Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 09.08.2021

COVID-19: Чымкентте атайын оорукана толуп калды

Azattyk.org 

Казакстандын түштүгүндөгү Чымкент шаарында коронавирус жугузуп, ооруканага түшкөн бейтаптардын саны акыркы эки аптада кескин өстү. Мындай жогорку көрсөткүчтөр коронавирустун "дельта" штаммына байланыштуу экени айтылууда. Шаардагы "кызыл зонага" кош бойлуу келиндер жана улгайган кишилер көп келип жатканы байкалууда.

Орустарды тамашалаган куудул он күнгө камалды

Azattyk.org 

Москванын Таган райондук соту жаш куудул Идрак Мирзализадени улут аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча айыптап, 10 күндүк административдик жаза чегерди. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Бадамшин билдирди. Иш козгоого анын 2021-жылы март айында «Кууп таркатуу» деген маанайшат программасында славян эместер кездешкен ксенофобиялык көрүнүштөрдү шакаба чегип, күлдүргөн юмору негиз болгон. Прокуратура дайындаган экспертизанын тыянагы боюнча Идрак Мирзализаденин шакабасында кайсы бир адамдардын... Читать дальше...

Талибдер белгилүү ооган акынын өлтүрүштү

Azattyk.org 

«Талибан» кыймылынын жоочулары 5-августта Орозган провинциясынын Хора уездинде белгилүү акын жана тарыхчы Абдулла Атефинин көзүн тазалаганы белгилүү болду. Акынды үйүнөн алып чыгышып, аны сотсуз эле өлүм жазасына тартышканын провинциянын губернатору Мухаммад Умар Шерзад «Азаттыктын» ооган кызматына кабарлады. Анын айтымында, талибдер өздөрү басып алган райондордо катаал эрежелерди орнотуп, алардын чектөөлөрүнө көнбөгөн жайкын тургундарды эл көзүнчө жазалап, кыйнап өлтүрүп жаткан учурлар катталган. Читать дальше...

Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдетилген насыя берилет

Azattyk.org 

Өкмөт 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган  76 ишкерге жалпы 15,2 млн. сом насыяны жеңилдетилген шартта берүүнү Экономика жана финансы министрлигине тапшырды. Ага ылайык, 76 ишкердин ар бири 200 миң сомдук насыяны 0,1% үстөгү менен, күрөөсүз  үч жылдык мөөнөткө ала алышат. Мындай токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 9-августта кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Токтомдо  "Айыл Банк" менен "РСК Банктан" быйыл 28-апрелге чейин насыя алып... Читать дальше...

Улуу Британия Беларуска жаңы санкцияларды киргизди

Azattyk.org 

Александр Лукашенконун режиминин адам укугу менен демократияга каршы аракеттерине жооп катары соода, финансылык жана авиациялык чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу британдык тышкы саясат мекемесинин расмий сайтына жарыяланды. Санкцияда беларус учактарына Улуу Британиянын аймагынан учуп-конууга жана Лукашенко баш болгон жогорку кызмат адамдары колдонгон учактарды тейлөөгө тыюу салуу дагы каралган. Ошондой эле Беларуста өндүрүлгөн мунай затын, калий жер семирткичин, тамеки өндүрүшүнө керектелчү чийки затын сатып алууга чектөө коюлган. Читать дальше...

Жөө күлүк Тимановская Беларуста алган медалын аукционго койду

Azattyk.org 

Польшадан башпаанек тапкан беларустук жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа чемпионатынан алган күмүш медалын аукционго койду. Анын баштапкы баасы 5 миң АКШ долларынан башталат. Европа оюндары 2019-жылы Минск шаарында өтүп, жөө күлүк Кристина Тимановская күмүш медаль алган болчу. Медалды сатуудан түшкөн каражат Лукашенконун режимине каршы күрөшүп жаткан Беларустун спорттук тилектештик фондуна которула турганы айтылды. 24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Читать дальше...

Театр дүйнөсүн эңшерген үч жоготуу

Azattyk.org 

Кыргыз кино жана театр дүйнөсү үч күн аралыгында эле белгилүү үч адамынан айрылды. Маданият өкүлдөрү үч таланттын катары менен көзү өтүшү кыргыз маданиятын оор жоготууга учуратты деп белгилешүүдө.



"Акаев бийликтин өтүнүчүн аткарып жатышы ыктымал"

Azattyk.org 

“Жогорку Кеңештин “Центерраны” түзүүгө каршы үч жолку чечимин четке кагуу президенттин гана колунан келмек”. Мындай пикирин “Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов мурдагы президент Аскар Акаевдин “Кумтөр иши” боюнча жасаган акыркы билдирүүлөрүнө байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. 2005-жылы март ыңкылабында Кыргызстандан чыгып кеткен Акаевдин Кыргызстанга келиши - өткөн аптанын башкы окуясы болду.

Трансгендер катышкан алгачкы Олимпиада. Токио-2020нын кызыктары

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Эки аптага созулган Олимпиада оюндары жыйынтыкталды. Иш-чара катышкан өлкөлөрдүн, атлеттердин көптүгү жана ойнотулган медалдардын саны жагынан жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздады.

Журналист Аслан Сартбаев УКМКда сурак берүүдө

Azattyk.org 

"Азия Ньюс" гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев бүгүн, 9-августта кечке жуук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Журналистти 9-август күнү саат 17:00гө атайын кызматка күбө катары баруу тууралуу чакыруу кагазын "Фейсбукка" жарандык активист Адил Турдукулов жарыялады. Айрым маалымат каражаттары Сартбаевди атайын кызматтын адамдары аны үйүнөн алып кетишкенин жубайына таянып жазып чыгышты. УКМК  Сартбаевдин үстүнөн Кылмыш кодексинин 313-беренеси ("расалык, этникалык... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун кезектеги жыйыны Дүйшөмбү шаарында өттү. Жолугушуу 4-августтан 9-августка чейин чейин тараптардын макулдашуусуна ылайык өткөн. Жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдагандай, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт. Буга чейин акыркы үч айда Кыргызстан менен Таджикистандын тактала элек чек арасынан 40 чакырымы боюнча жумушчу топ орток пикирге келип, кол коюлганы маалымдалган. Читать дальше...

УКМК: "Айчүрөк" дүкөнүндө барымтага алуу жөнүндө маалымат жалган

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда адам барымтага алынды деген маалымат калп болуп чыккан. "Ушул тапта УКМКнын кызматкерлери милиция менен чогуу бул маалыматты жиберген жаранды аныктоо аракетин көрүшүүдө. Атайын кызматтарды жалган маалымат менен чакыруу административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылат",- деп жазылган маалыматта. Бүгүн, 9-августта саат 16:10 чамасында борбордук "Айчүрөк"... Читать дальше...

Раев: Мамлекет үчүн көз караштардын конфликти өтө кооптуу

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев менен 30 жыл мурун эгемендикке ээ болгон Борбор Азия өлкөлөрүндөгү карым-катнаш, маданий алакалар, Кыргызстандын дүйнөдөгү орду жана азыркы абалы тууралуу маектештик.

Милиция "Айчүрөк" дүкөнүн курчоо себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) тараткан маалыматка ылайык, бүгүн, 9-августта саат 16:10 чамасында борбордук "Айчүрөк" дүкөнүндө колунда баштыгы бар кара кийимчен шектүү аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Дүкөнгө оперативдүү-тергөө тобу, милиция кызматкерлери, кайгуул-күзөт кызматынын экипажы жана Бишкек ШИИБ менен Свердлов РИИБнин жетекчилик курамы барган. Милициядан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери да иштеп жатканы кабарланды. Читать дальше...

Кыргызстан АКШдан бир катар тармактар үчүн жардам сурады

Azattyk.org 

Кыргызстан бир катар системалык реформаларды жүргүзүү үчүн АКШдан колдоо күтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчиси Бакытбек Аманбаев Мамлекеттик департаменттин Европа жана Евразия бюросунун аталган аймактарга колдоо көрсөтүү боюнча координатору Жим Куликовски менен жолугушууда айтканын Тышкы иштер министрлиги 9-августта билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Аманбаев Кыргызстан мамлекеттик башкаруу, экономика, сот системасы, энергетика жана билим берүү тармактарында реформа жүргүзүүгө белсенип жатканын айткан. Читать дальше...

Каныкей Кубанычбекова: мени урушкандардын баарына ыраазымын!

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Токио Олимпиадасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан спортчу Каныкей Кубанычбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине келип Олимпиададагы сезимдери, спорттогу таржымалы туурасында маек куруп кеткен.

"Айчүрөк" соода борборун милиция курчоого алды

Azattyk.org 

Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун имараты 9-августта кечки саат беш чамасында милициянын курчоосуна алынды. Борбордун ичиндеги адамдар эвакуацияланып, жанына эч кимди жолотпой жатышат. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы саат 16:10до милицияга аталган дүкөндө кара кийинген, колуна баштык кармаган, шектүүдөй көрүнгөн аял жүргөнү тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди. Тийиштүү кызматкерлер дароо ошол жерге барышкан жана адамдар коопсуздугу үчүн сыртка чыгарылган. "Учурда ар жерде Улуттук... Читать дальше...

Новости России
Москва

Состоялась премьера песни Гульдарии Юсуповой


Сауд Арабия коронавирустан каза тапкан медиктердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөй баштады

Azattyk.org 

Сауд Арабияда коронавирус пандемиясы менен күрөшүп жатып, илдет жугузуп, анын айынан көз жумган дарыгерлердин, медайымдардын жана башка медкызматкерлердин ар биринин үй-бүлөсүнө жарым млн. риал же 133 миң АКШ доллары өлчөмүндө кенемте төлөп баштады. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазды. Каражат падышалык казынадан берилет. Көз жумган медиктер жеке клиникада же мамлекеттик оооруканада, жарандык же аскердик госпиталда иштегенине карабастан, алардын үй-бүлөлөрү кенемте алууга укугу бар. Читать дальше...

Кербенде төртүнчү жолу мэр шайланган жок

Azattyk.org 

7-августта Кербен шаардык кеңеши төртүнчү жолу мэр шайлоого чогула алган жок. Шаардык кеңештеги 31 депутаттын он беши келип, кворум болбогондуктан шайлоо өтпөй калды. Андыктан Кербен шаардык кеңеши таркатылары жана октябрда болжолдонуп жаткан парламенттик шайлоо менен кошо кайрадан шайлоо өтөрү айтылууда.

Якутияда 13 конуш өрт коркунучуна кабылды

Azattyk.org 

Якутиядагы токойлордогу өрт улам токтобой тутанып жатат. Республиканын аймагындагы алты райондун 13 калктуу конушу коркунуч жараткан кооптуу тилкелерде кала берүүдө. Бул тууралуу Якутиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жакында Баяс-Көл айылында токойлордогу жайылган өрттөн 31 үй толугу өрттөнүп кетти. Бул аймакта ушул күнгө чейин өчүрүлбөгөн 155 өрттүн очогу бар. Бир күндө 11 өрттүн очогу өчүрүлүп, тогузу чектелип, дагы жети жерден жаңы өрт чыкканы катталганы расмий кабарларда айтылды. Читать дальше...

Кара-Суу районунда социалдык шаарча курулуп баштады

Azattyk.org 

7-августта Кара-Суу районунун Эшме айылында Кувейт өлкөсүнүн “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып жаткан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу "Азаттыкка" билдирди. "Социалдык шаарчада көп балалуу жалгыз бой 152 эне жашайт. Анда 4 батирлүү 25 үй, ФАП, тигүү цехи, дүкөн, футбол аянтчасы, наабайкана жана мечит салынат. Курулуштун баасы 197 млн. 705 миң сомду түзүүдө. Аталган... Читать дальше...

Economist.kg: Мамлекеттик карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) жылдын ортосуна карата 416 миллиард сомдон (4 миллиард 921 миллион доллар) ашканын 9-августта Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына таянып Economist.kg басылмасы жазды. Бул сумманын 85% тышкы, ал эми 15% ички карызга туура келери, жыл башынан бери жалпы сумма 7 миллион долларга кыскарганы маалымдалды. Былтыр өлкөдө мамлекеттик карыз дээрлик 300 миллион долларга өсүп, 5 миллиард долларга чукулдаган. Карыз ички дүң өнүмдүн 68% түзүүдө. Читать дальше...

"Талибан" Ооганстандагы бир нече шаарды ээледи

Azattyk.org 

"Талибан" кыймылы Ооганстандын дагы бир нече шаарын ээлеп алды. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Кундуз шаарынын көп бөлүгү жоочулардын колуна өткөнү кабарланууда. Балх жана Тахар провинцияларында өкмөттүк күчтөр менен талибдердин кармашы уланып жатат.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Лучший теннисист Казахстана сдал позиции в чемпионской гонке ATP






«Евразийский союз показал свою эффективность перед лицом новых вызовов»

Песков: Москва оптимистично смотрит на перспективы отношений с Ереваном

Три цвета: прокуратура оценит «серую» долю детского отдыха

На конференции по онлайн-образованию INSTADIUM в качестве эксперта выступила Настенька Цы