Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 29.08.2021

АКШ Кабул аэропортуна бараткан жоочулардын машинесине сокку урду

Azattyk.org 

29-августта америкалык пилотсуз учак Кабулдагы эл аралык аэропортту көздөй “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочуларын салып бараткан машинени бутага алып, сокку урганы белгилүү болду. АКШнын аскер адамдары машине жан кечти террорчуларды салып баратканын ырастап, сокку өз максатына жетти деп санашат. Кошмо Штаттардын Башкы командачылыгынын басма сөз катчысы Билл Урбан машинеге сокку тийгенде, анын ичинен чачыраган заттар толтура жардыруучу материалдар бардыгын көрсөткөнүн билдирди. Урбан «ушул... Читать дальше...

Чылымдын түтүнү кишини тез картайтат

Azattyk.org 

Байыркы адамдын жаңы үлгүсү табылды, ал мындан 7200 жыл мурун жашаган. 1000ден ашуун балага жасалган тажрыйба тамеки түтүнү менен дем алган наристелер тез карышарын аныктады. Кан басымы жогору адамдардын саны акыркы 30 жылда 1,28 миллиардга жетти. “Азаттыкта” илим дүйнөсүндөгү акыркы жаңылыктар.

АКШ Ооганстанда эвакуацияны аяктап, аскерлерин толук чыгарып кетет

Azattyk.org 

29-августта Кошмо Штаттар миңдеген оогандыкты жана чет элдик жаранды эвакуациялаган миссияны жыйынтыктоого киришти. Анын алдында АКШ президенти Жо Байден соңку маалда Кабул аэропортуна террордук чабуу жасоо ыктымалдыгы “жогору экенин” эскерткен. 31-августта америкалык аскер күчтөрү ооган жергесиндеги 20 жылдык миссиясын жыйынтыктайт. Пентагон учурда Кабул аэропортунда 4000ден аз аскер калганын билдирди. Ооганстандан элди эвакуациялоого 5800 америкалык жоокер тартылган. АКШнын көпчүлүк союздаштары... Читать дальше...

Баткен: базардын жанындагы күркөлөр өрттөнүп жатат

Azattyk.org 

Баткен шаардык өрт өчүрүү кызматынан өрт чыккан жерде эки бригада иштеп жатканы анык болду. Азырынча тилсиз жоо чектөөгө алына элек. Социалдык тармактарда Баткендеги борбордук базарга туташ көчөдөгү соода күркөлөрү өрттөнүп жатканы тууралуу тасмалар тарады. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, өрт 29-августта кечке жуук чыккан. Өрттүн себеби жана андан жапа чеккендер тууралуу азырынча маалымат жок.

Партиялар шайлоого катышарын 3-сентябрга чейин билдирүүгө тийиш

Azattyk.org 

Саясий партиялар 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 3-сентябрга чейин билдирүүгө тийиш. БШКнын маалыматына караганда, 29-августта парламенттик шайлоонун календарлык планы бекитилди. Ага ылайык,  3-сентябрда, саат 18:30га чейин партиялар тийиштүү маалымдаманы Боршайкомго жиберүүгө тийиш. Ал эми 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүсү керек. 14-октябрга чейин бир мандаттуу шайлоо округунан катышуучу талапкерлер да өздөрүн көрсөтөт. Читать дальше...

Кабул аэропортуна чукул жердеги үйгө ракета тийди

Azattyk.org 

29-августта Кабулдун эл аралык аэропортуна чукул жердеги калк жашаган райондогу үйгө ракета тийди. Ага чейин эле АКШнын расмий адамдары теракт коркунучу бардыгын эскерткен. Associated Press агенттиги соккудан бир бала көз жумганын кабарлады. Кабул полициясынын башчысы Рашид түштөн кийин шаардын Хувжа Бугра районуна да ракета тийгенин билдирди. Азырынча чабуул үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги "Би-Би-Си" маалымат кызматына үйгө ракета тийгенин ырастады. Социалдык... Читать дальше...

Миңдей оогандык качкын Кулябдын аэропортунда турганы кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстандан качкан миңдей киши Тажикстандын Куляб шаарындагы аэропорттун жанындагы чатыр лагерде үчүнчү өлкөгө өтүп кетүүнү күтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы шаардык администрациядагы өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, соңку эки аптада Кабулдан Куляб шаарына эки миңдей киши учак менен эвакуацияланган. Алардын көбү башка өлкөлөргө чыгарылган. Тажик бийлиги Кулябдын аэропортун Кабулдан эвакуация болгондорду башка өлкөлөргө чыгарып кетүү үчүн пайдаланууга макул болгон. Читать дальше...

"Чек арасыз кабарчылар": маалымат мыйзамы сөз эркиндигине каршы келет

Azattyk.org 

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон "“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды сынга алды. Уюмдун 27-августтагы билдирүүсүндө "Кыргызстандын президенти интернеттеги фейк маалыматтарга каршы күрөш деген негиз менен кол койгон мыйзам цензурага жол ачып берди" деп жазылган. Билдирүүдө  бул мыйзам өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу коркунуч келтирери да белгиленген. "Мыйзамга ылайык, интернетке жарыяланган маалыматтар кайсы бир жарандын... Читать дальше...



Франциянын президенти Ирактын Мосул шаарына барды

Azattyk.org 

Француз президенти Эммануэл Макрон “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мурунку таянычы болгон Ирактын Мосул шаарына барып, өлкөнүн диний жамааттарын согушта талкаланган мамлекетти курууда “чогуу аракеттенүүгө” үндөдү.  29-августта Макрон шаардагы талкаланган чиркөөдө туруп сүйлөгөн сөзүндө Франция “консулдук өкүлчүлүгүн жана мектебин кайра ачарын” айтты.    Мосул – негизинен сунниттер байырлаган шаар. Алардан тышкары ар кыл этностук жана диний топтор да жашайт. 2017-жылы шаар «Ислам мамлекети»... Читать дальше...

АКШ: Роберт Кеннедини өлтүргөн кишиге ырайым берүү сунушталды

Azattyk.org 

Калифорния штатынын Ырайым берүү боюнча комиссиясы 77 жаштагы теги палестиналык жаран Серхан Серханды эркиндикке чыгарууну сунуш кылды. Бул тууралуу  Los Angeles Times гезити жазды. 24 жаштагы Серхан 1968-жылы сенатор Роберт Кеннедини атып өлтүргөнү үчүн өлүм жазасына тартылган. Кийин анын жазасы өмүр бою абакта отурууга алмаштырылган. АКШнын президенти Жон Кеннединин иниси Роберт Кеннеди агасы киши колдуу болгондон кийин беш жылдан соң атып өлтүрүлгөн. Агасы Ак үйдө отурганда Роберт АКШнын башкы прокурору болгон. Читать дальше...

Айбалаев: алдыңкы 30 жылдагы милдетибиз - Баткенди сактап калуу

Azattyk.org 

Баткен облусунун түзүлүшү - эгемендиктеги эң маанилүү кадам болгон. Бирок чек аралар такталбай, Баткен облус катары каржыланбаганы - ошол убактардагы бийлик башында тургандардын негизги кемчилиги. Мындай пикирин облустун алгачкы губернатору Мамат Айбалаев "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 50 миңден ашты

Azattyk.org 

Орусияда быйыл июль айында коронавирус жуктуруп алып, көз жумгандардын саны 50 миңден ашты. Өлкөнүн статистикалык комитети билдиргендей, бул январь айынан бери алганда эң жогорку көрсөткүч болуп саналат. Жыл башында COVID-19дан 37 миңден ашуун киши дүйнө салган. Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова мунун себебин коронавирустун жаңы "дельта" штаммынын жайылып жатканы менен түшүндүрдү. Июнь айынан бери Орусиянын көпчүлүк аймагында жарандардын белгилүү бир тобуна милдеттүү эмдөөдөн өтүү киргизилген. Читать дальше...

Ооганстан: талибдер таанымал элдик ырчыны өлтүрүштү

Azattyk.org 

Ооганстанда «Талибан» тобунун жоочулары таанымал элдик ырчы жана музыкант Вафада Андарабини өлтүргөнү тууралуу  Times Now басылмасы ырчынын уулунун айтканына таянып кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, талибдер Баглан провинциясындагы ырчынын үйүнө 28-августта келишкен. Алар Андарабини үйүнөн алып чыгып атып салышкан. Ырчы ошол жерде жан берген. Буга чейин ал ырларында «Талибан» кыймылын жана анын жактоочуларын сындап ырдаган. Музыка чеберинин өлгөнүн өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри да бышыктады. Читать дальше...

Көкбөрү: финалга чыга турган командалар аныкталды

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдештин финалисттери аныкталды. Көкбөрү федерациясынын маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында 28-августта биринчи, жогорку жана эл аралык лигада жарым финалдык оюндар болуп өттү. Анын жыйынтыгында биринчи лигада Оштун “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командалары, жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы, эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын... Читать дальше...

Жапония Курил аралынан сүзүп барган орус жаранына баш калка бербейт

Azattyk.org 

Жапон бийлиги орусиялык жаран кармалганын Москвага расмий билдирди. Өткөн аптада орус атуулу баш калка суроо үчүн Курил аралынан Хоккайдого чейин сүзүп өткөн. Бул тууралуу Саппоро шаарындагы Орусиянын башкы консулдугу билдиргенин орус маалымат агенттиктери кабарлады. Жапон бийлиги орусиялыкты чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн айыптап, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Орусиялык жаран Кунаширден Хоккайдого чейин 25 чакырым сүзүп өткөнү маалым болду. Hokkaido гезити жапон бийлиги орусиялык... Читать дальше...

Дашков камакка кайтты, абак жетекчилери кызматтан четтеди

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын экс-директору Василий Дашков ооруканадан кайра атайын кызматтын тергөө кызматынын абагына которулду. Ага байланыштуу тергөө абагынын жетекчиси менен анын орун басары жана айрым кызматкерлер кызматтан четтетилди. Мунун алдында социалдык тармактарда Дашков менчик клиниканын короосунда бейтааныш адам менен колунда кишени жок, кайтаруусуз отурганы тартылган тасма тараган эле. Василий Дашков мекеменин тергөө абагына кайтарылганын Улуттук коопсуздук комитети 28-августта билдирди. Читать дальше...

Франция эвакуацияланган оогандыктарга медициналык камсыздандырууну кезексиз берет

Azattyk.org 

Франциянын бийлиги Ооганстанда француз мекемелери менен кызматташып жүрүп, эвакуацияланып келген ооган жарандарына медициналык камсыздандырууну кезексиз берүүнү чечти. Бул тууралуу "Журналь дю диманш" басылмасы жекшембиде кабарлады. Маалыматка караганда, Франциянын саламаттык сактоо министри Оливье Верандын чечими Улуттук медициналык камсыздандыруу фондунун башчысына жиберилген. Маалыматта ошондой эле Франциядан башпаанек сураган адамдарга бул документ үч айдан кийин берилип келгени тууралуу да айтылат. Читать дальше...

Аба-ырайы: өрөөндөрдө күн ачык болот

Azattyk.org 

30-августта Кыргызстандын тоолуу аймактарында, тоо этектеринде жаан жаайт. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24; Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25 градуска чейин жогорулайт. Бишкек шаарында  өткүн өтөт. Абанын табы түнкүсүн 19…21°, күндүзү 30…32 градус ысык болот.

Новости России
Москва

Состоялась премьера песни Гульдарии Юсуповой


Президент Таласта Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган салтанатка катышат

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барат. Бүгүн кечинде "Манас Ордо" улуттук комплексинде өтүүчү Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чарага катышат. "Урааным Манас!" деп аталган маданий иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, ошондой эле социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда түз алып көрсөтүлөт. Кыргызстандын Эгемендик майрамы 31-августта белгиленет. Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган чоң салтанат ал... Читать дальше...

"Тарыхты коомго таанытса, улуттук трагедиялар кайталанбайт"

Azattyk.org 

1920-1953-жылдар аралыгында сталиндик репрессияга кабылган 20 миң кыргызстандыктын ичинде 50дөн ашык улуттун өкүлдөрү, мектеп окуучулары, студенттер, мугалимдер, дин кызматкерлери болгон. “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920-1953)” аттуу он томдук китептин автору, Коопсуздук кызматынын ардагери, окумуштуу Болот Абдрахманов эгемендиктин отуз жылдыгына карата “Азаттыкка” маек курду.

АКШ, Британия жана башка өлкөлөр Кабулдан күчтөрдү чыгарууну улантууда

Azattyk.org 

АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандагы аскерлери 4 миңге чейин азайганын билдирди. Жалпысынан акыркы жумаларда АКШ жана анын өнөктөштөрү 117 миңден ашуун адамды, алардын ичинде ооганстандык качкындарды да алып чыгып кетишти. Талибдердин шарты боюнча чет өлкөлүк аскерлер Ооганстандан 31-августка чейин чыгып кетүүгө тийиш. Британия 28-августта акыркы аскерин алып чыгып кеткенин Кабулдагы британ элчилиги маалымдады. Элчи Лори Бристоунун маалыматына караганда, акыркы эки жумада британ аскерлери Ооганстандан 15 миң чамалуу адамды алып кетти. Читать дальше...

Бишкектин алгачкы гүл багы - Эркиндик

Azattyk.org 

Бишкектин так ортосунда жайгашкан Эркиндик бульвары шаар пайда болгондо негизделген. Тагыраагы, 1898-жылы жаңы гана шаар наамын алган Пишпектин (азыркы Бишкек) тургундарынын демилгеси менен Эмен багы (Дубовый парк) отургузулган. 1902-жылы токой күнүнө карата атайын бакча негизделген. Биз сүйгөн Эркиндик бульварынын тарыхы дал ушул бакчадан башталат. Андан бери бульвардын аты бир нече жолу өзгөртүлдү. Советтер Союзу учурунда алгач Комсомол көчөсү деп аталса, кийинчерээк революционер Дзержинскийдин ысымы берилген. Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши жергиликтүү бийликтеги коррупцияны аныктоого киришти

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияны аныктоого киришти. Учурда катчылыктын эксперттик тобу Бишкек мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, ошондой эле муниципалдык мүлк башкармалыгынын ишмердигин иликтеп жатат. Жыйынтыгында аталган башкармалыктардын ишиндеги коррупцияны жоюу боюнча план иштелип, Бишкек шаардык мэриясына жөнөтүлөт. Президенттин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, ушундай эле... Читать дальше...

Үч милиция кызматкери кесиптешинин ок атканын жашырган деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

27-августта милиция кызматкери айдоочуну аткан окуяга байланыштуу Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын (ШККБ) рота командиринин орун басары жана эки кенже инспектор кармалды. Үчөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Мекеменин басма сөз кызматы булар өзгөчө оор кылмышты жашырып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип жатканын кабарлады. 27-августтун кечинде Бишкек шаардык кайгуул-күзөт башкармалыгынын... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






СМИ: Власти хотят уничтожить Эстонскую Православную церковь

МИД РФ: Россия жестко ответит на последние действия Британии

Начались переговоры Путина с Пашиняном

Университет в Финляндии уволил профессора из-за связей с Россией