Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 21.08.2021

“Мугалимдин маянасы бир айга өп-чап жетет”

Azattyk.org 

Бегай Жунусалиева он жылдан бери Нарын районунун Жан-Булак айылындагы орто мектепте физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Ал кесибин сүйүп, балдарды окутуудан рахат алганын айтканы менен тапкан айлыгы төрт баласын багып, өстүрүүгө өп-чап жетип жаткан убак. Кыргызстанда орточо айлык 19 миң сомдун тегереги. Ал эми мугалимдердин маянасы орточо айлыкка да жетпейт. Башкача айтканда 15 миңдин гана тегерегинде.

Караңгы эл кайгыдан арылбайт

Azattyk.org 

Ооганстанда талибдердин капилет бийликке келиши бүткүл дүйнө элин түпөйүл кылып, катуу тынчсыздандырып жатат. Алардын өкүмзордук бийлиги, динге жамынып жалпы ооган элин оозу-мурду жок кулпендеге айландыргысы келген ашынган репрессиялык-радикал саясаты Ооганстан бир канча доор артка, орто кылымдагы инквизициялык доорго кайтты деп ачык эле айтсак болот. Эми бул өлкөдө адам укугу деген эч качан сакталбайт, динди өз пайдасы үчүн каалагандай бурмалаган бир ууч төбөлдөрдүн гана күнү тууйт. Алар каалаганын жасайт... Читать дальше...

Ооганстандагы түрк аскерлери Тажикстанга эвакуацияланды

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-августта Тажикстанга Түркиянын төрт аскердик  учагы конду. Дүйшөмбүдөн 200 чакырым алыс, түштүк тарапта жайгашкан аба майданына түркиялык аскерлер Ооганстандан эвакуацияланганын "Азаттыкка" өздүк булактар кабарлады. Буга чейин Түркия 500дөй аскери НАТОнун тынчтык миссиясы менен Ооганстанда кызмат өтөп жатканын билдирген. Тажикстанга канча аскери келгени такталган эмес. Ушул эле күнү Өзбекстанга Ооганстандан 400дөй качкын барганын Орусиянын ТАСС агенттиги маалымдады. Ооганстандыктар чек арадан кантип өткөнү белгисиз. Читать дальше...

Дүйнө чемпионатында эки алтын уткан Нурсултан: агайым жок өзүмдү өзүм машыктырдым

Sputnik Кыргызстан (sport) 

17 жаштагы Нурсултан Куштарбек уулу агайы жоктугуна байланыштуу жарым жылдан бери өз алдынча машыккан. Ошого карабай грэпплинг боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында эки алтын медаль утуп алды. Мелдештер 13-14-август күндөрү Башкыртстандын Уфа шаарында өткөн.



Жол кырсыктары бир күндө беш кишинин өмүрүн алды

Azattyk.org 

20-августта Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 50-чакырымында (Ивановка) айылында катталган жол кырсыгынан жабыркаган үч адамдын бирөө бүгүн каза болду. Буга чейин бул окуядан үч киши көз жумганы кабарланган эле. Азыркы тапта эки адам алган жарааттардан улам ооруканада дарыланууда. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн.  Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ушул эле күнү баш калаа Бишкекте да жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Читать дальше...

Оор дарт менен кыймылдап күрөшкөн жигит

Azattyk.org 

Британиянын 27 жаштагы атуулу Люк Гренфелл-Шоу 4-стадиядагы онкологиялык диагнозуна карабай "Бристолдон-Бээжинге" деген вело жүрүштү баштаганына бир жылдан ашты.

Ондон ашык мамлекет ооган качкындарына транзит болууга даяр экенин билдиришти

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтондо 20-августта Конгрессте сүйлөп жатып, дүйнөдөгү 12 өлкө Ооганстандан качкандарга транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" тажик кызматы жазып чыкты. Блинкендин айтымында, Бахрейн, Улуу Британия, Дания, Германия, Италия, Казакстан, Кувейт, Катар, Тажикстан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары  жана Өзбекстан качкындарга транзит берүүгө макул болгон. Албания, Канада, Колумбия, Коста-Рика, Чили, Косово, Түндүк Македония... Читать дальше...

Ташкент: ооганстандык качкын келин көз жарды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул өлкө аркылуу эвакуацияланып бара жаткан ооганстандык качкын келин Ташкентте көз жарганын кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды. "22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг  840 грамм. Азыркы тапта жаш эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген министрлик. Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкент аэропортунан эки миңге чукул ооганстандык качкын эвакуацияланганын кабарлаган. Читать дальше...

Үч шаардын мэрлигине талапкерлер расмий катталды

Azattyk.org 

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаар башчылыгына талапкерлигин көрсөткөндөрдү электрондук "Түндүк" системасы менен каттоого алды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 21-августта кабарлады. Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы Министрлер кабинети менен Бишкек шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк сунуштаган Айбек Жунушалиев, Ош шаарына "Аманат" коалициясы сунуштаган Алмаз Мамбеталиев, Токмок шаар башчылыгына жергиликтүү кеңештеги "Бирге", "Патриот ынтымагы"... Читать дальше...

"Талибан" идеологиясынын Кыргызстанга коркунучу

Azattyk.org 

Ооганстандагы окуялардан улам жергиликтүү эксперттер Кыргызстандагы диний радикал топтордун коркунучу жөнүндө эскертип жатышат. Ооганстандагы окуялардын улам өнүгүшү Кыргызстандагы диний чөйрөдө кызуу талкууланып жатат. Серепчилер өлкөдө тыюу салынган "Талибан" кыйымылынын Ооганстанда бийлик орнотууга аракети Кыргызстан эле эмес, Борбор Азияда диний абалга, башкача айтканда радикалдашууга таасир берерин айтып жатышат. "Талибан" идеологиясы эмнеге коркунучтуу?  Юридика илимдеринин кандидаты... Читать дальше...

Эгемендиктин балдары: Диёр Маруфинин үмүтү жана кыялы

Azattyk.org 

Кыргызстан эгемендик алган жылдарда туулуп-өскөн жаңы муун өсүп, жетилди. Алардын алды 30 жашка чыкты. Советтер Союзу деген мамлекетти тарых китептеринен гана окуп, жаш, телчигип келаткан Кыргызстан менен киндиктеш жаштардын катарында Диёр Маруфи да бар. Ал – Ош шаарынын тургуну катары көп улуттуу, колоритке, маданиятка бай чөйрөдө турмушун өткөрүп жаткандардын бири.

Садыр Жапаров: Кумтөрдү элге иштетип, чек ара маселесин чечип жатам

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-августта президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна барды. Ал Каракол шаарындагы аянтта эл менен жолукту. Жолугушууда шайлоо алдында берген убадаларын президенттиктин биринчи мөөнөттө ишке ашырарын айтты. "Силердин ишенимиңерди биринчи мөөнөтүмдө толук актап кеткенге аракет кылам. Менин максатым Кумтөр сыяктуу элдин байлыгы болгон кен байлыктарды элге иштетүү болчу. Аны ишке ашырдым десем жаңылышпаймын. Андан кийин чек ара маселесин чечүү эле, өзбек туугандар менен 99% чечип алдык. Бир гана маселе тажик туугандар менен турат... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызстандын гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй дубанында түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14... Читать дальше...

Новости России
Москва

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».


Умбеталиевдин мандаты Авазбек Абдугапаровго берилди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августта Авазбек Абдугапаровго Жогорку Кеңештин депутаттык мандаты берилгенин кабарлады. Ал сентябрда ант берет. Ал "Республика-Ата Журт" фрациясынан депутат Умбеталы Кыдыралиевдин ордуна келди. Кыдыралиев өткөн аптада "Кыргызалтын" мамлекеттик акционердик мекемесине жетекчи болуп дайындалган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мандатын тапшырган депутаттын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын мөөнөтү 2020-жылы бүтмөк. Читать дальше...

Өзбекстан аркылуу 2 миңдей чет элдик Ооганстандан эвакуацияланды

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан качкан эки миңдей адам башка өлкөлөргө эвакуация болгонун кабарлады. Азыркы тапта Өзбекстан Германия, Орусия, АКШ, Швейцария, Австрия, Дания, Польша, Венгрия, Словакия жана Казакстан менен аба майдандарды жана асман коридорлорун орток колдонуп, качкындарды ташуу боюнча кызматташып жатат. "Чет элдик өнөктөштөр менен Ооганстандын атуулдарын Өзбекстандан транзиттик жол менен алдын ала макулдашылган өлкөлөргө жиберебиз", - деп билдирди өзбек ТИМи. Читать дальше...

Түркия жана Грекия чек араларын бекемдөөгө киришти

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Грекиянын өкмөт башчысы Кириакос Мицотакис менен 20-августта телефондон Ооганстандагы акыркы абал тууралуу сүйлөштү. Эки өлкөнүн лидерлери Ооганстанда курчуган кырдаалдан улам Европага бет алган качкындар Грекия менен Түркияга да жетиши мүмкүн экенин талкуулашты. Мицотакис талибдердин баскынчылыгынан качкандарды Ооганстанга жакын жайгашкан коңшу өлкөлөр кабыл алып, "болушунча мекенине жакын кармап турушу керек" деген көз карашын айтты. Ал эми Эрдоган... Читать дальше...

Германия Кыргызстанга COVID-19га каршы 110 миң доза вакцина берет

Azattyk.org 

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 20-августта Германиянын Кыргызстанга жаңы дайындалган атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Габриэла Геллил менен жолукту. Элчи министрге ишеним грамотасын тапшырып, дүйнөлүк COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга Германиядан 110 миң доза коронавируска каршы вакцина берүү чечими кабыл алынганын кабарлады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. Мындан тышкары эки тарап кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулап, Бишкекте ачылышы пландалган француз-герман маданият институту тууралуу сүйлөштү. Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан үч адам каза болду

Azattyk.org 

Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 50-чакырымындагы Ивановка айылында 20-августта жол кырсыгы катталып, үч киши каза болду. Алардын бирөө бир жаштагы наристе экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмосун сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала) дароо каза болуп, 3 адам жарадар болду. 2021-жылдын жети айында Кыргызстанда төрт миңге чукул жол кырсыгы катталып, 400дөй адам көз жумду. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






Премьер Армении обсудит с Путиным вопросы безопасности в закрытом режиме

График поездов на МЦД-4, Киевском и Горьковском направлениях изменится 11 мая

В Тамбовской и Липецкой областях ввели режим ЧС в сельском хозяйстве

Путин проводит переговоры с Пашиняном