Эрдоган: Орхан Инанды Түркияда камакта
Парламент имаратынын алдына он чакты адам Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыны мекенине кайтарууну талап кылып чыгышты. Алар колдоруна “Кыргыз Республикасынын жаранын кайтарып бергиле” деген баракчаларды кармап турушту. Кыргызстандын бийлиги Инандыга байланыштуу азырынча үн ката элек. Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган министрликке Орхан Инандынын маселеси боюнча чакыртылганын билдирди. Кыргызстанда буга чейин да Инандыны табууну талап кылган митингдер өткөн болчу. Читать дальше...