Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2021

Новости за 29.05.2021

Ата-энеге акыл үйрөткөн муундар

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө 2010-жылдан кийин төрөлгөн балдардын муунун тарбиялоодогу айрым жагдайлар тууралуу баарлаштык.

Чек ара: Барымтага түшүп чыккандар жардамга муктаж

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында апрелдин аягында чыккан жаңжал учурунда Тажикстанда барымтада отурган 10 кыргызстандык тургун 1-майда мекенине кайтарылган. Алар адегенде Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык кароодон өтүшкөн. Жабыркаган жарандар учурда Бишкекте Улуттук госпиталда дарыланууда. Алар оорукандан чыккандан кийин дагы медициналык, социалдык жардамга муктаж. ​ 28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда эки тараптан 50дөн ашуун киши курман болду, алардын ичинде эки баланын өмүрү кыйылды. Читать дальше...

ИИМ: Маңзат бизнесине аралашкан милиционер кармалды

Azattyk.org 

Чүйдө милиция кызматкери маңзат бизнесине тиешеси бар деген шек менен кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 29-майда билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 28-майда Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундан 1,5 килограммдан ашуун салмактагы апийим табылып, ошол эле күнү 25 грамм маңзат менен райондук ички иштер башкармалыктарынын биринде айдоочу болуп иштеген 50 жаштагы киши кармалды. Маңзат бизнесине аралашкан милиционерлер кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да болгон. Читать дальше...

Түркмөн бийлиги кызматкерлерди топу кийүүгө милдеттендирди

Azattyk.org 

Түркмөнстандын Лебап облусунда мамлекеттик мекемелердин жана жеке ишканалардын жетекчилери президент Гурбангулы Бердымухамедовдун атасы Маликгулы Бердымухамедовдун кыркылыгы чыкканга чейин чачтарын алып, топу кийип жүрүүгө милдеттендирилди.

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек ара маселесин талкуулап жаткан эки тараптуу жумуш тобунун кезектеги жыйынын Бишкекте 8-июндан 13-июнга чейинки аралыкта өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу 29-майда «Азаттык» радиосуна кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Бөрүбаев тажик делегациясынын Бишкекке келерин күтүп жатышканын, ортодо диалог бар экенин айтты: “Ооба. Диалог жана контакт бар. Алар келерин айтып нота менен кайрылышкан, биз келгиле деп жооп бергенбиз”. Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде... Читать дальше...

Медакадемиянын ректору шайланды

Azattyk.org 

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп кайрадан Индира Кудайбергенова шайланды. Шайлоо бүгүн 29-майда өтүп, ага катышкан 731 профессор, окутуучунун 698инин добушу Кудайбергеновага берилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна академиянын басма сөз кызматы кабарлады. Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты. Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп... Читать дальше...

Байден өлкө бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден өлкөнүн 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү. 6 триллион долларлык бюджетке жакыр жана ортоңку катмардагы америкалыктар үчүн жаңы чыгымдар, инфраструктурага, билим берүүгө жана киберкоопсуздукка багытталган сунуштар кирди. Быйыл январда ишке киришкен Байден үчүн чыгаша боюнча бул алгачкы долбоор анын саясий артыкчылыктарынын фискалдык планы жана, балким, долбоорду беките турган Конгресс менен бир нече айга созулушу ыктымал оор сүйлөшүүлөрүнүн башталышы болот. Читать дальше...

Өзбекстан: Нукуста пенсия маселесинен улам жол тосулду

Azattyk.org 

Өзбекстанда, Каракалпакстан республикасынын борбор шаары Нукуста пенсия маселесине байланыштуу нааразылык акциясы өттү. “Азаттыктын” өзбек кызматынын маалыматына караганда, 27-майда он чакты аялдан турган топ шаардын борбордук көчөлөрүнүн бирин тороп, жол кыймылын убактылуу үзгүлтүккө учуратышты. Нукус шаарынын администрациясы билдиргендей, нааразы тургундар пенсия жана жөлөкпул төлөө бир нече күнгө создукканына каршы чыгышкан. Акчанын кармалышына “Социалдык коргоо боюнча бирдиктүү реестр” маалымат системасындагы мүчүлүштүктөр себеп болгон.



30-майдын аба ырайы

Azattyk.org 

30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.​ Абанын температурасы... Читать дальше...

Эрдоган Стамбулда үчүнчү ири мечит ачты

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарынын Таксим аянтында жаңы ири мечит ачты. Мечиттин ачылыш салтанаты 28-майда өтүп, анда Эрдогандын жана миңдеген адамдын катышуусу менен жума намазы окулду. Талдоочулар Эрдогандын көптөн берки максаты ишке ашканын, ал өзүнүн "АК"  партиясынын тарапкерлерине Стамбулдун башкы аянтында диний жай ачууга убада берип келгенин жазышты. Мечиттин курулушу төрт жыл мурда башталган. Мамлекеттик Anadolu маалымат агенттиги кабарлагандай, 4 миңдей адамды... Читать дальше...

COVID-19: Европада өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды

Azattyk.org 

Европа Биримдигине кирген мамлекеттерде коронавируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасы менен эми өспүрүмдөрдү да эмдөөгө жол ачылды. Европанын дары-дармек боюнча агенттиги бул вакцинаны 12-15 жаштагы балдарга да сайса болору тууралуу чечим чыгарганын “Рейтер” агенттиги 29-майда кабарлады. Март айында Pfizer жана BioNTech компаниялары 2 миңден ашуун өспүрүм катышкан изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарып, вакцина коронавирустан 100 процент коргой турганы жарыялаган. Өспүрүмдөрдү эмдөө боюнча чечимди эми ар бир мамлекет өз алдынча кабыл алышы керек. Читать дальше...

АКШ Беларуска каршы жаңы санкция жарыяламай болду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар Беларуска карата жаңы санкцияларды киргизерин 28-майда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки билдирди. Анын айтымында, 3-июндан тартып бул өлкөнүн тогуз мамлекеттик ишканасына каршы кайрадан толук санкция киргизилмей болуп жатат. Ак үй өкүлү АКШ мындай кадамга Беларустун бийлигин жоопкерчиликке чакыруу жана бул өлкөнүн элине тилектештигин көрсөтүү максатында барып жатканын белгиледи. “Кошмо Штаттар Беларус өкмөтүнүн негизги мүчөлөрүнө каршы адам укуктарын бузуу фактылары, коррупция... Читать дальше...

Абак азабы: Унутулган адамдар

Azattyk.org 

Кыргызстандын тергөө абактарында кылмышка шектелип 1200 ашуун адам кармалып турат. Алардын ичинде 4-5 жылдап отурган адамдар бар.

Медакадемиянын ректору болуп дээрлик бир добуштан Кудайбергенова шайланды

Azattyk.org 

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору болуп кайрадан Индира Кудайбергенова шайланды. Шайлоо бүгүн 29-майда өтүп, ага катышкан 731 профессор, окутуучунун 698инин добушу Кудайбергеновага тийди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна академиянын басма сөз кызматы кабарлады. Калган үч талапкердин арасынан Эркин Алымбаев 11, Зиябидин Айдаров 12 жана Жолдош Шаршембиев 10 добуш алышты. Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп, 28-майда окуу жайда нааразылык акциясы өткөн. Читать дальше...

Алысты жакындаткан адамдык

Azattyk.org 

2006-жылдын кеч күзү. Туулган айылым Депшаарда бир жыл мурда ачкан башталгыч мектепти жетектөөнү кесиптешим Рустам агайга өткөрүп берген соң, «кыш бекерчиликте иштеп келейин» деп Дүйшөмбү шаарына жөнөп калдым. Бирок көңүлдүн түпкүрүндө билимимди дагы да тереңдетсем, компьютерди өздөштүрсөм, тажик тилин дурустап үйрөнсөм деген изги тилегим бар эле. Бул сырымды эч кимге ачык айтканым жок. Айылдын психологиясы башка. "Бишкекте беш жыл окуп келип эмнени кыйраттың? Эми кайда бармак элең?" дегендер да чыгат. Читать дальше...

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында кармалган үч тажик жараны УКМКга өткөрүлүп берилген

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында кармалган үч тажикстандык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК)  өткөрүлүп берилгенин тастыктады, ал эми кармалып, кое берилгени айтылып жаткан дагы эки тажикстандык тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.  УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева 29-майда “Азаттык” радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди: “Ош облусунун Чоң-Алай жергесинде жергиликтүү тургундар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара... Читать дальше...

Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдү бекемдөөнүн эки багытын атады

Azattyk.org 

Кыргызстан аскер күчтөрүн тоо шартында кызмат өтөй ала туран атайын бөлүктөрдү жана чек арада элдик кошуундарды түзүү аркылуу бекемдейт. Бул тууралуу 29-майда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин Куралдуу күчтөр күнүнө карата куттуктоосунда айтты: “Биз эки багытка көңүл бурушубуз кажет. Биринчиден, армияны тоо шартында аскердик иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн толук даярдалган жана техникалык  жактан жабдылган атайын бөлүктөр принциби боюнча уюштуруу. Экинчиден... Читать дальше...

УКМК Сегизбаев пневмония болуп ооруканага жаткырылганын ырастады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы абактагы Абдил Сегизбаев ооруканага мекеменин демилгеси боюнча жаткырылганын билдирди. УКМКнын басма сөз кызматы 29-майда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Сегизбаев эки өпкөсүнөн пневмония болуп 24-майда ооруканага жаткырылган жана өзүн начар сезип, эти ысыганда  аны бейтапканага которуу тууралуу чечим кабыл алынган. Сегизбаевдин азыркы абалы тууралуу маалымат айтылган жок. Анын коронавирус болуп Бишкек шаарынын №6 ооруканасында... Читать дальше...

COVID-19: Бир күндө тогуз адам каза болду, 356 бейтаптан аныкталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 29-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен тогуз адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын алтоо Бишкекте. Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарында бирден өлүм катталды. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1797 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 356 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (162) жана Чүй облусунда (78). Өлкөдө оору жуккандардын расмий катталган саны 104 222 адам болду. Читать дальше...

Медакадемияда ректор шайлоо жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында бүгүн, 29-майда ректор шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна окуу жайдан кабарлашты. Ректорлукка академияда эмгектенген төрт талапкер ат салышууда. Алар: Эркин Алымбаев, Зиябидин Айдаров, Жолдош Шаршембиев жана Индира Кудайбергенова. Добуш берүү үчүн профессордук-окутуу курамынын 700дөн ашуун өкүлү келгени, шайлоо ушу тапта өтүп жатканы маалымдалды. Бүгүнкүгө белгиленген шайлоону Билим берүү жана илим министрлиги токтоткону белгилүү болуп... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Ига Свёнтек

«Ну и кто сказал, что женский теннис — это скучно?» Свёнтек — после матча с Соболенко






Мама с тремя детьми купила жилье в Щелкове по госпрограмме

Shot: в Москве мужчина облил знакомую спиртом и поджег

Россельхознадзор: для поставок в Китай оформлено 143 партии свинины

Первый лазертаг на Самуи