Эгемендиктин балдары: "Мен чех да, кыргыз да эмесмин"
"Эгемендиктин балдары" долбоорунун каарманы Чехияда 18 жылдан бери жашап келген Алишер. Ал өзүнүн ким экендиги жөнүндө ой толгоп, "мен чех эмесмин, бирок кыргызмын деп да айта албайм" дейт. Боконо сөөгү ката элек кезден эмгек миграциясынын ысык-суугуна чыдап келген Алишер жакында эле апасынан айрылып, жан дүйнөсү эңшерилип олтурат. Ага үй-бүлөсү жана эртели кеч Кыргызстанга кайтам деген кыялы дем-күч берет.