Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 04.07.2021

Жүздөгөн ооган жоокери Тажикстанга чегинди

Azattyk.org 

Дем алыш күндөрү Ооганстандын дагы 400дөй аскери талибдер менен кармаш жүрүп жаткан аймактардан Тажикстанга кире качты. Бул маалыматты Тажикстандын Чек ара кызматы ырастады.

Орусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты

Azattyk.org 

Орусияда соңку бир сутка ичинде 25 142 миң адамдан коронавирус табылды. Бул январь айынан берки эң жогорку сан. 4-июлга карата расмий маалыматка ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Орусияда 663 бейтап COVID-19дан көз жумду. Натыйжада Орусияда коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы расмий саны 138 миңге чукулдады. Бул аптада Орусияда беш күн катары менен COVID-19дан өлгөндөрдүн саны эң жогорку чекти көрсөтүп жатат. 3-июлда вирус 697 адамдын өмүрүн алганын расмий статистика көрсөткөн. ... Читать дальше...

Аба ырайы: Күн 40 градус ысыйт

Azattyk.org 

5-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жаабайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 35…40; Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37; Баткен... Читать дальше...

Филиппинде аскердик учак кыйрап, кеминде 29 адам өлдү

Azattyk.org 

Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйрап, андан 29 адам мерт болгону ырасталды. Өлкөнүн армиясынын өкүлү, генерал-майор Уильям Гонзалес билдиргендей, дагы 17 жүргүнчүнүн дайыны чыкпай жатат. 50дөй киши аман-эсен куткарылып, ооруканага жаткырылды. Бортунда 92 адамды салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралына кыйрап түшкөн. Армиянын маалыматына ылайык, учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаган. Читать дальше...

Шайлоо комиссиясы "Биздин Кыргызстан" партиясына эскертүү берди

Azattyk.org 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаар кеңешине шайлоого катышып жаткан "Биздин Кыргызстан" партиясына үгүт иштеринде чет өлкөлүк саясий ишмердин сүрөтүн пайдаланганы үчүн эскертүү берди. АШКнын "Азаттыкка" кабарлоосунда, партия бул аракети менен "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорунун 28-беренесин бузган деп табылды. "Биздин Кыргызстан" саясий партиясын шайлоо алдындагы үгүт иштеринде лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун Түркиянын мамлекеттик ишмерлери менен түшкөн сүрөтүн колдонуп... Читать дальше...

COVID-19: Тажикстанда милдеттүү түрдөө эмдөө киргизилди

Azattyk.org 

Тажикстандын бийлиги 18 жаштан жогорку жарандарды сөзсүз эмдөөдөн өтүүнү милдеттендирди. Өлкөдө эмдөөдө Индияда чыгарылган AstraZeneca, Кытайдын CoronaVac вакциналары колдонулуп жатат. Коронавируска каршы республикалык штаб чет өлкөлөрдөн келген жарандарды ПЧР-тесттин жыйынтыгынан көз карандысыз түрдө 10 күн бою үйдөн чыкпоого чакырды. Штаб ошондой эле аш-тойлордо адамдардын санын чектөөнү сунуш кылды. "Озоди" радиосунун маалыматына караганда, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий саны жогору эмес. Читать дальше...

Жапаров АКШ менен кызматташууну чыңдоого аракеттенерин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  4-июлда  АКШнын президенти Жо Байденди Американын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Байденге Кыргызстанга киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салганы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн аракеттенерин кошумчалады.  4-июль - АКШнын Эгемендик күнү. 1776-жылдын  4-июлунда өлкө эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынган. АКШнын Мамлекеттик департаменти быйыл март айында 13 өлкөнүн... Читать дальше...



Дарыгерлер экинчи жолу пандемияда кесиптик майрамын белгилеп жатышат

Azattyk.org 

Дарыгерлерди кесиптик майрамы менен мамлекет башчы Садыр Жапаров куттуктап, элдин саламаттыгы үчүн иштеп жаткан кызматкерлердин өздөрүнө бекем ден соолук каалады. Президент ошондой эле COVID-19 илдети тууралуу да кеп кылып, вирус алып келген кризис — саламаттык сактоо жана башка көптөгөн тармактардын кризисине айланганын билдирди. Жапаров саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү, калктын жашоо-шартын жана саламаттыгын жакшыртуу жөнүндө иштер жүрүп жатканын, анын ичинде өлкөдө 14 жаңы медициналык мекеменин 11и курулуп бүтүп... Читать дальше...

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек араны талкуулады

Azattyk.org 

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегациялары Фергана шаарында жолугуп, чек ара маселесин талкуулашты. Сүйлөшүүдө үч мамлекеттин чек ара сызыктарын аныктоо боюнча сунуштар берилди. Аягында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы үч тараптын сүйлөшүүсү достук, ынтымак маанайында өткөнүн 3-июлда маалымдады. Ага ылайык, өкмөттүк делегациялардын кийинки сүйлөшүүсү Кыргызстанда өтөт. Бирок Фергана шаарындагы сүйлөшүүлөрдүн жана... Читать дальше...

Жогорку Рада аскер аялдарга мамиле үчүн кечирим суроону талап кылды

Azattyk.org 

Украинанын Коргоо министрлиги сайтына өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата аскер парадына даярдыктан сүрөттөрдү жарыялаган. Анда аскердик окуу жайлардын курсант  кыз-келиндери бийик такалуу бут кийим кийип жүрүшкөнү тартылган. Жогорку Раданын вице-спикери Елена Кондратюк жана башка депутаттар бул көрүнүштү кескин сынга алып, Коргоо министрлигинен аскер кыз-келиндерден кечирим суроону жана мындай мамилеге кызматтык иликтөө жүргүзүүнү талап кылышты. Депутат Марина Бардина “Фейсбуктагы” баракчасына... Читать дальше...

COVID-19: Бишкекте кошумча эмдөө түйүндөрү ачылууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, кошумча эмдөө түйүндөрү медициналык мекемелерден тышкаркы жайларда ачылат. "Космопарк", "Таш-Рабат", "Балдар дүйнөсү", "Чынар" соода оюн-зоок жайларында жана "Семетей" мектебинде жалпысынан 9 эмдөө түйүнү уюштурулмакчы. Мындан тышкары борбор калаада 118 ыкчам кеңеш берүү кызматынын саны көбөйтүлөт. Учурда шаардагы төрт медициналык мекемеде 12 линия иштеп жаткан болсо, жакынкы күндөрү 20га жеткирилерин шаардык саламаттык сактоо департаменти маалымдады. Читать дальше...

Азербайжан туткундагы армян аскерлерин мина карталарына алмашты

Azattyk.org 

Азербайжан туткундагы 15 армян аскерин мина карталарына алмаштырганын эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтери маалымдашты. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги кайтарылып алынган Физули жана Зангилан аймактарындагы танктарга жана жөө аскерлерге каршы миналар коюлган жердин карталарын берүү келишимине Орусия ортомчулук кылгандыгын билдирди.  "Адамгерчиликтүү кадам катары Азербайжан тарап Арменияга 15 армян тектүү адамды өткөрүп берди. 1990-жылдардагы кандуу кагылышуу учурунда жер которгон адамдар өз жерлерине кайтып келиши үчүн... Читать дальше...

Тажикстанга качып өткөн ооган аскерлери 300дөн ашты

Azattyk.org 

Ооганстандын түндүгүндөгү талибдер басып алып жаткан аймактардан 300дөн ашуун аскерлер Тажикстанга качып өтүштү. Бул тууралуу Тажикстандын Чек ара кызматы 3-июлда кабарлады. Жоокерлер Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районуна качып өтүштү. Ушуну менен Ооган коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери акыркы эки жума аралыгында үчүнчү жолу Тажикстанга качып киришти. Маалыматта айтылгандай, кырдаал Ооганстандын түндүк-батышындагы Бадахшан провинциясындагы бир катар айылдарды жана чек ара бекетин талибдер басып алгандан кийин курчуган. Читать дальше...

“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстанга” каршы арыз менен кайрылды

Azattyk.org 

“Реформа” партиясы “Биздин Кыргызстан” партиясын административдик ресурс колдонду деген себеп менен шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопко тартууну талап кылууда. Мындай мазмундагы арыз менен “Реформа” Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына 3-июлда кайрылды. “Реформа” арызында “Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек, Ош шаардык кеңештерге шайлоого жүргүзгөн үгүт иштерине Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Айбек Осмоновду пайдаланганын билдирген. Партиянын лидери Клара Сооронкулова муну административдик ресурс деп сыпаттады... Читать дальше...

COVID-19: Акыркы суткада он киши каза тапты, 1401 кишиге жукту

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык штабдын маалымдашынча, 3-июлда илдеттен 10 адам көз жумду. Анын ичинде 5 адам Бишкекте, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Нарын облусунда 1 адам катталды. Жалпысынан оорудан көз жумгандардын саны 2037 адамга жетти. Акыркы суткада коронавирус 1401 адамдан табылды. Бишкек шаарында – 907; Ош шаарында 50; Чүй облусунда – 175; Ош облусунда – 20; Талас облусунда – 13; Нарын облусунда – 17; Ысык-Көл облусунда – 32; Жалал-Абад облусунда – 105; Баткен облусунда – 82 адам. Читать дальше...

Бир мандаттуу ыкма: тең укуктуулук сакталабы?

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө парламенттин 6-чакырылышынын ишмердүүлүгү, Жогорку Кеңешке шайлоо боюнча жаңы мыйзам долбоорунун өзгөчөлүктөрү, парламенттеги аялдардын орду тууралуу баарлаштык.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде






Волонтеры Подмосковья участвуют в Международной премии #МЫВМЕСТЕ

Дебошир экстренно севшего самолета Сургут-Москва заплатит 600 тыс. рублей штрафа

Самые зеленые районы Москвы: где гулять весной?

В центре Москвы поймали змею необычного окраса