Незаконно обогатившийся за счёт государства шестёрка Капарова коррупционер Дилмурод Махмудов рвётся к власти
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
Читать дальше...
КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке
Читать дальше...Кыргыз өкмөтү Кумтөр алтын кенине байланыштуу “Центерра Голд” компаниясына койгон дооматтарды эл аралык арбитраждык сотто далилдей алат. Бул тууралуу Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Азаттыктагы” маегинде билдирди.
Май айынын соңунда Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат. Орусиялык басылма Орусия менен Беларустун интеграциясы боюнча жол картасы даярдалып жатканын, бир союзга биригүү боюнча макулдашуу күзгө чейин кабыл алынышы мүмкүн экенин жазды. Беларусту 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенконун төрт айдын ичинде үчүнчү жолу Орусияга сапары жана жолугушуунун бул жолу да жабык эшик артында өтөрү эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу Кремль менен Минскинин «жол картасын» даярдоосуна байланыштырылып жатат. Читать дальше...
Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин (ТИМ) жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы саясат мекемесинин жетекчиси Сергей Лавров менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда Лавров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын иш-аракетин кубаттап, эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча... Читать дальше...
Ош облусундагы Чоң-Алай районунун тургундары тажик чек арачылары мурдагы турган жерлерин өзгөртүп, Кыргызстандын аймагына жылып келишкенин айтып жатат. Бул маселени бүгүн парламентте депутаттар да көтөрүп чыгышты. Чоң-Алайдагы Карамык айылынын тургуну Сагындык Амитовдун айтымында, жергиликтүү чабандар Түз-Конуш, Унжу-Булак, Тескей жана Карамык-Сай жайлоосуна чыга албай калган. Бул жайыттарды мурда Кыргызстандын жарандары колдонуп келсе, кийинки кезде мал жайып чыккандарды коңшу өлкөнүн аскерлери коркутуп... Читать дальше...
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда балдар катышкан 512 жол кырсыгы катталып, андан 17 бала каза болду, 500дөн ашыгы ар кандай жараат алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады. Жол кыймылын тескөө башкармалыгы акыркы учурда балдар автоунаада жүргүнчү катары келе жатып жабыркаган учурлар көбөйгөнүн коңгуроо кагууда. “Ата-энелердин кайдыгерлигинен жана балдарды ташууда айдоочулардын атайын эрежелерди сактабагандыгынан... Читать дальше...
- Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин кабарлады. Мунун алдында Чоң-Алай районундагы талаш тилкеге тажик чек арачылары кирип келгени кабарланган. - "Кумтөр Голд" компаниясынын убактылуу башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк ишкананын жамаатына расмий тааныштырылды. Бул арада өкмөт "Центеррага" бир нече шарт койду. - Алматыда Кытай консулдугунун алдындагы нааразылык акциясына жүз күн болду. Алар Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылышууда.
“Кумтөр Голдго” Кыргызстан тышкы башкаруу киргизгенден кийин Кумтөр кенинде иш кандай жүрүп жатат? Алтын каякка сатылат? “Kумтөр Голд” 2021-жылга карата 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Кыргызстан компаниядагы өндүрүштү колуна алып убактылуу башкара баштагандан тартып өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сатууну көздөп жатат. “Алтынды сатып алууга Улуттук банк даяр жана биздин андан башка да банктарды карап атабыз. Андын тышкары өкмөттүн да акчасы бар. Ошондой эле пенсиялык фонд... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы чек ара аймактарында иштеген эмгек мигранттары патент алууга тийиш экенин эскертет. Патенти болбогон мигранттарга Ички иштер министрлиги 10 миң сом, салык кызматы 3 миң сом айып салат. Миграция мыйзамдарына ылайык, коңшу өлкөнүн жарандары Кыргызстандын аймагында визасыз режимди колдонуп, иштөө үчүн ыктыярдуу патент алышы керек. Бир ай иштөөгө уруксат берген патенттин баасы 800 сомду түзөт. Бул патент менен мигранттар талаада, курулушта, мал чарбасында жана башка кызмат көрсөтүүчү жумуштарда жалданып иштей алышат. Читать дальше...
Бүгүн 19-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Кыргызстандан жыйынга тышкы саясат мекемесинин башчысы Руслан Казакбаев катышты. Күн тартибинде аймактагы кырдаал, тышкы саясий координацияны бекемдөө жана эл аралык актуалдуу маселелер бар экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып Тажикстандын тышкы иштер министри... Читать дальше...
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков үй камагына алынды. Бул тууралуу анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди Башкы прокуратуранын улук прокурорунун өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту кабыл алган. Дашков эмненин негизинде кармалып, бөгөт чарасы аныкталганы тууралуу маалымат айтылган жок. Ал 18-июлга чейин үй камагында болот. 18-майда Василий Дашковду Улуттук коопсуздук комитети "коррупция" боюнча суракка чакырып... Читать дальше...
Бишкектеги №27 шаардык китепканада белгилүү акын, “Азаттыктын” кабарчысы, маркум Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгына арналган “Кыргыздын кымбат уулу” аттуу эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага анын КРнын эмгек сиңирген артисти Шайымбек Кыдырмаев, адабиятчы Улан Турдалиев, журналист Жаныбек Эсеналиев, обончу Түмөнбай Колдошов баштаган замандаштары, жакындары жана окурмандар катышты. Акындын өмүр жолун, чыгармачылыгын чагылдырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, китепкананын окурмандары ырларын окушту. Читать дальше...
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматы – "Радио Свобода" жана анын башкы директору Андрей Шарый Орусиянын үстүнөн Адам укуктары боюнча Европа сотуна арызданды. Доогерлер "Чет өлкөлүк агенттер" тууралуу мыйзамды пайдалануу, атап айтканда Роксомнадзордун журналисттик материалдарды маркировка кылуу жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткарбоо үчүн айып пул салуу тажрыйбасы адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузат деп эсептешет. Өткөн жумада орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алган. Читать дальше...
Кумтөр алтын кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу “Азаттыктагы” маегинде Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретти кендеги экологиялык абалды жеринен көрүп келүүгө чакырды. “Мен көптөн бери байкап жүрөм, Британиянын Кыргызстандагы элчиси абдан активдүү иштейт. Желимдерди жерге таштабагыла, жерден чыккан сууну булгабагыла деп экологияга көз салат экен. Биздин отчеттор англис тилине которула баштады, баарын беребиз. Ал кишини мен чакырат элем... Читать дальше...
Кыргызстан Кумтөр алтын кениндеги экология маселеси боюнча сотто келтире турган далилдери жетиштүү. Бул тууралуу 19-майда «Азаттыкка» курган маегинде кендеги ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди: «Далил жетиштүү. Биринчи отчет – 2012-жылы Садыр Нуркожоевич Жапаров алып чыккан депутаттык комиссиянын отчету. Ал жерде мөңгүлөргө калдык төгүлгөнүнүн баары биринчи жолу далилденген. Ошого ишенбей кыргыз өкмөтү 2013-жылы мамлекеттик комиссия түзгөн... Читать дальше...
Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кендеги соңку кырдаал тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Анда кендеги ишмердүүлүктү интернет аркылуу көзөмөлдөп турган система өткөн жума күнү өчүрүлгөндөн бери “Кумтөр Голд” ишканасындагы өндүрүш колго башкарылып жатканын айтты. “Датчиктерден интернет аркылуу сигнал берилип, маалыматтын баары компьютерден чыгып турчу. Азыр эми ал датчиктерге бирден кызматкерди коюп иштетип жатышыптыр. Алар... Читать дальше...
Кыргызстандагы калктын азыркы учурдагы тукум улоо саламаттыгы алдыдагы 10-15 жылдагы демографиялык процесстерге түздөн түз таасир этет. Андыктан, тукум улоочу ден соолукту маанилүү социалдык аспект катары карап, мамлекет калктын төрөт саламаттыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Аялдар арасындагы тукум улоочу саламаттыкты алсыраткан негизги себептер – көп сандагы аборттор жана андан кийинки ден соолуктун начарлоосу, гинекологиялык оорулардын көбөйүшү, төрөгөн аялдардын саламаттыгынын начар болушу... Читать дальше...
Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенин иштеткен "Кумтөр голд" компаниясынын жетекчилери иштеп жаткан кызматкерлердин айлыгы тууралуу бухгалтердик табелди өчүрүп кеткенин билдирди. “Кумтөрдө иштегендерди тынчсыздандырган нерсе айлык акысы болууда. Бир айда эки жолу айлык алышчу экен. Жарымы алыптыр, теңи ала элек экен. Себебин кызыгып сураганда бухгалтерияны дагы көчүрүп кетиптир. Ким канча акча алары жөнүндө табел дагы жок. Читать дальше...
Мамлекеттик Думанын депутаттары Орусиянын "Ачык асман" боюнча эл аралык келишимден чыгуусун караган документти бир добуштан колдошту. Келишим 35 өлкөнүн чалгын учактарынын бири-биринин аймагында көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. 11-майда президент Владимир Путин документти денонсациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун Мамдумага киргизген. 2-июнда чечимди парламенттин жогорку палатасы - Федерациялар кеңеши жактырууга тийиш. Андан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлмөкчү. Кол коюлса, алты айдан кийин Орусия келишимден чыгат. Читать дальше...
Спортчу Швейцарияда өткөн Гран-при мелдешинде коло медаль алган. Мындай көрсөткүч атлеттин паралимпиадалык жолдомо алуусу үчүн жетиштүү болду.
Бүгүн 19-майда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Эл артисти, режиссёр Артык Сүйүндүковго Орусиянын Кинематографиялык искусство академиясынын «Ника» сыйлыгы жана Калькуттада (Индия) өткөн эл аралык кинофестивалдын “Мыкты режиссура” номинациясынын сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды министр Кайрат Иманалиев тапшырды. "Шамбала" фильми "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын жеңип, “Ника” сыйлыгына татыган. Сыйлоо аземи быйыл 25-апрелде Москвада өткөн. ... Читать дальше...
Орусиянын ТАСС агенттиги 18-майда кечинде Москвада кыргыз-тажик жарандары мушташканын жазды. Калайман уруш 18-майдын кечинде Москва шаарынын түштүк-батышындагы кафелердин биринде болгон. Бул тууралуу Москванын шаардык милициясынан кабарлаган. ТАСС күч органдарындагы ишенимдүү булактарына таянып мушташка эки өлкөнүн 15 чакты жараны катышканын кабарлады. Ага ылайык, ооруканага алты адам түшкөн. Милиция териштирүү ишин жүргүзүү үчүн тогуз адамды кармап кеткен. Алардын экөө миграциялык мыйзамды бузганы үчүн административдик... Читать дальше...
Бишкекте 19-майда «Маданий демилгелер биенналеси» аттуу эки күндүк иш-чара жыйынтыкталды. Өнөрпоздорду бириктирген иш-чараны «Терра Паблик» коомдук фонду демилгелеп, «Силикон өрөөнү» фондунун колдоосу менен уюштурду. Маданий көргөзмөгө өлкөдөгү жыйырмадан ашык маданий жана коомдук уюм катышты. Алар мультимедиа тиркемелерин, басылмаларды, кинофильмдерди, аудио жазууларды, сайттар менен электрондук платформаларды, улуттук кийимдердин реконструкцияланган үлгүлѳрүн көрсөтүштү. Көргөзмөгө келген конокторго презентациялар тартууланып... Читать дальше...
Жубайым Бишкектеги бир колледжде окутуучу. Азыр таажы вирусу күчөгөңдөн улам үйдөн эле онлайн сабак өтүп жатат. Жакында эле Баткенде болгон окуядан кийин бир топко чейин жаман болуп жүрдү. Айрыкча кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган улан-кыздардын сабак учурунда ыйламсыраганын угуу бери жакта отурган мага да оор болду. “Эжей интернет начар болуп атат. Бул жакта аябай жаман согуш болду, коркуп атабыз”, - деп жатышты балдар. Гезит-журнал, сайттарды карасаң, кошуна-колоңдор менен кобурашсаң баары эле Баткендеги коога тууралуу кеп кылышат.
«Фейсбуктагы» комментарий үчүн беш жылга эркинен ажыратылган ооганстандык качкын Камран Шинваринин иши боюнча 19-майга белгиленген сот отуруму болгон жок. Анын адвокаттарынын кассациялык даттануусу Жогорку сотто каралмак, бирок прокурордун өтүнүчү менен башка күнгө калтырылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Акмат Алагушев билдирди. Адвокаттын айтымында, кийинки отурум 25-майга пландалды: “Прокурор IT адис менен консультация керек экенин айтып, өтүнүч келтирди. Сот өтүнүчтү канааттандырды”. Читать дальше...