Ооганстанда жапа чеккен жайкын тургундар көбөйдү
Бириккен Улуттар Уюму май, июнь айларында Ооганстанда набыт болгон жана жараат алган жайкын тургундардын саны кескин өскөнүн кабарлады. Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы быйыл алты айда 5180ден ашык жайкын тургун жабыркаганын жарыялады. Алардын ичинен 1659 жаран набыт болгону миссиянын 26-июлда тараткан баяндамасында айтылат. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 47% көп. Буга “Талибан” кыймылы менен өкмөттүк күчтөрдүн май айынан баштап күчөгөн салгылаштары себеп катары көрсөтүлгөн. Читать дальше...