Ошто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды
Ош шаарында эки жарым жаштагы бөбөктү уурдоого шек саналып, 38 жаштагы Алай районунун тургуну кармалды. Шектүү 3-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шаардык милициянын маалыматында бөбөк 2-июль күнү жоголгон. «Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, тийиштүү иш-кагаздарды чогултуп, ошол жердеги видео байкоочу камералар каралган учурда, жоголгон наристени азият улутундагы жашы 35-40 чамасындагы эркек киши сүйлөп, ээрчитип баратканын аныкташкан», — деп жазылган мекеме тараткан маалыматта. Читать дальше...