адам боло аласыз   Роберт Кольер               Компанияны рынокто ийгиликке жеткирүү жана ал ийгиликти анчейин жагымдуу эмес кырдаалдарда багынтуу бул – ийгиликтүү лидердин негизги критерийи. Кирешени арттыруу жана сатуу ишин жогорулатуу үчүн колдонгон […]

Читать дальше...

II  Бөлүм Лидерлер өздөрүнүн алсыз жана күчтүү жактарын билишет

Пресс.kg 

  Же алдыга карай кадам таштап бийиктикти багынтасыз же артка чегинип коопсуздукка ээ болосуз Абрахам Маслоу             Сиз өзүңүздү канчалык жакшы билсеңиз жана түшүнсөңүз, ошончолук ийгиликтүү чечим кабыл ала аласыз, анан албетте жогорку деңгээлдеги жыйынтыкка да ээ болосуз. Сиздин ишиңиздин кайсы бөлүгү эң маанилүү жана баалуу? Бул ой толгоо. Анын сапаты кабыл алынуучу чечимди аныктайт. […]

Читать дальше...

I Бөлүм Лидердин жүрөгү

Пресс.kg 

              Характер маанилүү мүнөттөрдө көрсөтүлүп, кадимки учурларда калыптанат. Уинстон Черчилль Лидерлик – бизнестеги ийгиликтин же тескерисинче урап түшүүнүн негизги фактору. Атаандаштык күч алган рынокто өзүңдүн компанияңды ийгиликке жетүү үчүн алдыга сүрөп алып чыгуу жөндөмдүүлүгү жөн гана зарыл эле эмес, ансыз болбой турган маанилүү нерсе. Канчалык лидер катары калыптанууга умтулсаңыз мекеменин ар бир тармагындагы иштерди […]

Читать дальше...

Жарыш баардык жерде жүрүп жатат

Пресс.kg 

Жарыш баардык жерде жүрүп жатат Баардык нерсеге чоң үмүттөрдөн жол ачылат Бенджамин Франклин Азыркы учурда биздин турмушубузда экономика жана бизнести сыноонун эң олуттуу мезгили башталган учур келди. Бул сыноодон мыкты формада болгондор гана өтө алышат. Жарыш өтүп жатат, сиз болсо анын катышуучусусуз. Эгер сиздин жеңишке жетем жана баардык кыйынчылыктарды басып өтөм деген маанайыңыз болбосо, анда […]

Читать дальше...

Үч чоң шаарда кайра шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстандагы эң ири Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоо өткөнү калды. Мыйзам бузууларга байланыштуу арыз-дооматтардан улам Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул шаарлардагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган. БШК 19-майдагы жыйынында аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу чечимин колдоду. 11-апрелде добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы жарыяланган күнү кечинде эле бир катар партиялар БШКнын алдында нааразылык акциясына чыгып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылган. Читать дальше...

Eurovision: Манижа финалга жолдомо алды

Azattyk.org 

Eurovision (Еврокароо) сынагынын жарым финалында теги тажикстандык орусиялык ырчы Манижа жетиштүү упай топтоп, таймаштын финалына жолдомо алды. Анын бул сынакка катышканы Орусиянын өзүндө ар кандай талкуу жаратты. Манижа "кандай гана тоскоолдукту болбосун жеңген" күчтүү орус аялы тууралуу ырдап жатканда сахнада ондогон аялдын видеолору көрсөтүлдү. Алардын арасынан журналисттер Елена Костюченко, Катерина Гордеева, актриса Чулпан Хаматова, сүрөтчү Саша Фролованы жана башкаларды тааныса болот. ... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев не отстал от «Реала»! Как русская звезда тенниса покорила Мадрид






МИД РФ рекомендовал учитывать риски при планировании поездок в Мексику

Сильный ветер в Москве повалил 11 деревьев

Услуга «Добровольное страхование» в квитанциях МосОблЕИРЦ поможет защитить дом

Проведение Международного авиационно-космического салона в городе Жуковский в 2024 года отменено