Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Новости за 22.07.2021

Тажикстан "Головнойдун" жанына видеокамера орнотту

Azattyk.org 

Тажикстан чек арадагы чырга себеп болгон видеобайкоочу камераны кайрадан “Головнойго” жакын жерге орнотконун жарыялады. Баткен облустук бийлиги  Кыргызстан көзөмөлдөп турган суу бөлүштүрүүчү жайга эч кандай камера орнотулбаганын, ага жол берилбей турганын айтып жатат. Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасы Баховаддин Баходурзода 19-июлда видеобайкоочу камера “Головнойдон” он метрдей Тажикстан тараптагы даракка орнотулганын “Озоди” радиосуна билдирди. "Видеобайкоочу камера суу... Читать дальше...

«Өлүп, бирок жашай берчү өмүр бар»

Azattyk.org 

“Азаттыктын” изилдөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура үч жыл толду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган. Өлкөдөгү курч, көйгөйлүү маселелерди тайманбастан козгоп, коомго алып чыккан чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев көз жумганда 28 жашта гана болчу. ("Азаттыктын" архиви)

Эгизбаевдин эмгеги унутулбайт

Azattyk.org 

“Азаттыктын” изилдөөчү журналисти Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө бүгүн туура үч жыл толду. 2018-жылдын каргашалуу 22-июлунда Эгизбаевдин өмүрдөн өткөнү тууралуу суук кабар кыргыз коомчулугуна желдей тараган.

Рахмон: армияны коңшуларга каршы колдонбойбуз

Azattyk.org 

Тажикстанда Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн 22-июлда бир күндүк эң ири машыгуу өттү. Ага жүз миңден ашуун аскер катышты. Парадды кабыл алган президент Эмомали Рахмон коңшу мамлекеттерге каршы өз армиясын колдонбой турганын айтты. 22-июль күнү таңкы саат төрттө Тажикстандын баардык гарнизондордо аскердик айгай салынып, армиянын күжүрмөн даярдыгын текшерүү үчүн бир күндүк машыгуу башталды. Ага Коргоо министрлиги, Улуттук гвардия, Ички иштер министрлиги... Читать дальше...

Талас: Заводдун ишине нааразы болгон элдин талабы

Azattyk.org 

Манас районунун Чоң-Капка айылындагы таш майдалоочу заводдун ишине жергиликтүү тургундар нааразы. Алардын айтымында башаламан казуулардын кесепетинен Талас дарыясынын нугу бузулуп, ал эгин талаага суу жеткирүүчү каналга жакындап калган. Мындан сырткары компаниянын кен казууга атайын уруксат кагазы жок экени да айтылууда. Ал эми завод жетекчиси мындай дооматтарды четке какты.



Токио-2020: Борбор Азия өлкөлөрүнүн курамы кандай?

Azattyk.org 

Борбор Азиядан 201 спортчу (Казакстан - 95, Өзбекстан - 71, Кыргызстан - 16, Тажикстан - 10, Түркмөнстан - 9) Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына катышат. XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталат. Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Бирок эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам кийинки жылга жылдырган. Ошентип 67 жылдан кийин Олимп оюндары Токиого кайтып келди. Читать дальше...

Иран: суу тартыштыгы тополоңго алып келди

Azattyk.org 

Иранда соңку алты күндөн бери уланып жаткан башалмандыктан бир полиция кызматкери өлдү. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Хузестен провинциясында сугат сууну тартыштыгына нааразы болгондор акцияга чыгып, кагылышуулар менен коштолууда.

Сабалган баланын окуясы саясий талкууга айланды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө спорттук машыгууда жүрүп сабалган орус тектүү кыргызстандык тогуз жаштагы баланын окуясы боюнча талкуу токтой элек. Талкууга жем таштаган патриархтын пикири Орусиянын патриархы Кирилл Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген орус улутундагы баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөткөнү эки апта мурунку окуяны кайрадан талкууга чыгарды. 7-июлда жергиликтүү бир катар массалык маалымат каражаттары баланын ата-энесинин жактоочусунун сөзүнө таянып, спорттук машыгуу учурунда... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

«У меня больше нет сил бороться». Елена Рыбакина раскритиковала WTA






Студент Влад Трапезников принял участие в акции и нарисовал граффити на станции

Путин посетил пасхальную службу в храме Христа Спасителя в Москве

Пушков заявил, что мигранты в Великобритании потребуют престол для сына принца Гарри

С видом на Петра I. В Москве продают квартиру почти за 2 миллиарда рублей