Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 22.05.2021

Бороон, карышкыр, сүйүү...

Azattyk.org 

Кысталыш жагдайда кездешкен эки жаштын аянычтуу тагдыры, кычашкансып бороон улуп, аңдыган карышкыр шаштыны алып, жолдон адашкандардын амалы куруйт. Кыргыз аңгемесинин классикасынан Дүйшөкө Дөкөнбаевдин “Карга көмүлгөн из” аңгемесин окуйбуз.   Буюккан бороон Аңгемеде кыска убакыт ичиндеги бири экинчисине бекем чырмалышкан окуялар сүрөттөлөт. Керелден кечке тоо арасындагы кокту-колотторду этектеген мал сарайларга чөп ташыган Бекжан “ырп” этерге алы жок чарчап келип, апасы даярдаган тамагын да ичпей төшөккө кулаган. Читать дальше...

Тил тамырын кыркпайлы

Azattyk.org 

Жергеталдык кыргыздардын тили адабий тилден дагы, жалпы улуттук оозеки тилден дагы бир топ айырмаланат. Убагында белгилүү окумуштуу, асыл инсан Жээнбай Мукамбаев Кара-Тегиндеги кыргыздар жашаган айылдарды түрө кыдырып, тилдик өзгөчөлүктөрүн тыкыр изилдегени маалым. Ыраматылык агай орошон эмгек жасап, бизге алтынга алмашкыс «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн» мураска калтырды. Ал эми Жерге-Талдан чыккан көрүнүктүү жазуучу Мирзохалим Каримовдун соңку жылдардагы «Тажикстандык кыргыздардын диалектологиялык... Читать дальше...

Сот Аспековду №1 тергөө абагына которду

Azattyk.org 

Январь айынан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековду Бишкектеги Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына которуу тууралуу чечим чыгарды. Мындай чечим “алдамчылык” беренеси менен козголгон жаңы кылмыш иши боюнча Аспековдун бөгөт чарасын караганда учурда кабыл алынды. УКМК активистти "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде быйыл январда кармап, андан бери ал атайын кызматтын тергөө абагында болчу. Мелис Аспеков аны №1 тергөө абагына которуу чечимин "басым" катары баалады. Читать дальше...

Аялды аялга кас кылган мизогиния

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" баарлашуусунда бул жолу аялдар ортосундагы мизогиния же аялдар арасындагы көрө албастык сезими тууралуу кеп кылдык. Кыз-келиндердин бири-бирин басмырлап, ич күйдүлүк кылганынын себептери кандай? Эмнеге тилектештик кылган, бири-бирин колдогон коомго айлана албай жатабыз?

Үч талак же Тажикстандагы СМС-ажырашуу

Azattyk.org 

Тажикстанда ушу кезге чейин ажырашуулар коомчулуктун талкуусуна түшпөгөн темалардын бири. Ажырашып кетүү аялдар үчүн уят иш катары эсептелет. Эркек үчүн мунун анчалык деле кыйынчылыгы жок, үч ирет “талак” деп койсо ажырашасың. Чөнтөк телефон чыккандан бери күйөөлөрү аялына талакты телефон же СМСтин жардамы менен жасаган учурлар көп катталууда. Эркектин өзгөчө укугу “Күйөөм Орусияда иштечү. Чалганынан ала койсом, мага үч талак берди да телефонун өчүрүп койду. Бул эми "башың бош, менин аялым эмессиң" дегени да. Читать дальше...

Тар бөлмөдөгү акындын кең ааламы

Azattyk.org 

Акын, котормочу Манас Алымбаев көр тирликтин айынан чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен. Дээрлик он жылдан ашык тыныгуудан кийин ал кайрадан жаңы дем менен чыгармачылыкка кайтты. Ал учурда жаңы котормолор менен иштеп жатат.

Казакстандын ЖОЖдорду менчиктеген үлкөндөрү

Azattyk.org 

Казакстанда жеке менчик университеттердин көпчүлүгү билим тармагын башкарган мурдагы жетекчилерге таандык. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын иликтөөсүндө айтылат.  “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери жасаган иликтөөдө Казакстандагы менчик университеттерге ээлик кылган аткаминерлер жана алардын жакындары жөнүндө баяндалат. Анда өлкөдөгү аттуу-баштуулар билим берүү тармагын бизнеске айлантып, бир эмес, бир нече университет ачканы айтылган. Маселен, Казакстандын мурдагы билим... Читать дальше...

Мамлекет кендердеги үлүштү тескейт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жаңы казыла турган кендердин 100% үлүшүн мамлекетке өткөрүүгө шарт түзгөн мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген токтомду дароо үч окууда кабыл алды. Ага ылайык, кендерди мамлекеттик ишканалар иштетип, инвесторлор менен соодалашууга мүмкүнчүлүк алат. “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизген Министрлер кабинетинин токтомунда жер казынасын пайдалануу укугу өкмөттүн чечими менен мамлекеттик ишканаларга берилип, алар 100% үлүшкө ээ болору жазылган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Парковка в Москве будет бесплатной с 9 по 11 мая

Глава коллегии ЕЭК Сагинтаев: новое заседание ЕАЭС пройдет в зимой в Петербурге

График поездов на МЦД-4, Киевском и Горьковском направлениях изменится 11 мая

Соотечественники в Португалии провели акцию «Бессмертный полк»