Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 04.08.2021

"Кумтөр иши": Темир Сариев эки айга камалды

Azattyk.org 

"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты. УКМК аны 3-августта кармап, "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. Адвокаты соттун... Читать дальше...

Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды

Azattyk.org 

"Кумтөр" ишине байланыштуу айыпталган мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Баш коргоо чарасы 4-августта түндө Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун алдына Сариевдин тарапкерлери, жакындары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сариевди 3-августта кармаган. Ага "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып тагылган. Сариев Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген. Читать дальше...

Жеңиш үчүн жан үрөп... Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатынан 13 сүрөт

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Бүгүн, 4-августта, Ысык-Көлдө спорт дүйнөсүнүн башын бириктирген ири чемпионат башталды. "Биримдик — 2021" аталышындагы мелдештин программасына спорттун беш түрү: ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай бокс кирген.

ЕККУ Орусиядагы шайлоого байкоо жүргүзбөйт

Azattyk.org 

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму бийлик киргизген олуттуу чектөөлөрдөн улам Орусиянын Мамлекеттик думасы менен Федералдык кеңештин шайлоосуна байкоочуларды жибербейт. ЕККУ 4-августта Орусиянын бийлиги пандемияга байланыштуу деген негиздеме менен шайлоого карата байкоочулардын санын чектеп салганын билдирди. “Биз алдыдагы Орусиянын шайлоосуна байкоо жүргүзө албай турганыбызга абдан өкүнөбүз. Орус  бийлигинин байкоочулардын санын кескин кыскартуу боюнча көшөргөн талабы бизди биротоло... Читать дальше...

Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында спорттун беш түрү боюнча "Биримдик — 2021" аталышындагы дүйнө чемпионаты башталды.

Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова ичинде эмоция кайнап турганын жашырган эмес. Ошол эле учурда ал калган спортчуларга ийгилик каалап, баары жакшы экенин жазган.

Айсулуу элди бириктирди

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекованын финалдагы беттешин жүздөгөн күйөрмандар, өлкө жетекчилери, өзүнүн жакындары түз эфирден көрүп турду. Тыныбекова финалда жапониялык Юкако Каваи менен беттешип, элине күмүш медал белек кылды.

Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды

Azattyk.org 

Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Таалайбек Нуралиев 2-октябрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы 4-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Ал "абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошоткон, соттолгондордун шарттарын жумшартууда туруктуу коррупциялык схема уюштурган" деп айыпталууда. Нуралиевди Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2-августта кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген. (SE)



"Мекендештерим менден алтын күткөн"

Azattyk.org 

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш байге алды.

Айсулуу Тыныбекова: ыйлагым келип турат

Azattyk.org 

Токиодогу Жайкы Олимпиадада күмүш медаль уткан балбан Айсулуу Тыныбекова "Фейсбук" аркылуу кыргызстандыктарга кайрылды: "Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам! Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат... Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык! Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз", - деген Тыныбекова алдыдагы күндөрү беттешке чыкчу спортчуларга ийгилик каалады.   ... Читать дальше...

Жол эрежесин бузгандарга салынчу айыппул азайтылат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды азайтуу жөнүндө мыйзамга 4-августта кол койду. Өкмөт демилге кылган мыйзамды 30-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Документке мотошлем, коопсуздук курун колдонбогондор, белгиленген ылдамдыкты 20 километрге чейин ашыргандар, жол белгилеринин талаптарын, унаа токтотуу шартын аткарбагандар, аралыкты сактабагандар өңдүү эреже бузуулар камтылып, айыппул 1000 сом деп каралган. Айдоочулар токтомду алган күндөн тартып отуз күндүн... Читать дальше...

Беларус спортчулары өлкөгө кирүүдөн чочулашууда

Azattyk.org 

Беларус атлетчиси Яна Максимова менен жолдошу Андрей Кравченко Беларуста  куугунтук  уланып жатканына байланыштуу Германияда калууну чечишкенин билдирди. Бул тууралууу Максимова 3-августта «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.   Ал эми «Наша Нива» басылмасы 3-августта «Телеграм» каналына «Витязь» гандбол клубунун машыктыруучусу Константин Яковлев Минскиден Украинага чыгып кеткенин жазды. Яковлев бир ай мурда өкмөткө каршы уруксат берилбеген митингге катышканы үчүн 15 сутка камалып чыккан. Андрей... Читать дальше...

Токио-2020: балбан Айаал Лазерев 5-августта беттешке чыгат

Azattyk.org 

Эркин күрөш боюнча балбан Айаал Лазарев Олимпиада оюндарында 125 килограмм салмакта күрөшөт. Ал 5-августта беттешке чыгарын КТРК-Спорт каналы кабарлады. Анын категориясындагы беттештер Бишкек убактысы менен саат 8:10до башталат. Дагы бир эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев 6-августта күчүн сынайт. Жөө күлүк Дарья Маслова Олимп оюндарынын акыркы күнүндө - 8-августта мелдешке чыгат. 23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Алардын ону байге ала албады. Балбандар... Читать дальше...

Өзбекстан: президенттикке биринчи талапкердин аты аталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын экологиялык партиясы быйыл октябрь айында өтө турган президенттик шайлоого өзүнүн талапкерин көрсөттү. Бул партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Нарзулла Обломуродовдун талапкерлигин партиянын борбордук кеңеши 4-августагы кезексиз жыйынында бекитти. Жыйында экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, жаратылыш ресурстарын этият пайдаланып, калктын жашоо-турмушун жогорулатуу сыяктуу маселелер партиянын платформасы катары белгиленди. Читать дальше...

Жапаров: Айсулуу Тыныбекова майтарылгыс эркти көрсөттү

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров балбан Айсулуу Тыныбекованы Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы бул окуяны "Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн" деп сыпаттады. "Сиздин жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", - деди Жапаров. Өлкө башчысы... Читать дальше...

Беларуста оппозиция өкүлдөрүнүн соту жабык өтүүдө

Azattyk.org 

Минскиде облустук сот президенттикке талапкер болгон саясатчы, камактагы Виктор Бабариконун тарапташтары жана Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү Мария Колесникова менен Максим Знактын ишин жабык тартипте карады.   Бул сот жараянына байкоо салууну каалагандар турсун, айыпкерлердин жакындары дагы киргизилген эмес. Сотко Мариянын атасы Александр Колесников гүл көтөрүп келип, бирок ичкери кирип, кызы менен көрүшүүгө уруксат ала алган жок. Ал адвокат аркылуу кызына гүлүн тапшырып, өзү сыртта турду. Читать дальше...

Айсулуунун алтынга тете күмүшү

Azattyk.org 

Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова күмүш медал алды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта финалда жапониялык Юкако Каваиге 3:4 эсебинде жеңилди.

Новости России
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о комфортных автопутешествиях


Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлап баратканы кабарланды

Azattyk.org 

Дээрлик он күндөн бери камакта ачкачылык кармап отурган саясатчы, "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовдун абалы начарлап баратат. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Эрлан Бекчороев "Азаттыкка" билдирип, сыртта дарыгерге көрсөтүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты. 4-августта Молдокматов Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которулду. Ушул күнү омбудсмен Токон Мамытов ага жолугуп чыкты. Акыйкатчы байкоолору жөнүндө кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мурдараак Акыйкатчы... Читать дальше...

Илимпоздорду шайлоодогу интрига

Azattyk.org 

5-августта Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо өткөнү турат. Ага 127 талапкерден арыз түшкөн. Илимий жогорку наамдарга ат салышып жаткандардын катарында министрлер, Баш мыйзамдын долбоорун жазган окумуштуулар да бар. Улуттук илимдер академиясынын академик жана корреспондент-мүчө илимий наамдарына шайлоо ар кандай себептерден улам он жылдан ашык убак мезгилден бери өтпөй келген.

Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы кайра сотто каралат

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы кайра сотто каралат. Отурум 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда болот. Башкы прокуратура анын баш коргоо чарасын катаалдатуу боюнча сотко өтүнүч бергенин Жээнбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, прокуратура Жээнбековду үй камагынын шарттарын бузганын негиз келтирип жатат. "Кыязы, мен кайра тергөө абагына барам", - деген Жээнбеков муну бийликке карата сынчыл көз карашына байланыштырды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы муну төгүндөгөн да, тастыктаган да жок. Читать дальше...

Беларус: Колесникованын соту, спортчунун каршылыгы

Azattyk.org 

Беларуста оппозиция лидерлеринин бири Мария Колесникованын соту башталды. Ал арада Токиодогу Олимпиадага катышып жаткан спортчу Кристина Тимановская Беларуска кайтуудан баш тартып, Венага учту. Ал андан ары Польшага барары күтүлүп жатат. Бул окуядан кийин спортко катыштыгы бар адамдар да Беларустан чыгып кетишкени маалым болду. Мария Колесникованын соту Беларуста оппозиция лидерлери Мария Колесникова менен Максим Знактын соту 4-августта башталды. Алар «улуттук коопсуздукка доо келтире турган аракеттерге чакырык жасашкан... Читать дальше...

Жапония коронавирус шартында мектептерди колдоо үчүн Кыргызстанга 2,7 млн. доллар бөлдү

Azattyk.org 

Жапон өкмөтү коронавирус шартында мектептерди колдоо үчүн Кыргызстанга 2,7 миллион доллар бөлдү. Каражат мектептерде коопсуздук чараларын сактоого жана кошумча окутууларды камсыз кылууга жумшалат. Долбоорду ЮНИСЕФ уюму ишке ашырат. Аталган уюмдан "Азаттыкка" кабарлашкандай, аны ишке ашыруунун мөөнөтү 24-августка чейин деп пландалган. 4-августта билим берүү жана илим министринин орунбасары Надира Жусупбекова, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






Агроном Воробьёв высказался об опасности майских заморозков

Парк «Пехорка» признали самым посещаемым в Подмосковье за неделю

Какие новые инструменты используют агентства при работе с фармрынком

МИД рекомендовал россиянам «учитывать имеющиеся риски» при планировании поездок в эту стану