Беларус: журналистке "чыккынчылык" боюнча айып тагылды
Беларуста журналист жана медиа-менежер Андрей Александровго “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылды. Бул тууралуу анын адвокаты Антон Гашинский билдирди. Бул берене менен журналист 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Айып кайсы иш боюнча тагылып жатканы белгисиз. Андрей Александров жана сүйлөшкөн кызы, активист Ирина Злобина быйыл январда кармалган. Аларга коомдук иш-чараларда тартип бузган деген айып таккан. Беларус милициясынын версиясы боюнча, Александров жана Злобина 2020-жылдын... Читать дальше...